Шабдан СУЛАЙМАНОВ, акын: “Мен динге каршы эмесмин, мен диний караңгылыкка каршымын”

Шабдан СУЛАЙМАНОВ, акын: “Мен динге каршы эмесмин, мен диний караңгылыкка каршымын”

Акын Шабдан Сулайманов менен интернет аркылуу маектештик. Саясаттан сүйүүгө чейин баарлаштык. Өспүрүм кезинде гезитке чыккан ырларынан ага ашык болгон кыздардан тоголок каттарды алганын, ырын сынаган мугалим сынына сынып ыйлаганын, кызыл жагоо тагынган союз, азыркы учурдагы айыл абалын, Кудайга ишенимин жана Даос досу жөнүндө сүйлөп кызыктуу маек куруп берди. Маектешиме алгачкы эле суроом анын ысымы болду.

— Шабдан мырза, ысымыңыз Шабдан баатыр атынан коюлган жок беле?

— Балким, ушул баатырдын атынан ырым кылганбы, Шабдан деп Бейшенаалы чоң атам койгон экен. Ыраматылык 100гө чукул жашады. “Санжырачы, мыкты киши эле” деп айтышат. Мен бала болуп жакшы билбей калдым.

— Чоң атаңыз санжырачы болсо, акындык өнөр оошуп-жугушкан го дейм?
— Бир үй-бүлөдөн алты бир тууганбыз, бири да ыр жазбайт, адабият чөйрөсүнөн алыс. Ата-энем болсо, мугалим кишилер эле. А мен эки жашымдан чоң ата, чоң апамдын колунда аларды ата, апалап жакшы тарбиясын алып өстүм. Эң бактылуу күндөрүм ушул асыл адамдар менен өттү. Чоң апам макалдатып, жамактатып сүйлөп калчу эле, таасир эпкини ошол жактан болду окшойт дейм.

— Акындык дымак качан байкалды? Алгачкы ырыңыз эсиңиздеби?

— Акындык дымак 6-класста башталган. Эсимдегиси, бир курдай жайкы каникулда тоого алпарып баккан көгүчкөндөрүмдүн канат жайып учуп жүргөнүн карап отурсам, ушул төрт сап өзүнөн өзү эле оюма келди эле.
Көк асманды булут каптап,
Көркөмдөлгөн сүрөттөй.
Көзгө илешпей учуп жүрөт,
Көгүчкөндөр чүрөктөй.
Байкасам, ырга окшошконсуйт. Аздык кылып атат деп алымсынбай:

Тээ алыскы аска зоодо,

Теке, кулжа андан көп.

Тескейинде киши жүргүс,

Белден өскөн калың чөп.

Жайлоодогу ошол күндөр,

Ойдо калды элестеп.

Түркүн гүлдөр терип алып,

Дагы барам белестеп – деп ушул эки куплетти коштум да, үч куплет ырымды “Жайлоодо” деп атап койдум. Кийин алгачкы дымагыма салып башка дагы төрт-беш ыр жаздым.

— Ал ырлар ата-энеңизге жактыбы? Мугалим болушса, сын-пикир айтышкандыр?

— Күзүндө тоодон мектепке окууга деп айылга келдим. Апама жайлоодо жөн жатпай ыр жазып келгенимди айтсам, “Ыр жазат, сынатайын” деп бир мугалимге жетелеп барды. Анысы да жөн сынабай шылдыңдады, күлдү. Көзүмө жаш тегеренип ызамдын келгенин айтпа. Кадимкидей ындыным өчүп сына түштүм, ыйлаган бойдон кабинетинен атып чыктым. Апам да мени сооротуп койбой, кайра тиги мугалимдин айтканын кайталап, “сынга чыдаш керек” деп ызамды кайра күчөткөн. Ошол агайдын сыны эскирбес болуп эсте калган экен, азыр да эстей калганда туталанып кетем. Баласынтып шагымды ушундай сындырган экен, ыр жазгым да келбей калган.

— Анан, качан тарады балалык ал ыза? Көпкө созулган жокпу?
— 7-класста окуп жүргөндө, кичине таланты бар кошуна эжекем “Жайлоодо”, “Мамы-Таш баяны”, “Уй тоскондо”, “Кыргыз оюну” деген төрт ырымды окуп, мактап-жактап, оңдоп-түзөмүш этип «Кыргызстан пионери» гезитине салып жиберди. Ошондон 2-3 ай өткөнсүгөн эле. Бир күнү эле баягы ырларым гезиттин адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы К.Борбугулов агайдын баш сөзү менен «Ак жол, Шабданбек» деген сөздөрдүн коштоосунда бажырайып жарык көрдү. Сүйүнгөнүмдү айтпа. (Күлүп) Кыргызстандын төрт тарабынан кыздар кат жазып, каада күтүп калганымчы. Ыр жазууга эргүүм кайра ошентип жанданган.

Жактырган акындарыңыз бар беле?

— Жактырган акындарым бир топ эле. Байдылда Сарногоев, Сагын Акматбекова, Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов, Омор Султанов, Шайлообек Дүйшеев, Бектуруш Салмагани, Калчоро Көкүлов менен башталып, аягы Нарсулуу Гургубаева деген акын кыз менен токтойт. Булардын ортосунда да мен жактырган аты аталбай калган акындар да бир канча. Убагында акын-жазуучулардын китептерин укмуш окучумун. Азыр убакыт жоктугунан жай отуруп окуй албай жүрөм. Интернеттен гана аңгемелерди, ырларды окуп калып жүрөм.

— Мектепти аяктаганда кайсы кесиптин ээси болдуңуз?

— КМУУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүнө өттүм. 2-курсту бүтүп жатканымда, бизди бөпөлөгөн баягы Союз чоң атабыз кайтып кетип, элдин баары базар менен алек болуп калышты. Аларды туурап мен да соода кылып сабакка барбай койдум. Бир жылдан кийин сырттан окуу бөлүмүнө которулуп окуп бүттүм. Өз кесибим менен деле кыйратып иштеген жокмун. Болгону бир-эки жыл  «Агым» гезитинде Талас районунан өз кабарчы болуп иштедим. Кийин 3 жыл китепканада иштедим. Азыр болсо айылда бирин-экин мал багып, жер иштетип эл катары тирилик кылып жатабыз.

— “Агым” гезитине кандайча келип калдыңыз эле? Бу гезиттин ээси ыраматылык Мелис Эшимканов эмес беле. Жакында эле иниси Эрнис Асек уулу агасынын жашында өтүп кетти. Ишене албай кайгырдык. Сиз бул суук кабарды кимден угуп, кандай абалда болдуңуз?
— “Эрнис Асек уулу каза болду” деген суук кабарды “Фейсбуктан” окудум. Ишенбей, Касаболотов Жыргалбек доско чалсам, ал чын деди. Демим буулуп, көзүмдөн жаш айланып жаман болгом… Ажалга айла жок экен, ошентип, кетип калбадыбы, кайран Даос дос… Даос достон көптү үйрөндүм, көптү билдим. Досум да, окутуучум да болду. Абдан мыкты жигит эле… Дагы канча айта турганы, дагы канча жаза турганы бар эле, айтылбай, жазылбай кетти…Баары көөнүндө, жүрөгүндө кетти… Ошол өксүк болду…

Ал эми “Агымга” келгенимди айтсам, башында «Асаба», кийин «Агым» деп чыккан ал гезит көп жыл Кыргызстандагы номер биринчи гезит болду. Даңазалуу ал  рейтингге ага-ини Мелис, Эрнис Эшимкановдордун тубаса таланты, өзгөчөлүү журналистикалык жөндөмдөрү, окурман табитин таразалай билген көрөгөчтүктөрү себепкер болгонун эч кимибиз тана албайбыз. Мейли макала, мейли ыр болсун, гезитке мыкты жазылганын гана чыгарышчу. Ал жерде тууганчылык, досчулук деген түшүнүк жок болчу… Мени Мелис байке “акын бала” деп койчу. Бир топ ырларымды чыгарды. Кийин өз кабарчы катары макалаларды жазып жүрдүм. Ачык айтсам, айлыкка деле кызыккан жокмун, өзүмдү кара сөз жаатында өстүргүм келди. Мелис байкенин “тилиң жакшы экен” деген сөзү эле мага чоң демөөр болгон эле.
Ал эми Эрнис менен курсташ катары, дос катары абдан жакшы мамиледе жүрдүм. Далай жолу мен анын үйүндө же ал менин үйүмдө конок болгон учурларыбыз көп болду. Быйыл Таласка чакырсамбы деп жүрдүм эле, тилекке каршы, көзү өтүп кетти. Тирүүчүлүктө телефон, интернет аркылуу да эч сүйлөшө албай калдым. Мен жаздым, бирок ал эмнегедир жооп жазбады. Балким колу бошобой жаткандыр, бир күнү жазар деп көп деле элес албадым эле…

— Азыркы жагдайда кантип жатасыз? Коронавирус деген жаман илдет элди үйгө камап, ооругандар саны күндө өсүп, карантин дагы узарып көптү түйшүккө салып жатат, сиздичи?

— Карантиндин узарганы түйшүккө салган көптүн ичинде мен деле бармын. Мейли шаар болсун, мейли айыл болсун, басымдуубуздун карманганыбыз базар, соода-сатык, жер да. Мен маселен, үрөн, урукка деп акча таппай отурам. Мал сатайын десем, мал базары жабык. “Жаздын бир күнү жылга тете” дегендей, сепчүңдү сээп кал, айдачуңду айдап сал деп жаз айы кыстап жатат. Бирок, айла канча? Күзүндө карапайым эл кыйналып калабы деп кооптонуп турам.

Бул көйгөй депутаттарды ойлонттубу, жокпу, айтор, президент жарлыгын колдоп, узартып бекитип беришти. “Эң начар парламент деп тарыхта калышты” деген сөздөр айтылды, кошуласызбы?
— Туура, Кыргызстан тарыхындагы эң начар парламент — учурдагы парламент. Мен муну уялып-кысталбай эле беттерине айтам. Мындай ылдый баш, мындай ээрчиме парламентти 29 жылдык өлкөбүздүн эгемендигинде көргөн эмесмин. Бирок, арасында чындык деп чыркыраган, өз ойлорун коркпой-үркпөй айтып жүргөн депутаттар  жок эмес.

— Кимдер, аттарын атай аласызбы?

—  Атай алам. Садык Шер, Каныбек Иманалиев, Элвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков жана буларга окшогон дагы бирин-экин мыкты депутатыбыз бар. Ошондуктан келерки шайлоодо “тайкем эле, байкем эле, чайын ичтим, этин жедим эле” деп «баягы байдын желдеттерин» кайра шайлап албай, татыктуу тандоо кылсак, мыктыларын шайласак деймин.

— Азыркы кырдаалда депутаттар калк камын эмес, алдыдагы шайлоо камын көрүп жатышат. Мыктыларын шайлайлы деп жатасыз, “сасык” саясаттан чарчаган жоксузбу?  

— Саясат чарчабайм дегенди деле чарчатат. 29 жылдан бери эле, орус саясатчысы Примаков айтмакчы, «хотелось как лучше, но получилось как всегда» болуп келатабыз. Эч өзгөрүү жок. Баягы эле гүлдөгөн коррупция, баягы эле бюрократизм, баягы эле элдин эптеген жашоосу. 29 жылда велосипед тургай, жок дегенде дөңгөлөгүн чыгара турган бир завод кура албай койдук. Башка эмнени айтабыз?! Жашообуз мына жакшырат, ана жакшырат деген үмүттөр канча өчүп-күйдү, көксөөбуз канча сууду, бийликтегилерге ишеним жоголуп, саясатын да, саясатчыларын да көрөйүн деген көз жок азыр. Мурда бир тобунун таламын талашып кызыл чеке болуп кетчү элем, азыр кош көңүл мамиледемин.

“Таластыктар өпкөсүн каккан мактанчаак” дешет, ушундай сапат сизде барбы?

— Эмнегедир, качантан бери ким билсин, айтор таластыктарга өпкө, мактанчаакты  жармаштырып жүрүшөт. Мага өпкөсү деле билинбейт, көрүнбөйт. (Күлүп) Же өзүм да өпкө болгондуктанбы, билбейм, айтор.

Ошондон улам коронавирус сиздерде жокко дейм. Бул эми тамаша. Ушул жаман илдет Талас облусунан гана чыккан жок. Ар кандай жоромолдор айтылды. А сиздин оюңузча кандай?

— Коронавирустун биздин аймактан чыкпаганын кокустук бактысы деп айтсак туура го дейм. Бул бир. Экинчиден, Кудай жалгап таластыктар Пакистан, Индияга даваатка барбаптыр. Үчүнчүдөн, бийлик органдары менен кошо ар бир айылда ыктыярдуу топтор түзүлүп, күнү-түнү тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатышат. (Күлүп) Бул жагынан өпкөбүздү өйдө көтөрүп мактансак жарашат го дейм.

— Шылдыңга көп кабылган спикер Дастан Жумабеков рейтингиңиздерди түшүрүп жатат окшойт ээ?

— Дастан инимдин, “балким өзүм авторумун” деген «акындыгын» да, атка так секирип минген «улакчылыгын» да, бир шаардын атынан эки шаар жараткан «чеберчилигин» да көрдүк. Жаңылбас жаак болбойт дечи, бирок спикер деген жөн эле 120 депутатка баш эмес, ал кызматтын кадыр-баркы парламенттик өлкөдө президенттик кызматтан да жогору турат. Бул жооптуу кызматты 120 депутаттын эң мыктысы, татыктуусу, билимдүүсү, жөн билгиси аркалаш керек эле. Бизде болсо, орой салыштырганда, төрт класс билими менен депутат, алтүгүл төрага болуп жатышат.

— “Түндүк-түштүк балансын сактайлы деген таризде эле спикерди кармап келатышат” деген кептер бар. Жердешчилик маселеси бизде барбы?
— Жөнөкөй мага, сага окшогон карапайым элде андай бөлүнүү байкалбайт. Түндүктүктөр түштүккө, түштүктүктөр түндүккө каттап, соода-сатык кылып, кыз берип, келин алып, куда-сөөк күтүп сопсонун эле ынтымакта. Ушул  бийликтегилер, депутаттар кадр саясатын чечүүдө, жогору жактагы таасирин күчөтүүдө кландык, жердешчилик, уруучулдук деген былыкчылыктарга басым жасашат. Ушул нерсе биздин улуттук абийир, ар-намысыбызды жеп жатат.

Мына мен, шайлоочу катары шайлоолорго 2005-жылдан бери аралашып келатам. Бир эмес, эки революциянын активдүү катышуучусу болдум. Бирок, мен ойлогондой натыйжа болгон жок. Азыр ойлосом, бизде революция болду деген түшүнүктүн өзү туура эместей туюлат. Анткени революциялык бир дагы кадамга бара алган жокпуз; люстрация мыйзамын киргизе албадык; эски жүздөр кой терисин жамынган карышкырга окшоп кайра эле бийлик бутактарында. Жаңыча жашоо курабыз деген эл үмүтү акталбады. Бир өкүнгөнүм, кыргыздын эч күнөөсүз бир топ азаматы бейажал өлүп кетти. Алардын үмүтүн актай албадык.  Мен ошолорду ойлоп кейийм.

— Элдин көбү социалдык тармактарда отурушат, сиз дагы активдүүсүз. Бул хоббиңизби же?

— Интернетте кай бирлердей анчалык деле активдүү эмесмин. Күндүзү көп кол бошобойт. Кечинде бир-эки саат кире калам. Телефондон жазам, көзүм ачышып ооруп кетет. Баягы «кулак укса курсак кайнайт» дегендей, кай бирлерге каяша, кай бир жерге пост жаза калмай жайым бар. Болгону ошол. Көбүнчөсү жаңылыктарды окуйм. Интернет мен үчүн хобби деп эч айта албайм. Тескерисинче, ушундан алыстагым келип жүрөт.

— Пост демекчи, социалдык тармактардан динчилдер менен кайым айтышкандарыңызды окуп калам. Динге каршыдай көрүнөсүз, Кудайга ишенимиңиз канчалык?
— Мен динге каршы эмесмин, мен диний караңгылыкка каршымын. Ааламда бир улуу күч Кудай бар экендигин билем жана ага жүрөгүм менен ишенем. Бирок, бүгүнкү күндөгү ар кандай диний агымдар, аларды ээрчип, сокур ишеним менен фанат болуп башка улуттун ыштан-дамбалын кийип, башка улуттун тилин кыргызга таңуулап, жапжаш туруп саксайтып сакал коюп алып, атасындай кишилерге акыл үйрөткөн чаласабат, караңгы жаш муундардын өсүп келе жаткандыгы мени кейитет. Эгерде, динди илим деп эсептесек, анда илимди атайын адистер, аалымдар түшүндүрүшү керек элге. Тилекке каршы, азыркы диндин абалы мектепти да жөндөп бүтпөгөн, арактан аксап барып араң оңолгон, арабча алты сөздү жаттап алып өзүн «аалым» сезген сабатсыз, сапатсыз даваатчылардын деңгээлине түшүп калды. Аларың болсо, «акыретте сурак арабча жүрөт, улутум Ибрагимхалиллулах дегиле, балдарыңарга арабча ат койгула, мектепти эмне кыласың, андан көрө мечитке келгиле, даваатка чыккыла, сакалың мынча сооп, дамбалың тигинче сооп» деген өтө пас түшүнүктү кулакка куюп, диндин ашмалтайын чыгарып жатышат. Адамдык сапаттын негизги принциптери болгон боорукерлик, кайрымдуулук, кичипейилдик, сылыктык, сыпайылык, урмат, сый, жакшылык, жардам, ызаат, нысап дегендер көз жаздымда калды. «Дин тутуп, намаз окуганың — ыймандуу болгонуң» деген өтө жөнөкөй, өтө караңгы жолду тандап алды көпчүлүк. «Инша», «Маша», «Субахан-дубахан», “Аминь” деген араб сөздөрүн айтпай эле Кудай буюрса, Кудай кааласа деп эле Кудайга кыргызча сыйынсак эмнеге болбосун?! Кудайды жүрөгүм менен тааныйын деп аракеттенген эч жан жок. Бүгүн 5 кишини алдасам 5 күнөө, 2 миң сом пара алсам 2 күнөө, 1 киши менен урушсам 1 күнөө, 5+2+1= 8 — бардыгы 8 күнөө болду. 5 маал намаз окусам 10 сооп тапсам, 10-8 = 2, демек, менин күнөөм жоюлмак тургай дагы 2 сооп менин амал дептериме жазылып калды деген түркөй түшүнүк менен Кудайга сыйынып жатабыз. Араптын “хак”, “халял”, “харам”, “махрүк”, “машфара”, “мастурат”…ж.б. толгон-токой сөздөрүн жаттап алганга, даарат алып кумган көтөргөнгө тимеле өзүбүздү кудай сүйгөн пендедей элестетип алдык. Тазалык жакшы, бирок, ички дүйнөбүздү, жүрөгүбүздү, абийирибизди, ниетибизди, пейилибизди тазалайлы деген аракетибиз көрүнбөйт. Бирөөнү көрө албайбыз, ушактайбыз, арам ойлойбуз, эрегишебиз, алдайбыз, жамандайбыз, калп айтабыз, кара санайбыз, тилдейбиз, сөгөбүз… Анан кайсы арыбызга момунбуз, сонунбуз деп төш кагабыз? Ички дүйнөбүз тазаланмайын, денебизди 5 эмес, 10 маал жуусак дагы пайдасыз экенин качан түшүнөбүз?!
Азыркы биздин Жаратканга болгон ишенимибиз дал ушундай. Кудайга ички туюмубуз менен ишенип, жаман сапаттардан арылып жан-дүйнөбүздү арууламайын артка кеткенибиз кеткен.
Сыртыбызды 6-7-кылымдагы мусулмандардын кебетесине окшоштуруп алып, ыйманга туйтунган түр көрсөтүп, бирөөлөргө акыл үйрөткөндү токтотуп, билимге умтулуп, кыргыздын абалкы акыл көрөңгөсүнө кайрылып, алгач ар кимибиз өзүбүздү руханий жактан тазалашыбыз абзел.

— Айткандарыңызда калети жок, туура. Сөөк коюуну да башка салтка буруп алышты. Ыйлатышпайт, үн чыгартышпайт…
— Сөөк коюунун да өз салты бар. “Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” деген сөз бекеринен эмес. Илгери ата-бабаларыбыз маркумга кошок кошуп, түбөлүк жайына комуз күүсү менен узаткан. Өлүктү 3 күн кармаганы тээ алыстагы тели-теңтуштары, куда-сөөктөрү, жээк-жааттары келип топурак салып, жаназасын чогуу бөлүшсүн дегени. Өлүк чыккан жерге үн чыгарып, өкүрүп баруу эң туура көрүнүш. Бул каадабызды жокко чыгарып салуу болбогон жорук. Ал эми азыркыдай өтө эле ысырапкорчулук кылып дасторконго салаттын түрүн коюп, 2-3 жылкы союп, той сыяктуу өткөрүп жаткандарга, албетте, мен да каршымын. Ар нерсенин ченеми, чеги болушу керек.

— Чектен чыгып кеткен өтө динчил үй-бүлө бар. Кичинекей кыздарына чейин чүмкөнтүп салышты, жаш балдарын сербейген сакал койдуруп, дамбал кийгизип коюшту… Мындай көрүнүш сиздердин айылда кандай?
— Кудай жалгап биздин айылда чүмбөт кийип чүмкөнгөндөр, дамбал кийип далбактап жүргөндөр жок. Мектеп менен мечиттин ортосунда эч кандай талаш-тартыш болбойт. Билимге ар убакта биринчи көңүл бурушат. Мени кубандырганы дал ушул жагдай.

— Айтмакчы, балдардын үйдөн окуганы кандай экен, балдарыңызга мугалим болуп жатасызбы?

— Эки кыз, бир уулум бар. Улуу кызым быйыл мектепти бүтөт. Коронавирус деген кокуйгүн баарыбызды бир айдан бери үйгө камап салды. Балдарым өз алдынча окумуш этип жатышат. Кээде телевизордогу сабакты көрүшөт, кээде турбай уктап калышат. Апасы болбосо, менин аларды окутканга деле колум бошобойт.

Айылда азыр жумуш кычап турган убак. Анын үстүндө апрель айы жылдагыдан бир аз суук, жаанчыл болуп жатат. Айылдыктардын дээрлик бардыгы мал, жер чарбасына көз каранды. Карантин деп малыңды камап сала албайсың, жериңди иштетпей коё албайсың да. Аларды токтотсоң, оокат-тирилигиң токтойт .Мал төлдөп жатат, жер айдатып үрөн себиш керек дегендей, айылдагы малчы, дыйканга карантин деле сезилген жок.

Азыр окуучулар 11 классты бүтүрүп калышты. Даярдык классын кошкондо, 12 жыл окуп жатышат. Ушунча жыл окугандан тажап кеткен окуучуларды байкап жатабыз. Сиздин оюңуз кандай?

— Менимче, 11 класстык окууну таптакыр эле жоюп, илгеркидей 10 класстык билим берүүгө өтүү керек. 11 жыл аз болгонсуп даярдык класстары деп 12 жыл кылып алдык. Мындай система, биринчи ата-эненин чөнтөгүнө оорчулук келтирет экен. Балдарга кийим-кечек, окуу куралдары ж.б. кем-карчысын алып бериш керек. Экинчиден, 12 жыл окуу балдарды тажатаарын өз балдарымдан сезип жатам. Үчүнчүдөн, 11 жылбы, 12 жылбы, билим берүүнүн сапаты көтөрүлгөн жок. Азыркы 11-класс окуучусунун билим деңгээли илгерки 8-класстын окуучусунун деңгээлине да жетпейт. Агай-эжелер таарынбасын, аларга мунун эч тиешеси жок. Кептин баары окуу системасынын начардыгында. Союз убагында 10 жылдык билим алган эле балдар-кыздардан не деген залкарлар чыкты эле?! Мейли илим, мейли адабият, мейли маданият же саясаты болсун, азыр 60-80-жылдардагы деңгээлге жете албай жатабыз.

— Сөзүңүзгө караганда, Союз учурун сагынат окшойсуз?

— Союз учурун сагынсак да, самасак да кайрылып келбейт да. Союз дегенде, мен атамды, апамды (чоң атам, чоң энем) эстейм. Бактылуу балалыгымды эстейм. Кызыл жагоо тагынган окуучулук күндөрүмдү эстейм. Өзгөчө бир шаан-шөкөткө бөлөнгөн майрам күндөрүн эстейм. Ал учур ошонусу менен мага кымбат.

Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.