Кыргызстанга кайтып келип, госпиталда дарыланып жаткан Курманкуловго грамота тапшырылды. Анткени…

Кыргызстанга кайтып келип, госпиталда дарыланып жаткан Курманкуловго грамота тапшырылды. Анткени…

6-апрелде Москвадан Кыргызстанга учуп келип, учурда Бишкектеги ИИМдин госпиталында дарыланып жаткан Чүй облустук милициясынын жетекчиси, төрт баланын атасы Самат Курманкуловдун бүгүн туулган күнү. 43 жашка толгон полковникти госпиталдын эмгек жамааты ИИМдин жетекчисинин, милициялардын атынан куттуктап, грамота, гүл тапшырышты.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайындагы үйүнөн аны кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, бир топ адам жаракат алып, полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, каза болгон. Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, эки жолу операция болгон. Ал Москвага дарыланганы кеткен.  Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы С.Курманкулов өз алдынча басып, сүйлөп калганын маалымдаган.

Ал эми ИИМ министри Кашкар Жунушалиев былтыр, ноябрда президенттин «Эрдик» медалын Курманкуловго тапшырган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.