Маек — Асылбек МАРАТОВ: “Биринчи айткан кебимди төгүндөп, кечирим сурайм. Мени сөгүп, талкуулаңыздар, устатымды жайына жөн жаткыралы”

Маек — Асылбек МАРАТОВ: “Биринчи айткан кебимди төгүндөп, кечирим сурайм. Мени сөгүп, талкуулаңыздар, устатымды жайына жөн жаткыралы”

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, обончу, ырчы, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиев 20-апрелде каза болуп, сөөгү кечээ, 22-апрелде “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Каза болгондон бери белгилүүлөр да, эл да эскерип жатышат. Социалдык түйүндө маркумду Спецбольницага өз убагында албай койгону, Тил майрамында киргизбей коюшканы тууралуу сөздү кеп кылып, кызуу талкуулашууда… Кабыргасынан коюлган эки маселе боюнча бүгүн акын Мирлан Самыйкожо өз чындыгын айтып, жазып чыккан. Аны окуган Кубат Болотканов өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына оюн жазды. Учурда катуу сөз болуп жаткан төкмө акын Асылбек Маратов «Би-Би-Синин« суроолоруна жооп берип, мурунку сөздөрүн кайгырып айтып алганын баса белгилеп, аны жокко чыгарган.

Асылбек Маратов: — Алды менен өнөрдү сыйлап, залкар устатыма күйөрмандык кылып келген жалпы журтка көңүл айтам. Мындан ары жалаң жакшылыктын кебин сүйлөйлү. Эми сиз узаткан соболго келсем, ал-бул деп сөздү көбөйтүп, актангандай түр көрсөтө бербейин. Бул жерде жаным ачышып турганда каталык, сөздөн чекилик кетирип алдым. Эл ошого удургуп кетти. Устатымды үйүнөн «Тез жардам алып кетти» дегенди угуп эле чапкылап артынан жөнөдүм. Мен барганча эле тиешелүү аракеттерин көрүп, Фучик тараптагы ооруканадан президенттин иш башкармалыгына караштуу ооруканага алып келишиптир. Мен ошол жерден барып калдым. Эсибиз чыгып турганда такталбаган бир топ кеп сөздү уктум. Элмирбек байке үзүлүп кеткенин билгенимде эңги-деңги эле болуп калдым. Айлангөчөк болуп жүргөнүбүздө, айланчыктап жүргөн журналисттер суроо салып калды. Күйүт менен ооздон чыкканын айткан экем. Кыязы, бирөөнү күнөөлөп, өзүмдү сооротсом керек. Анан эле «бул сөз кайдан чыкты болуп» талаш-тартыш башталган экен. Акын агам Мирлан Самыйкожо болгонун болгондой Facebook аркылуу жазган экен. Ал киши ал жерге менден мурун барган адам катары окуяны толук билет. Так жазды. Катачылык менден кетип калды. Кечирип коюңуздар! Ажал деген ушул экен…

Би-Би-Си: «Асылбек адегенде башканы айтып, кийин пикирин өзгөртүп жатат. Ага коркутуулар болгон окшойт» деген дагы кептер тарады. Өзүңүз деле угуп жаткандырсыз?

Асылбек Маратов: —Ачыгын айтып берейин. Мени коркутмак турсун көңүл эле айткан кишилер. «Антип айт, минтип айт» деп мени милиция да, атайын кызматта коркутмак турсун, жаныма бирөө басып келген жок. Эч кандай телефон чалуу да болгон жок. Талкууласаңыздар мени талкуулап, сөксөңүздөр мени сөгүңүздөр дээр элем. Устатымдын жайына жөн жаткыралы. Жөн жерден дарыгерлерге акараат келип калды. Атайын биринчи айткан кебимди төгүндөп, жокко чыгарып алдыңыздардан өтүп жатам. Чындык ушундай туугандар.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.