“18 миң аалам”. Башка бир планетадан келген “кичинекей ханзаада”…

 “18 миң аалам”. Башка бир планетадан келген “кичинекей ханзаада”…

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: “Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, мыкты котормочу, акын, журналист, философ Эрнис АСЕК уулун эмгеги менен эстеген кишилер оголе көп экен. Арабызда жоктугуна бүгүн 2 ай 20 күн болду. Көзү өткөндөн бери өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилүүдө…

Эскерүүлөр алгач өзү “Алакан” деп атаган сайтыбызга жарыяланып, кийин китептен орун алат.

Буга чейин маркумду жубайы Назира Саалиева, агасы Уланбек Сатаралиев, калемдеши Жыргалбек Касаболотов, кесиптеш иниси Азамат Кыязов, досу Жеңиш Эдигеев, курсташы Гүлгаакы Жунушалиева, тууганы Абалкан кызы Эрмек эскерген. Бу жолу Бишкек шаарында билим алган мектебиндеги классташ досу, врач-хирург Эмил Өмүралиев эскерет.

Эрнис менен биз Бишкек шаарындагы №50 мектепте бир класста чогуу окуганбыз. Мелис байке да ушул мектепте окуп, ийгиликтүү аяктаган. Эшимкановдордун чыгармачылык таланты ошондо эле бар болчу. “Агасын көрүп ини өсөт” дегендей, Эрнис байкесинен үлгү алып өстү. Экөө тең жакшы окучу. Мектепте окуп жүргөндө Эрнис Эшимканов эле болчу, кийин, “Асабада” иштеп жүргөндө Асек уулу болуп атасынын атын алып жүрдү.  Эрнисти классташтарым: “Сабакка аябай жоопкерчиликтүү, дилгир окуучу эле. Жоош, токтоо, бир мүнөз, сырын эч кимге билдирбеген сабырдуу, таза, тыкан, сезимтал, боорукер, колунан келсе жардамын аябаган жакшы бала болчу” деп жылуу сезим менен эскеришүүдө… Жаныбек классташыбыз: “Ал башка планетадан келген кичинекей ханзаадага окшоп кетчү. Жөн жашоодо болсо,  бейтааныш адамдарга ачылып сүйлөй берчү эмес. Сырын эч кимге айтпаган, чечилип сүйлөбөгөн, табышмактуу бала эле. Бирок күлгөнү өзүнө жарашчу, ажары чачырап кетчү” деп эстеп жатпайбы… Кыздар көп эле тийишип калчу… бирок, өзү кимди сүйгөнүн деле билген жокпуз… Бомпоюп сүйкүмдүү болгондуктанбы, айтор, айрым мугалимдерибиз “Боорсок” деп эркелетчү.

Эрнис ошондо эле ыр, сочинение жазчу. Ырлары “Ленинчил жаш” гезитине чыгып калчу. Сочинениени мыкты жазганы да классташтардын эсинде экен. Классташ кызыбыз Эрнистин атасы жөнүндө жазган сочинениеси күнү бүгүнкүдөй эсинде калганын айтты. Эрнис аны мугалимге окуп берип жатып үнү каргылданып ыйлап жибергенин, анын жазганын угуп отурган классташтарыбыздын баары ыйлаганын эстедик… Атасынан эрте ажырады. “Эрнис атасы каза болуп, Ат-Башыга айылга кетти” деп классташтардын айтканы эсимде. Агезде биз кичинекей балдар элек да. Асек байкени көргөнүм менен жакшы билбей калдым. Эрниске барганда учурашып учкай эле көрүп калгам. Менин билишимче, Ат-Башыда таанымал, барктуу врач болчу. Мелис байке менен Эрнистин “Таза, ак иштеген адамды көрө албагандар чыгат экен, ишинен кыйкым таап, асылып жүрүшүп, нерв, жүрөк оорудан эрте кетип калды” деп кейип жазгандарын окуп калгам…

Асек байке эрте өтүп кеткенден кийин түйшүк Саадат эженин мойнунда калды. Эжени жакшы эле билип калдым. Абдан жакшы адам эле. Бизге акыл-насаатын көп айтты. “Артка эмес,  алдыга гана умтулгула! Бекерпозду эмес, билимдүүнү ээрчий баскыла!” деп айтчу. Камкор, мээримдүү, кайраттуу, турмушка бышык, позитивдүү маанайда жүргөн эне эле. Эрниске барып калганда, Нурила, Нурбү, Гулина эжелерин көрүп калдым. Алар эң кичүү, сүймөнчүктүү бөбөгүн жакшы көрүшчү. Аларга күзгү да, үлгү да Мелис байке болду окшойт. Бирок, жаш үйлөнүп, өзүнчө бөлүнүп кетти бат эле. Турмушта кыйынчылыкты жеңип, балдарын окутуп жогорку билимдүү кылып, кыздарын турмушка узатып, балдарын үйлөнтүп- жайлантты Саадат эже.

Эрнис үйүндө болобу, мектепте болобу, колунан китеп түшчү эмес. Ал китептин окууга тийиштүүсүнөн тышкары дүйнөлүк адабияттарды окучу. Үйүндө ар кыл акын-жазуучулардын китептери жыйылып турчу. Футболго кызыкчу, мыкты ойночу. “Мелис байкем да футболду жакшы ойнойт” деп калчу. Гитара чертчү. “Машина времени” группасынын, Боярскийдин ырларын гитарага салчубуз.

Чоң апасын аябай жакшы көрчү, каникул сайын айылга чоң апасына кетчү. Жайкы каникулдан келгенде бизге укмуш окуяларды айтып берчү. Классыбыз жогорулаган сайын Эрнис көп нерсени өздөштүргөнгө жетишти. Шахматты, бильярдды жакшы ойноп жүрдү. Эмнени баштаса аягына чыкчу. 9-класста “10-классты Кызыл-Туудагы мектептен бүтүрө турган болдум” деп айылга кетти. Анткен менен, шаарга каникулга келгенде жолугуп турдук. Каникулга келгенде да чоң апасынын айткандарын айтып берчү…

Анан студенттик күндөр башталды. Эрнис Рига шаарындагы адабият институтуна окууга өтүп, ошол жакка окуп кетти. Каникулда келгенде жолуктук. Жолукканда эле дүйнөлүк адабияттан айтып берчү. Эсимде калганы, “18 миң аалам”, ушундай аталышта китеп жазып баштаганын айтып, эмне жөнүндө болорун ийне-жибине чейин жалпак, жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берген эле. Ааламдагы адамзат кыйындарынын ойлорун, философиялык идеяларын айтып, “Азыр биздин өлкө, деги эле дүйнө жүзү кайда баратат? Эмне деген өнүгүү жолунда баратабыз? Адамзатта адамгерчилик, мээримдүүлүк деген жоголуп баратат? Мына, мен ушуну жазып жатам” деп айтты эле. “Чыгармачылыгын таштабай улантып жатыптыр” деп ичимден ыраазы болуп, китептин аталышына да “Өзү атадыбы бекен, мындай укмуш аталышты кайдан алды экен?.. деп кызыккан элем. Бирок, кийин аны сурабай калыпмын, ошол китептин аягына чыккан-чыкпаганын… Себеби, турмуш өзгөрүп, баарыбыз эле өз жашообуз менен алек болдук да. Эрнистики да өзгөрдү. Мелис байкеси дүң деп чыгарган “Асаба” гезитинде иштеп жүрүп, редакторлукка чейин жетти. Үй-бүлөлүү болду. Үй-бүлөсүнө Мелис байке ата ордуна ата болуп аябай эле каралашып жүрдү. Көзү өткөнчө моралдык да, материалдык да жактан жардамдашты да, аны баарыбыз эле жакшы билебиз. Эрнис өзү да үй-бүлөсүнө жакшы көңүл бурду, балдарын аябай жакшы көрчү. Камкор, жакшы ата болду.

Эрнисте эр жүрөктүүлүк да бар болчу. Коркок эмес эле. Кези келгенде кайратын көрсөтүп койчу. Аны мен өз көзүм менен 2005-жылкы революцияда көргөм. Ошол революцияда мен “асабачыларга” аралашып жүрүп калгам да. Эрнис андагы качып кеткен ажо Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин офисине чакырып, балдарды топтоп калды. Барганда, “Өлкөдө башаламандык болуп кетти, морадерлор талап-тоноп, өрттөп кетпесин, офисти кайтарышыбыз керек!” деп түшүндүрдү. Ал жерге көп өтпөй эле бойлору эки метр, чымыр денелүү бир топ жигиттер, орусча айтканда, “черныйлар” келди. Тирешип калдык, алар өздөрүн “Бульдозердин балдарыбыз” деп тааныштырышты. Алардын өздөрүн андай тааныштырганы чынбы же жөн эле атын сатып келишкенби, ким билсин, айтор, алар менен Эрнис өзү жалгыз сүйлөштү. “Жумушуңар болсо, башка жерден кылгыла! Бул жерге биз өзүбүз жооп беребиз!” деп тайманбай, жалтанбай туруп өктөм үн менен айтты. Алардын арасынан бирөө: “Сен Мелис Эшимкановдун иниси эмессиңби? Келбетиңер да, үнүңөр да, сүйлөгөнүңө чейин аябай окшош экенсиң” деп калды. Эрнис “ооба” деп аларды четке чакырып, сакадай бою менен алардын арасында туруп алып сүйлөшүп жатты. Эмне деп сүйлөштү билбейм, айтор, кетирди. Ошондо Эрниске баа бергем, башка саясатчылардай болуп башын жерге тыгып коркуп отуруп албай, кайраттуулук менен жигитчилигин көрсөтүп, талап-тоноого жол бербей туруштук бергенине…

Акаев дегенде, 2003-жылы Эрнис биздин үйгө келип конок болгонун эстедим. Экөөбүз көпкө чейин сүйлөшүп отурдук эле. Убакыттын учканын, жашоонун тез өтүп, кыйындап, карапайым калк кыйналып баратканын, Акаевдин кетпес хан болуп алганын, Мелис байкеге куугунтук болуп жатканын сүйлөшкөнбүз. Мелис байкеге куугунтук, басма сөзгө кысым болуп, сөз эркиндиги муунтулуп жатканын айтып кейиди эле Эрнис. Эшимкановдордун бир жакшы жери бой көтөрүшчү эмес, өтө жөнөкөй, адамгерчиликтүү болушчу. Эрнис байкесин аябай жакшы көрчү, сыйлачу, айтканын эки кылчу эмес. Агасын жакшы көргөндүктөн орундалбай калган тилегин орундатып, “Асабаны” кайра чыгарды. “Баягы Асабаны” чыгарып, офиси “Учкунда” турганда анда-санда барып турдум. Сүйлөшкөндө эле баягы эле философия, дүйнөлүк адабият, анын да аягына чыкпай калчубуз, турмуш-тиричилик, жумуш деп шашып…

Акыркы жолу былтыр, жайында Жалда жайгашкан “Глобустан” көрдүм. Шашып баратыптыр, жакшы сүйлөшө албай калдык. “Баары жакшы болсо эле болду, кайда болсок да аман жүрөлү” деп коштошуп кеткенбиз. Ошол бойдон көргөн жокмун. Каза болуп калганын жубайым Жанардан уктум. Чынында, Эрнистин өлүмү баарыбызга эле күтүүсүз болду. “Жакшы эле жүрбөдү беле, акыркы жолукканыбызда ооругандай деле көрүнгөн жок эле, көрүнүшү жакшынакай эле эмес беле. Эмне болуп кетти?” деп шок болдум. Ушундай суроо баарында эле болду окшойт. Көрсө, бир заматта эле жүрөгү кармап кете берген турбайбы… Анын акыркы демине чейин жанында болуп, жүзүн көрүп, үнүн угуп, өз колунан үзүлүп кетип, сөөгүн туулуп-өскөн айылына жерге берип келгенине чейин жубайы Назиранын эскерүүсүнөн окуп, кабыргабыз кайышты. Биз үчүн бул жалган жашоодон, дүйнөдөн табышмактуу, сырдуу боюнча кеткен Эрнистин сырын акыркы жылдары жанында болгон жубайы билсе керек. Назирага кантип эле сырын айтпасын, айтса керек да. Бала кезден классташ досумдун акыркы демине чейин жанында болгон, каза болгондон кийин да аттуу-баштууларды, классташ, курсташ, группалаш, калемдештерин чакырып куран окуткан аяшыма ырахмат. Назира, курандан башка арга жок, айла жок. “Эрнис Асек уулу” деген китеп чыгарам деп жакшы тилек кылып турасың. Бул жакшы жаңылык. Себеби, акыркы жашоосун сенден башка эч ким билбейт. Андан биз Эрнистин билбеген жактарын билээрбиз, сыр сандыгындагы жарык көрбөй калган кол жазмаларын, котормолорун, макалаларын окуп калаарбыз…

Бекеринен кыргыздар: “Жей турган ашы, ичер суусу түгөндү” деп айтпаса керек. Эрнистин да, Мелис байкенин да ичээр суусу 49 жашында түгөндү. Экөө тең 50гө чыкпай кетти. Кудай деле өзүнө керектүүсүн алат тура. Мындай асыл адамдарды эртерээк алып кеткени да ошондон окшойт. Аттиң десе… Мыкты инсан, гений ага-ининин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Сүрөттөр: Эрнис Асек уулу Эмил классташынын жубайы, «Асабада» чогуу иштеген Жанара менен. Жогоруда мектептеги учуру, классташтары менен. Эмил Өмүралиевдин өздүк альбомунан алынды.

Булак: Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.