Белгилүү драматург Жеңишгүл Өзүбекованын жолдошу Ташбоо Жумагулов каза болду

Белгилүү драматург Жеңишгүл Өзүбекованын жолдошу Ташбоо Жумагулов каза болду

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мурдагы жетекчиси, Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Ташбоо Жумагулов көз жумду. Бул тууралуу белгилүү тамада Эшенкул Барпиев «Фейсбуктагы» өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Буга чейин маркумдун өмүрлүк жары, белгилүү драматург Жеңишгүл Өзүбекова жолдошунун ооруп, Москвада дарыланып жүргөнү тууралуу социалдык тармакка жазды эле. Ташбоо агабыздын курсташтары 16-январда 70 жылдыгы менен куттуктап, каалоо-тилектерин «Фейсбукка» жазышты эле…

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркум Ташбоо Жумагуловдун өмүрлүк жары Жеңишгүл Өзүбековага, балдарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.