Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы акыркы сапар боюнча эскертүү алгандарын айтып, элге кайрылды…

Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы акыркы сапар боюнча эскертүү алгандарын айтып, элге кайрылды…

Маркум Элмирбек Иманалиевди тун кызы Айзуура Иманалиеванын жолдошу, күйөө баласы, журналист Мирзат Муканов кайын атасын акыркы сапарга узатуу тууралуу калың элге түшүндүрдү. Ал өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

Эртең саат 9-30да митинг, 10-30да көрүстөнгө бет алабыз. Мунун бардыгы КТРК, Ала-Тоо-24, ЭлТР телеканалдарында, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Фейсбук” менен “Инстаграм” барактарында чагылдырылат. Атабызды урматтап, кайгыбызды тең бөлүшкөнүңүздөр үчүн ыраазыбыз. Жай учур болсо, башкача болмок эле… Бүгүнкү кырдаал бардыгыбызга маалым. Андыктан, үйүңүздөрдө эле болушуңуздарды өтүнөбүз! Бизге мүмкүн болушунча аз эл болушу керектиги эскертилди. Бирок, эл деген — эл экен…” деп жазды М.Муканов.

Кыргыз эл артисти, залкар, алп акын, обончу, ырчы, дастанчы, төкмө акын Элмирбек Иманалиев кечээ, 20-апрелде каза болгон. Маркумдун сөөгү эртең, 22-апрелде “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. Артында үч кыз, үч баласы калды.

Элмирбек Иманалиевдин маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Элмирбек Иманалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жубайына, уул-кыздарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. 

One thought on “Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы акыркы сапар боюнча эскертүү алгандарын айтып, элге кайрылды…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.