Жылдыз МУСАБЕКОВА: “Ат-Башы ооруканага рентген-аппараты, тез жардам унаасы жана башка медициналык каражаттар керек!”

Жылдыз МУСАБЕКОВА: “Ат-Башы ооруканага рентген-аппараты, тез жардам унаасы жана башка медициналык каражаттар керек!”

Бүгүн, 15-апрелде сессияда “КРнын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” жарлыгын бекитип, тиешелүү токтом кабыл алынып, талкуу жүрдү.

Талкуу учурунда депутат Жылдыз Мусабекова Өкмөттү Ат-Башы райондук ооруканасына материалдык-техника, дарыгерлер жетишпей жатканын баса белгилеп, ага көңүл буруу керектигин айтты. Ал: “Оорукананын абалы канаттандырарлык гана, дарыгерлер да жетишсиз, иштегендегендердин көпчүлүгү 60 жаштан жогоркулар. Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ооруканага рентген-аппараты, тез жардам унаасы жана башка медициналык каражаттар керек. 1984-жылы курулган Ат-Башы районундагы ооруларды алдын-алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун абалына көңүл буруңуздар!”, – деди Жылдыз Мусабекова.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.