Ибраим НУРАКУН уулу: «Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжа районунда 200 тонна ун, 20 тонна суюк май таратты”

Ибраим НУРАКУН уулу: «Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжа районунда 200 тонна ун, 20 тонна суюк май таратты”

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу журналисттердин эки суроосуна жооп берди. Аны толугу менен төмөндөн окуй аласыздар!

“Урматтуу кесиптештер, кечээтен бери айрымдарыңыздар бир, эки маселе боюнча маалыматтарды тактап беришимди өтүнүп кайрылдыңыздар.

Биринчи суроо: — Жогорку Кеңеш чыны менен эле апрель айында 2 миллион сом ашыкча чыгымдайт бекен?  

-Финансы министрлиги чыгымдардын планын жарыялаганда жалпы сумманы болжолдоп берет. Иш жүзүнө келгенде, Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымдары болжолу менен 7 миллион сомго аз болушу күтүлүп жатат. Себеби, карантинге байланыштуу бул айда көптөгөн иш-чараларыбыз болбой калды.

Экинчи суроо: Жогорку Кеңештин депутаттары элге жардам берип жатабы?

— Ооба. Колунан келгендери материалдык жардамдарды көрсөтүүдө. Коронавируска каршы күрөшүү фондуна да үй-бүлөлөрүнүн атынан акча которгондор бар. Макул болгондорун Басма сөз кызматы kenesh.kg сайты аркылуу берген жардамдары тууралуу маалыматтарды жарыялап жатат. Президент айтмакчы, ыйлабай эле, ырдабай эле, реклама кылбай эле өз регионуна, муктаж адамдарга кайырымдуулук кылган ондогон депутаттардын тизмеси бизде бар. Сөзүм куру болбош үчүн Жогорку Кеңештин үч төрагасы кылып жаткан иштер тууралуу эле кыска маалымат бере кетейин. Учурдагы төрага Дастанбек Жумабеков 150 тонна ун, 20 миң медициналык маска, бир тонна антисептикалык каражат таратты. Эки айлык эмгек акысын фондго которду. Мурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков Нарында 850 үй-бүлө, Ысык-Көлдө 40, Чүй областы боюнча 40 үй-бүлөгө ун, макарон, суюк май таратты, алдыда дагы 1000 үй-бүлөгө жардам берүү жагын пландап жатат. Дагы бир мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжа районунда 200 тонна ун, 20 тонна суюк май таратты. Тагыраак айтканда, 4000 үй-бүлөгө бир каптан ун, 5 литрден суюк май таратты. Мындан сырткары коронавируска каршы күрөш фондуна 1 миллион сом которду. Жардамдарды фракция лидерлери дагы берип жатат. 120 депутаттын ичинен колунан келгени унчукпай эле жардам берип атат, келбегени кур дегенде бир айлык маянасын которду. Эсиңиздерде болсо, өткөн ай соңунда 4 миллион сомго жакын маяна фондго которулган. Дагы кандай маалымат керек болсо, Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматына кайрылыңыздар. Азыр ар түрдүү ушак айыңдардын, кайым айтышуулардын, маалыматтык манипуляциялардын маалы эмес. Келиңиздер, COVID-19 тумоосуна байланыштуу кыйынчылыктарды ынтымак менен жеңели!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.