Фото — Карап турсам Тегирментиде түшкөн сүрөттөр, эске түштү ошол жакшы мүнөттөр…

Фото — Карап турсам Тегирментиде түшкөн сүрөттөр, эске түштү ошол жакшы мүнөттөр…

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: “Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, мыкты котормочу, акын, журналист, философ Эрнис АСЕК уулун эмгеги менен эстеген кишилер оголе көп экен. Көзү өткөндөн бери өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилүүдө… Эскерүүлөр алгач өзү “Алакан” деп атаган сайтыбызга жарыяланып, кийин китептен орун алат.

Эрнистин жазса калеминен, басса-турса оозунан түшпөй келген алтын чоң апабыздын Тегирментилик тууганы Эрмек Абалкан кызы эскерет.

Кылган, жасаган эмгектери менен кыргыз элине аттын кашкасындай таанылган маркум ага-ини Мелис Эшимканов менен Эрнис Асек уулу жөнүндө качандыр бир убакта эскерүү жазып калам деп эч ойлогон эмесмин…

Турмушка из калтырып кеткен гений бир туугандар менен тууганчылык жагыбыз Койсун апага барып такалат. Алардын Койсун чоң апасы менен менин Абалкан атамдын Ажар таенеси эже-сиңди болгон экен. Биздин сарбагыштын жантай уруусунун кызы Койсун апанын атасы Данияр чоң атабыз болот. Бул жагынан алганда Койсун апа бизге эже болуп калат.

Кичинекей кезибизде чоң атамдар Асек байке менен жакшы катышчу. Эсимдегиси, 6 жашта болсом керек эле, Асек байкенин Бишкек шаарындагы Кызыл-Аскердеги үйүнө чоң атамдар менен ээрчип барган элем.

Кийин замандын, атамдардын (мал менен тоодо, балдары да жаш болуп) ар кандай шартка байланыштуу катыш үзүлүп калды. Мелис байкенин аты чыгып, депутат болуп турганда, “тууганыбыз менен барып таанышпайлыбы” деп калчубуз. Бирок, ал тилегибиздин убакыт-сааты чыкпай жүрдү. Жаштык кылдыкпы, айтор, ойлогон оюбузду ишке ашырганча Мелис байкеден айрылып калдык, 49 жашында өтүп кетти… Жаш кетти деп кейип калдык эле… Анан эле дал ошол жашта иниси Эрнис кетип кабыргабызды кайыштырды…

Эрнис менен да өтө кеч таанышып, кеч жолуктук. Раматылык атамдын ишке ашпай калган оюн, максатын орундаталы деген аруу тилек менен чоң апа, чоң аталарыбыздын туугандарын издей баштадык. Чакырууну Ат-Башылык туугандардан баштадык. Анын үстүнө атамдын тапкан да, баккан да эки апасы Ат-Башынын кыздары эле. Экинчи чоң энем Ат-Башынын Мелис байке менен Эрнистин туулуп-өскөн айылы Кызыл-Туусунан болчу. Ушул эки инсандын Эшимкан чоң атасынан калган куттуу үйүнө барып калдык. Ал жерде Койсун апанын алгачкы жолдошунан көргөн баласы Бакый атанын кемпири Гүкү апа, уулу Руслан үй-бүлөсү менен жашайт экен. Руслан келинчеги Сүйүн экөө жаркылдап, жакшы тосушту. Алар жайган ак дасторкондун үстүндө Гүкү апа кайын энеси Койсун апа, Мелис байке, Эрнис жөнүндө айтып берип, кыздары Гүлмира эже Нарында, Нурила, Нурбү, Гулина эжелер Бишкекте тураарын айтты эле. Азыр ал киши да арабызда жок. Эрнистин төрт эжеси бар экенин, үйдүн кичүүсү экенин ошол жерден билдим. 2013-жыл эле… Ат-Башыдагы чоң тайларды Чоң-Кеминдин Тегирменти айылына чакырып, Кызыл-Туудан узап кеттик.

Кийинки жылы (2014-жылы) ар кайсы аймактан 50дөй туугандар Чоң-Кеминдин Жашыл-Көл жайлоосуна келип конок болушту. Эрнис, Руслан жубайлары менен келишти. Эрнис менен таанышканыбыз кызык болду. Эрнис келинчеги менен Тегирменти айылындагы үйүбүзгө маршрутка менен келишиптир. Аларга телефон чалып, “Ошо жерде күтүп тургула, азыр барып машина менен алып кетебиз” дедим. “Эрнис тууганымды көрөт экем. Бирок, анын жубайы кандай болду экен? Орусча сүйлөп, бой көтөргөн айым болсочу…” деп өзүмө өзүм суроо салып, жолдо толкунданып бараттым. Машинадан түшкөндө эле көзүмө Эрнис эмес, Назира көрүндү. Анткени ал менин көп жылдан берки таанышым эле. Аны менен курбуларым аркылуу таанышып, көп  жакшылыктарда чогуу отурганбыз. Сый-урматта жүргөн таанышым Эрнистин жубайы болуп чыкканы — бир чети таңгалычтуу болду, бир чети жагымдуу болду. Көптөн бери көрүшпөй кеткенбиз, аябай кучакташып учурашып, ал-акыбалды сурашып туруп калыппыз. Анан Эрнис: “Мен түшүнбөй калдым, Тегирментиге менин туугандарыма келдикпи же Назиранынбы?” деп тамашалаганда, күлүп, кол алышып таанышып калдык. Жайлоого десек, Назира: “Биз үйгө экен деп башкача кийинип келгенбиз да, муну билгенде спорт кийимибизди кийип келбейт белек. Үшүйбүз го” деди. “Менин туугандарым сени үшүтпөй калсын, калың кийим берет” деп калды Эрнис күлүп. Машинага түшүп, жайлоону көздөй бет алганда, Эрнис менен жакшылап тааныша келсек, менин Бишкектеги кошунам Шермамбет байке бир тууган таякеси болуп чыкты.

“Жашыл көл” жайлоосуна барып Эрнистерди туугандар менен тааныштырдык. Атбашылык туугандар жайлоону Ат-Башынын Босого жайлоосуна окшоштурушту… Ал жерге Койсун апанын сиңдиси Ажардын эки кызы (таяжелерибиз) да келген. Алар Эрнисти көргөнүнө кубанып, чоң апасы жөнүндө билген-көргөндөрүн айтып берип жатышты. Эрнис аларды кунт коюп, муюп угуп отурганы эсимде… Эрнис оор басырыктуу, орундуу сүйлөп, тамашалаганды жакшы көргөн жигит экен. Туугандар эки күн жакшы отурдук. Кетип жатканда Эрнис менен Назиранын баш кошкондору менен куттуктап, “Башыңар аман болсун, өмүрүңөр узун болсун, кармашкан колуңар түбөлүктүү болсун” деп Эрнистин башына ак калпак кийгизип, Назирага ак жоолук салдык.

Аягында туугандар: “Атаңардын аткарылбай калган тилегин орундаттыңар, арбагы ыраазы болсун!” деп бизге ак бата берип тарашты. Ал туугандардын чогулушу тууралуу “Баягы Асаба” гезитине сүрөттөр менен чыкты. Ошол учурда Эрнис да Мелис байкенин аткарылбай калган максатын ишке ашырып “Баягы Асаба” гезитин чыгарып жаткан экен. Анысына биз да кубанып, гезитти алып, Эрнистин баягыдай курч макалаларын окуп жүрдүк. Гезит жакшы чыгып жаткан, эмнегедир кийин чыкпай калды…

Бат-бат көрүшпөсөк да телефондон байланышып, ал-акыбалды сурашып турдук. Биздин апабыз Бишкекке келди дегенди уккан Эрнис менен Назира үйүнө чакырып, конок болгонбуз. Анда Жалда турушчу. Залына киргенде эле төрүндө илинип турган сүрөт көзгө урунду. Аны байкаган Эрнис: “Кайда жүрсөм да ата-энем мени менен чогуу жүрөт. Кайда көчпөйлү, ошол үйдүн дубалына илип алабыз. Көрбөгөн кайын ата, кайын энесин кандай адамдар болгонун ушул сүрөт аркылуу Назира билип келатат”,- деди. Анан эски альбомун алып келип көп сүрөттөрдү көрсөттү. Арасында балдарыныкы да жүрөт. Кызы менен баласы бат-бат эле келип турарын айтты. Байкасам, Эрнистин оозунан чоң апасы түшпөйт экен, ар бир сөзүнө чоң апасынын сөзүн сөзсүз кошот. Койсун апабыздын айткандарын көкүрөгүнө түйүп алып, алигүнчө айтып келатканына ичимден ыраазы болдум. Ак дасторкондун үстүндө ушундай асыл адамдарды дагы эстеп, сөз кылдык. Аягында апамдын ак батасы менен узадык…

Анан эле “Эрнис Асек уулу өтүп кетти” деп угуп, аябай кейидик. Эки эле жолу көрүшкөн тууганым Эрнис аз жашаса да, саз жашады. Жубайы, курсташтары, дос, калемдештиринин жазганына караганда, артында көп деген эмгек калтырып кетиптир. Эрте кетпесе дагы көптөгөн котормолорду которуп, чыгарма жазмак экен. Жакында эле карантинге байланыштуу Александр Пушкиндин 1827-жылы жазган ырын Назирага Вотсаптан салсам, “Эрнисим тирүү болгондо го, муну бир мүнөттө которуп коймок” деп кейип жазып атпайбы… Ошол мыкты котормочулук чымыны, чыгармачылыгы уул-кызына өтүп уланаар деген үмүтүбүз бар.

Эрнисти, Мелис байкени, Койсун апабызды далай туугандар эстеп, эскерүү жазабыз деп турат. Тирүүчүлүк ушу экен да, жакшы адамды эстеп, эмгегин жазып, куран окутуп туруу… Назира, ыйлагандан пайда жок, курандан башка арга жок. Эрниске Кудай бейиштен орун берсин. Жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун!

Булак: alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.