Клара СООРОНКУЛОВА: “Элмирбек Иманалиевге убагында жардам көрсөтпөгөн клиникалык оорукана тезинен иликтенсин!”

Клара СООРОНКУЛОВА: “Элмирбек Иманалиевге убагында жардам көрсөтпөгөн клиникалык оорукана тезинен иликтенсин!”

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, ырчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиев бүгүн, 22-апрелде акыркы сапарга узатылып, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына ЖК депутаттары, акын, жазуучулар, төкмө акындар, күйөрмандары катышып, сөз сүйлөп, топурак салышты. Карантинге байланыштуу топурак салганга ар кайсы аймактан келе албай калган эл арманда калып, коронавирусту каргап, ыйлап турган убагы…

Ак таңдай алп акын Элмирбек Иманалиевден айрылып, кайгырып турган калк өз убагында жардам көрсөтпөй койгон оорукананын дарыгерлерин жоопко тартууну талап кылып социалдык тармактарга жазышууда… Алардын бири белгилүү юрист Клара Сооронкулова. Ал “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырган.

Элмирбек Иманалиевге эмне себептен ыкчам медициналык жардам көрсөтүлбөй калганы тез арада иликтениш керек! Спецбольница болбой куруп калсын! Пайдасыз депутат же министр болсо жан далбастап чуркашмак. Эмне үчүн кыйналып турган адамды “ары бар, бери бар” деп түрткүлөшөт? Адамды кооптуу абалда жардамсыз калтыруу үчүн кылмыш жаза жоопкерчилиги каралган, күнөөлүү адамдар жооп берсин! Өткөндө бир киши айтты эле: «Спецбольницанын реанимациясы эч кимди кабыл албай жатыптыр. Коронавирус жуктурган чоңдорду гана кабыл алат экен»,- деп. Калп же чын экени белгисиз… Бирок, каттоодо турган Эл артистин кабыл албай койгонунда бир сыр бар”,- деп жазган К.Сооронкулова.

Эске сала кетсек, кечээ, 21-апрелде «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы, Элмирбек Иманалиевдин шакирти Асылбек Маратов устатынын оорусу оорлошкондо алып барган ооруканалар “карантин” деп кабыл албай, ары-бери чуркатышканын ачык эле айтып чыккан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден толук окусаңыз болот.

Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечке маал Бишкектеги ооруканалардын бирине кант диабети менен түшүп, көз жумган. Артында алты (үч кыз, үч уулу) баласы калды.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Элмирбек Иманалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жубайына, уул-кыздарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. 

2 thoughts on “Клара СООРОНКУЛОВА: “Элмирбек Иманалиевге убагында жардам көрсөтпөгөн клиникалык оорукана тезинен иликтенсин!”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.