Дарыялардагы суунун деңгээли кайсы аймакта канчага көтөрүлдү?

Дарыялардагы суунун деңгээли кайсы аймакта канчага көтөрүлдү?

ӨКМдин Гидрометеорологиялык агенттиги 25-апрелге карата гидрологиялык обзор боюнча маалымат таратты.

Алардын маалыматына караганда, республиканын аймагындагы көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли (1-11 смге) көтөрүлдү. Алар: Жыргалаң, Каракол, Чоң-Ак -Суу, Жети-Өгүз, Чоң-Кемин, Аламүдүн,Ала -Арча, Сокулук, Кара -Балта, Чоң-Кайынды, Талас, Беш-Таш, Күмүш-Тоо, Нарын, Узун -Акмат, Чычкан, Падыша-Ата, Яссы, Каракол (Косчан), Исфайрам-Сай дарыялары; Чүй (баш дагы), Кичи-Нарын, Тар, Кара-Кулжа дарыяларында (14-31 смге) көтөрүлдү. Ал эми калган дарыяларда суунун деңгээли төмөндөдү, кээ биринде өзгөрүлгөн жок.
Республиканын аймагындагы көпчүлүк дарыяларда суунун агымы көп жылдык байкоолордун чегинде байкалды. Жогорку ченемдеги агым Чоң-Кызыл-Суу, Каракол, Жети-Өгүз, Ала-Арча, Сокулук, Кара-Балта, Чоң-Кайынды, Талас (Үч-Кошой),Беш-Таш, Күркүрөө-Суу, Нарын (баш жагы), Узун-Акмат жана Афлатун дарыяларында (124-242%да) байкалды. Төмөнкү ченеминдеги агым Кегети, Күмүш-Тоо, Көгарт, Ак-Буура, Каракол (Косчан), Исфайрам-Сай жана Кара-Дарыя бассейининдеги Андижан суу сактагычына куйган дарыяларда (38-78%да) байкалды.
Республиканын аймагындагы суу сактагычтарга суунун кирүүсү нормага салыштырмалуу: Орто-Токой — 106%, Киров -25%, Токтогул — 109% ченемди түзгөн.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.