Кыргызстанга Кытайдан 15 дарыгер жакында келет. Вирустун очогу аталган өлкөдө азыр абал кандай?

Кыргызстанга Кытайдан 15 дарыгер жакында келет. Вирустун очогу аталган өлкөдө азыр абал кандай?

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 16-апрелге карата брифингиндеги билдирүүсүнө караганда, коронавирус жуккан дагы 17 адам катталган. Алардын ичинен бешөө Бишкектен, бирөө Ош облусунан, он бири Нарын облусунан. Бир суткада 13 бейтап айыгып чыккан. Ошентип, Кыргызстанда коронавирустун жалпы саны 466га жетти.

Н.Үсөнбаев суроолорго жооп берип жатып, Кытайдан 15 адис келе турганын айтты. Анын айтымында, чет элден келген консультант-дарыгерлердин иштөө шарттарын тактап, даярдык көрүшүүдө.

Кытайлык дарыгерлерден Кыргызстан жардам сураган…

Мындай маалыматты буга чейин вице-премьер Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин комитеттеринин жыйынында (14-апрелде) билдирген. Анын айтымында, кытай тарап кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчүн кабыл алган. Алардын элчиси менен 13-апрелде сүйлөшүү жүргөн. Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Кытайдан 15 дарыгер келет.
Белгилей кетсек, 22 күн мурун Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн кытайлык дарыгерлерден жардам сураган.

Кытайдагы азыркы абал…

COVID-19 илдети алгач Кытайдын Хубэй провинциясынан чыккан. Кытайда жалпы ооругандар — 81 782, өлгөндөр — 3291, айыккандар 74181ди түзгөн. Вирустун очогу аталган мамлекетте коронавирус жуктуруп алгандардын 90 пайызы айыгып чыкканы кабарланган. Азыркы абалы кандай? Кытайдын ММКларынын маалыматына караганда, акыркы суткада Хубэйде жаңы бейтаптар катталган эмес, Кытайда бул илдеттен каза болгондор жок. Алар коронавирусту толугу менен жеңип чыгып, жумуш, жашоо жанданып өз калыбына келе баштаган. Ошентсе да, алар сактанып азырынча өлкөсүнө сырттан киши кийрибей жатышат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.