Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, акын: “Өмүрдөн улам бириң кеткен сайын, Өзүм да түгөнгөнсүп баратамын…”

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, акын: “Өмүрдөн улам бириң кеткен сайын, Өзүм да түгөнгөнсүп баратамын…”

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, ырчы, обончу Элмирбек Иманалиевдин 21-апрелге караган түнү “өтүп кетти” деген жаман кабар социалдык тармактарга тарады. Кыргыз элим жер чапчып эле кала бердик… Бир топ акындар жоктоп ыр жазды. Калеми курч мыкты акын Жыргалбек Касаболотов “Эсилдер” деген аталышта ырын өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды. Окуп алып көздөн жаш кылгырды…

Эсилдер

Бирибиз жолдо калдык тебеленип,
Бирибиз жондо калдык көмөлөнүп.
Бир гана аалам турду ала салып,
Бир гана дүйнө турду тегеренип.
Калчоро Көкүлов.

Ай-жылда бир көрүшкөн акындарым,
Алыстан баш ийкешкен жакындарым.
Асканын албарс учу кетилгендей,
Азайып барасыңар, асылдарым.

Бүркүттүн уясындай түнөгүңөр.
Бүтпөстөн элге арнаган үрөнүңөр.
Дүпүлдөп сокпой калып барат бирден,
Дүйнөнүн баары баткан жүрөгүңөр.

Бир даары сүйгөндөрүн тосо кетти,
Бир тобу кайрыктарын созо кетти.
Сыйгызып бүт ааламды каректерге,
Сырыңар айтылбастан кошо кетти.

Какканда канатыңар сабаар эле,
Кашкайган сөз чындыгын табаар эле.
Каржалган алакандай кыргыз үчүн,
Калдайып жүргөнүңөр караан эле.

Бучкактап камаарабас кара жерди,
Бул заман билген күүсүн чала берди.
Кишилер бир күрсүнүп, силер узап,
Кир дүйнө кирдей түшүп кала берди.

Чабылбай камдап жүргөн алаканым,
Чайналган жүрөгүмдү канатамын.
Өмүрдөн улам бириң кеткен сайын,
Өзүм да түгөнгөнсүп баратамын…

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ (21/04/20)

Элмирбек Иманалиевдин маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эртең акыркы сапарга узатылат

Элмирбек Иманалиевдин тун кызы Айзуура Иманалиеванын жолдошу, күйөө баласы Мирзат Муканов кайын атасынын сөөгү каякка коюларын сурап жаткандардын бардыгына жооп берип жетише албай жатканын айтып, социалдык тармакка пост калтырды. «Эртең, 22-апрелде, саат 9-30да «Туңгуч» кичирайонундагы атамдын үйүнүн алдына эскерүү өтүп, сөөгү 10-30да алынып чыгып, «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бирок, бул чакыруу эмес. «Аз киши болсун» деп жатышат, туура түшүнөбүз«,- деп жазды.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.