Кыргызстан Кытайга 1,7 млрд. доллар карыз. Президент карызды төлөө мөөнөтүн узартууну суранды

Кыргызстан Кытайга 1,7 млрд. доллар карыз. Президент карызды төлөө мөөнөтүн узартууну суранды

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-кытай чек арасынан жүк ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппаратка таянуу менен «Азаттык» кабарлады.

Жээнбеков коронавирустун Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин эске алуу менен Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.

Эки өлкөнүн башчылары ошондой эле илдет менен күрөшүү үчүн Кытайдан Кыргызстанга медициналык адистерди жөнөтүү боюнча макулдашты. Маалыматка караганда, Си Цзиньпиң коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстандын аракеттерин колдой турганын белгилеген.

2020-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы, ички) карызы 4 млрд. 616,56 млн. АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 3 874,57 млн. доллары тышкы, 741,99 млн. АКШ доллары ички карыз.

Сырттан алынган карыздын эң көбү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына («Эксимбанк») туура келет. 2019-жылдын октябрь айына карата Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкына» 1,7 млрд. доллар карыз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.