Бүгүн Кыргызстанга Кытайдан дарыгерлер келди

Бүгүн Кыргызстанга Кытайдан дарыгерлер келди

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 20-апрелде билдирди. Алардын айтымында, Кытайдан келген адистер жергиликтүү дарыгерлерге коронавируска каршы күрөшүүнүн ыкмаларын көрсөтүп, кеңеш беришет.

Эске сала кетсек, буга чейин биздин өкмөт Кытайдан дарыгерлер келээрин, Кытай бийлиги 15 дарыгерди Кыргызстанга жөнөтүүгө макул болгону кабарланган. Кечээ, 19-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы менен Польшадан 8 медициналык кызматкерден турган топ келген. Алар 24-апрелге чейин Бишкекте болуп, андан соң Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтүшөөрү маалымдалган.

Бүгүн эртең менен Саламаттык сактоо министрлиги 20-апрелге карата Кыргызстанда СOVID-19га чалдыккандар 568 адамга жеткенин, дагы эки киши каза болуп, өлгөндөрдүн саны жетини түзгөнүн, жалпы ооруну жеңип чыккандардын саны 201 болгонун билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.