Гүлгаакы ЖУНУШАЛИЕВА: “Эрнис студент кезде эле гений болчу… Конфуцийди мыкты которгон”

Гүлгаакы ЖУНУШАЛИЕВА: “Эрнис студент кезде эле гений болчу… Конфуцийди мыкты которгон”

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: “Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, мыкты котормочу, акын, журналист, философ Эрнис АСЕК уулун эмгеги менен эстеген кишилер оголе көп экен. Арабызда жоктугуна бүгүн 2 ай 18 күн болду. Көзү өткөндөн бери өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилүүдө…

Эскерүүлөр алгач өзү “Алакан” деп атаган сайтыбызга жарыяланып, кийин китептен орун алат.

Буга чейин маркумду жубайы Назира Саалиева, агасы Уланбек Сатаралиев, калемдеши Жыргалбек Касаболотов, кесиптеш иниси Азамат Кыязов, досу Жеңиш Эдигеев эскерген. Бу жолу курсташы Гүлгаакы Жунушалиева эскерет.

Сүрөттө: Үстүңкү катардагы клетка көйнөк кийген Эрнис Асек уулу группалаш, курсташтары менен. 1989-90-жылдар.

Мезгил токтобой, убакыт учкан куштай өтүп жатат. Кечээ эле мектепти бүтүп, окууга тапшырганы келген 17-18 жаштагы улан-кыздар элек. Тез эле арадан 31 жыл өтүп кетти.

1989-жылы Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу КМУнун филология факультетине “Кыргыз тили орус мектептерине” деген адистикке абитуриенттерди кабыл алуу жүрдү. Жайдын ысыгында бир ай аралыкта төрт предметтен сынак тапшырдык. Акыркы экзамендин жыйынтыгын билүү үчүн лабораториялык корпустун капталындагы тизмелерди карап жүрөм. Фамилиямды таба албай койдум. Ичимен өтпөй калган турбаймынбы деп, эмне кыларымды билбей нес болуп турдум. Корпустун алды жагынан жапалдаш бойлуу, арыкчырай, ак көйнөкчөн жигит келди. Ал да тизмеден өзүн таппады. Менин жаныма басып келип: “Тизмеде жок экем, өтпөй калган окшойм”,- деди. Унчуга албай карап калдым.

— Сен кайсы факультетке тапшырдың эле?

— Кыргыз филологиясына.

— Тизмеде бар бекенсиң?

— Жок.

— Мен дагы, анда документтерди алып кетели, барасыңбы?

— Барам.

— Менин атым Эрнис! Сен ким болосуң? Кайдан келдиң? Кимдин кызысың? — деди тамашалай.

— Гүлгаакымын, — деп күлдүм.

Экөөбүз ээрчишип алып факультетке бардык. Тааныганыбыз бир мугалим болуп чыкты. Ал мугалим биздин мектепке барып, мыйзамга ылайык жаңы бөлүм ачылган жатат, силер “биринчи карлыгачтар” болосуңар деп үгүттөө иштерин жүргүзүп кеткендигинен таанып калгам. Агай кайда отурарын болочок курсташым билет экен. Шылкыйып, өтпөй калыптырбыз деди.

— Кандайча, силерден сынак алганда, жакшы жооп бербедиңер беле?

— Тизмеде жок экенбиз…

— (Агай каткырып күлүп) Анда өткөн турбайсынарбы. Куттуктайм!

Ошентип, болочок курсташым, группалашым, жакшы санаалашыбыз менен таанышып, бирге окуп калдык. Биздин ортобузда пикирлеш, санаалаш, таза достук мамиле болду.

Биздин студенттик күндөрүбүзгө айыл чарба жумуштарынан башталды. Алгач айылдан келген жаштар ачыла бербей, жазганып, шаар жеринде өскөндөрдөн айырмаланып турар элек. Айыл чарба жумуштары бири-бирибизди жакындан тааныганга чоң мүмкүнчүлүк болду. Көпчүлүктүн арасынан айырмаланган курсташтарыбыздын бири – Эрнис эле.

Эрнис буга чейин Ригадагы адабият институтунда окуп келиптир. Орус тилин эң жакшы билет, дүйнө чабыты кеңири, биз атын укпаган акын-жазуучуларды айтат, ыр жазат, кичинекей башына ааламды сиңирип алгандай. Студенттердин арасындагы гений эле болуп калды. Өзүнүн тегерегинде акылы, деңгээли, ой мүдөөсү бийик жолдоштору менен бирге жүрдү. Анын бири — Жыргалбек Касаболотов. Мен эмнегедир Жыргалбек да Ригада окуп келген экен деп ойлоптурмун. Аны жакында эле уктум, Эрниске жубайы Назира куран окуткан жерде Жыргалбек өзү айтып калды. “Эрнис бизге чейин эле Ригада окуп, көп нерседен кабардар экен” деп…

Сүрөттө: Эрнис Асек уулу группалаш, курсташтары менен. Сол жактан биринчи катарда. 1989-1990-жылдар.

Студенттик күндөр жаштыктын эң таттуу күндөрү болду. Күндөр күнгө, айлар айга, жылдар жылга алмашып 5 жыл бирге окудук. Фильфакка жигиттер азыраак тапшырат, биздин группабызда эң көбү, алардын саны алтоо. Баары шаар жеринде чоңойгон балдар: Азамат, Таалай, Талант, Мирлан, Эрнис, Өмүрбек. Группабыз котормочулар тайпасы болуп, Кубан Мамбеталиев жетектеди. Арабызда Людмила деген орус кызыбыз бар. Кыргызчаны суудай билет. Сабактар кыйын да, кызыктуу да өтүп жатты. Курсту бүтүрүп жатканда курстук иш жазышыбыз керек. Мурда жазып көрбөгөндүктөн көбүбүз билбейбиз. Анан эле, Эрнис бир кызга жазганга багыт берип, кандай жазышты көрсөтүптүр деп калышты. Группадагы көпчүлүгүбүз Эрниске кайрылып калдык. Ал эч бирибизге макул болбой койгон жок. Курстук ишти, кийин дипломду Эрнис үйрөткөндөй жаздык. Студенттик билим сессияда бааланат эмеспи. Сессия учурунда эртең экзамен деген күнү жатакананын бир бөлмөсүнө чогулуп алып группалаштар даярданабыз. Грамматика боюнча башкалардан тыңдап укканы менен, философия, политология, психология, орус адабияты, улуттар адабияты, дүйнөлүк жазуучулар ж. б. бизге лекция окуп, билгендерин аянбайт. Ошентип, ынтымактуу даярданып, эртеси пешенебизге жазган бааларыбызды алабыз.

Окууну бүткөндөн кийин да Эрнис менен үй-бүлөлүк достук мамиледе жүрдүк. Жолдошум Руслан экөө чыгармачылык жөнүндө сүйлөшсө убакыт жетпей калчу. Тагдыр бизди канча калчаса да, бири-бирибизге болгон достук мамилебиз, сыйыбыз, урматыбыз бар эле..

2013-жылы, күзүндө “Баягы Асаба” чыгыптыр” деп угуп калып кубандык. Гезитти алып окудук. Илгерки эле “Асаба”, Эрнистин стили, мыкты редакторлугу байкалат. Анын кыска, нуска, курч, мурч жазгандарын окуп кубандык. Орусиянын Томск шаарында окуп жаткан тун кызыбыз жайкы каникулга келгенде жолдошум экөөбүз аны ээрчитип алып “Асабанын” редакциясына куттуктап бардык. Кубанган Эрнис менен Назира үчөөбүздү кафеге чакырышты. Бардык, жакшы отурдук. Ошол жерден Эрнис гезитке ар кайсы мамлекеттен атайын кабарчылар кызыктуу материал жазып жатканын айтып, студент кызыбызга кызмат сунуштап калды. “Гонорар төлөп берем, бирок, сага сала албайм, бул жактан ата-энең алып турат” деп күлдүрдү. Касиет “жаза албайм го” деп тартынды эле, болбой көндүрдү. Ошентип Касиет Русланова «Асабанын» Орусиянын Томск шаарындагы атайын кабарчысы болуп жазып жүрдү…

2016-жылы Кун Фу Зынын (Конфуцийдин) насааттарын Эрнис которгон экен, ал китеп болуп чыгып, бет ачаары президентке караштуу Башкаруу академиясында өткөн. Ачылыш аземине жолдошум Руслан экөөбүз барып, ал жерден белгилүү тарыхчы, окумуштуулардын Эрнистин мыкты котормочулугун, чеберчилигин баса белгилеп, алкоосун, мактоосун угуп сүйүнгөнбүз. Тарыхчы Тынчтык Чоротегин Эрнис «благородный муж» дегенди “ак ээк” деп которуп, кыргыз тилине жаңы сөз киргизгенин, ал сөз кыргызга сиңип кетээрин айткан. Эрнистин өзүнө сөз кезеги келгенде бул сөздү кайдан алганын түшүндүрүп берген: «Благородный муж», «мудрец» деген түшүнүктөрдү, бала кезимде чоң апам «ак ээк» деген сөздү көп колдончу эле, ошондон улам ушул сөз менен бердим”. Сөзүнүн аягында китепти чыгарайын деген ою болбогонун айтты эле: “Мен китеп кылып чыгарайын деген оюм жок болчу, жубайым Назира менен “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков экөөлөп чыгартып салды” деп. Негизи эле Эрнис тээ студент кезде эле мактанганды, аны мактаганды жактырчу эмес.

Кун Фу Зыны алгандар автордон кол тамга алып жатышты. Биз да кол тамга сурадык. “Ак жүрөгүңдү Акылман жылытсын!” деп жазып, кол коюп (15.11. 2016-жыл) берген. Сөзү да бир башкача курсташымдын кол жазмасы ушундай эмес беле деп эстедим. Кол тамгасы менен бизге эстеликке калган китебин бүгүн да кайрадан окуп чыктым. Бу китепке баш сөз жазган философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшов: “Мыкты кыргызчалаптыр. Эрнис Асек уулунун мээнети акталыптыр, окурман кунт коюп окуй турган эмгек болуптур” деп баса белгилегендей, мактоого татырлык мыкты китеп.

Былтыр (2019-жылы, күзүндө) мага телефон чалып, “Гүлгаакы, сен Улуттук Илимдер Академиясында, илимпоз, окумуштуулардын арасында иштеп жатпайсыңбы. Мага “х” тамгасы тууралуу маалымат берсең, ал кыргыздардыкыбы же жокпу? Бу арип кыргыз тилине кайсы тилден кандайча келип калган? Билгениңди мага да бөлүшсөң ээ. Мен кичинекей бир изилдөө жүргүзүп жаттым эле”,- деп калды. Көрсө, ошол акыркы сүйлөшүү экен. Ошол бойдон үнүн укпай калдым, аттиң. Объективдүү, субъективдүү себептерден улам бири-бирибизге тез-тез жолугууга мүмкүнчүлүк болбоду. Аны билгенде Эрнис менен кеңеше турган, тыңдай турган көп нерселерибизди эртерээк бышыктап албайт белек. Абдан өкүнүчтүү. Бир келди да, амбиция дегенди билбей топук жүрүп, жакшы ачылбай кетти. Болбосо Эрнисте акыл, ой-туюм, кенен билим, жөндөм, бийик адамгерчилик, талант, калыстык баары бар эле. Котормочулук даремети бийик болгондуктан кыргыз суусаган дагы далай котормолорду тартууламак…

Атүгүл эч ким батына албай турган Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романын которуп, анын жарык көрүшүн күтүп жатышканын жубайынан угуп Эрниске баа бердим эле. Тилекке каршы, аны өзү көрбөй кетти. Аттиң дүйнө. Баары Жараткандын жазганындай болот тура. Эч ким билбейт, Качан? Кайдан? Эмне болуп? Кантип? Эмнеден? дүйнөдөн өтөөрүн. Минтип Эрнисти жоктоп, ичибиз күйүп калат деп эч качан ойлогон эмеспиз. Суук кабар көбүбүздү санаага салды, ойлонтту, капалантты.

Кош, биздин гений! Сенин жаркын элесиң түбөлүккө сени тааныгандардын жүрөгүндө сакталат. Сенин барк-бааңды билгендер артыңда калтырып кеткен эмгегиң менен эскеришет. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Булак: alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.