Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаал жана абал режимин узартууну президентке сунуштады. А сиз узартууга макулсузбу?

Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаал жана абал режимин узартууну президентке сунуштады. А сиз узартууга макулсузбу?

Бүгүн, 13-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков биринчи вице-премьер-министр, Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Кубатбек Боронов президентке учурда көрүлүп жаткан ыкчам чаралар жана кыска мөөнөттүү иш-аракеттер планы жөнүндө толук маалымат берген соң, азыркы кырдаал, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жокко чыгаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланган.

Ошондой эле Кубатбек Боронов оорунун күн санап өсүшүнөн улам дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алуу менен, медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунуштаган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаал жана абал режимин узартууну президентке сунуштады. А сиз узартууга макулсузбу?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.