“Гүп-гүп” этип топо ыргыткан күрөктүн үнү жүрөктү эзчү болду…”. Жүрөк дүкүлдөйт…

“Гүп-гүп” этип топо ыргыткан күрөктүн үнү жүрөктү эзчү болду…”. Жүрөк дүкүлдөйт…

Эсен болуп, эстей жүр!

Көп жылдан бери үй-бүлөсү менен Швейцарияда жашап, иштеп жаткан белгилүү журналист Жеңишбек Эдигеев кезектеги “Көк дептерин” жазып, Фейсбуктагы баракчасына төкмө акындар менен түшкөн сүрөтүн жайгаштырды. Бу жолу автор калемин Элмирбектин элесине арнап, эрте кеткен асыл адамдардын атын атап, алар гүпүлдөгөн күрөк менен ыргытылган боз топурактын алдында калганын жазып, ар бир адамды ойго батырды. .Жүрөк дүкүлдөйт…

Көк дептер

Элмирбектин элесине

Некрологго жасаган ишин толтурасың бирок арманын толтура албайсың…

Күрөктүн үнү.

“Гүп-гүп” этип топо ыргыткан күрөктүн үнү жүрөктү эзчү болду. Күрөктүн үнү – баарыбызды чекебизден жер үстүндө биз кылып, алдында сен кылып бөлчү болду. Эң акыркы шоолаларды түн кылып, туш тараптан жабылган күрөк, ал дүйнө менен бул дүйнөнүн ортосун тосчу болду… Күрөк. Жерде жаткан, бутка чалынган, илинген, турган. Сага маани бербепмин… Сенби эң акыркы угаар үн, сенби түпкүрдө калган кезде кош айтышып тураар үн… Чалынып бутка, жерде жатсаң алайын. Ошол болсун сый-урматым. А сеники, арманым сыртта калбасын, күрт күрт этип тездик менен, эңсеген жердин топосу менен оор кылып, бекем кылып, жылчыксыз кылып көөмп сал! Күрөк, сени менен далай жакын адамды көмдүм, ээ кудай, ЭНЕмди көмдүм! “Гүп-гүп” этип сени менен көмөбүз. “Гүп-гүп” этип акыры сенден көмүлөбүз. Ошентип жарыктагы эң соңку сый-урматты сенден көрөбүз… Бул кастык эмес. Бул калыстык. Көмүү бул сот эмес. Сооп экен да. Күрөк. Эң калыс буюм экенсиң го… Сен болгону ошол күрөк сапта кимдер болоорун жүрөккө түйүп ойлой жүр…

Талант башка, кадыр башка, адамдарда баа башка: Бирдей таланттар болот бирок бирдей барк болбойт, бирдей жылдыздар болот бирок бирдей жарык болбойт…

Улуу адамдар өлүп атып өнөрдү, талантты, жашоону кечээкиден бир тепкич өйдө жерге көтөрүп коюп кетет.

Батып кеткенче баатырларды байкабай жашай беребиз…

Таланттар кетип атат, ыңаалап таланттар төрөлүп атат болду бекен…?!

Билбегендер бир жашайт, көп билгендер миң жашайт, бир өмүрдү.

Таланттар бизди некролог жазууга үйрөттү…

Ичте жүрөк менен колдо күрөк менен узатат экенбиз…

Сеникиндей жашоо бер! Сеникиндей маңыз бер! деп кыйкырды бирөө, узатып атып…

Элмирбек, кошоматчы деген сөздүн канчалык пас экенин да бир ирет айтып кетти.

Калемдештерге! Көзү жокто эмес көзү барда жазганыбыз, мактоолорубуз миң мертебе мүрөк болоорун эстеп жүрөлү.

Жел артисттерибиз эмес Эл артисттерибиз көп болсун.

Жерге жагаарбыз… Элге жагалы!

Өлүм күнөөлүү эмес, өзү барда төргө өт дебесек биз күнөөлүү.

Керек болсо өмүр да эмес, элге көмүр да, ун же талкан эмес, жер байлык, кен байлык да эмес элибизге алп саптар жетпей жүргөнүн көрдүк.

Бийликке эки сырга: Жериңден — чек араңды, элиңден — акындарды сактап, барктап жүр!

Адамга көп ооруп же көп өлгүчтүк эмес, кадырды билбестик жаман!

Орустун шерлери Пушкин 38 жашында, Лермонтов 27 жашында, Есенин 30 жашында каза болгон. Орус эли эмгиче алардын энциклопедиясын толуктап бүтө элек… Жүрөк титирейт! Поэзиядан мурда курган жаштыктан жүрөк титирейт! Суроолордон жүрөк титирейт! Кантип, кантип, кантип…!? деп. Жашоону айтасың, жаштык бүтө элек болчу! Өмүрдү айтасың, өкүттүн өрү келип-келе элек эле… Арманды айтасың, анын айбаты али башка келе элек болчу! Көрсө, таланттар жашоону бат тааныйт тура, алар адеп жашоонун өзүн эмес, эрежесин эртелеп үйрөнөт тура, суроону эрте берет тура өзүнө, жоопту эрте табат тура! Жашоону кээде жооп эмес суроолор чечет. Жашоо кээде жооптон эмес суроодон турат. Канчалык өзүңө суроону эрте бере алсаң ошол жеңиш. Таланттарды эстедим да:
Атай Огомбаев 49 жашында, Жоомарт Бөкөнбаев 34, Мукай Элебаев 39, Касым Тыныстанов 37, Жусуп Абдрахманов 37, Алыкул Осмонов 35, Муса Баетов 47, Мидин Алыбаев 42, Турар Кожомбердиев 48, Жолон Мамытов 48, Жусуп Турусбеков 34, Сүймөнкул Чокморов 53, Таттыбүбү Турсунбаева 37, Бүбүсара Бейшеналиева 47, Барчынбек Бугубаев 52, Чубак Сатаев 33, Медер Кадыршаев 42, Мелис Эшимканов 49, Эрнис Асек уулу 49, Калмурат Рыскулов 30, Улан Эгизбаев 28, Элмирбек Иманалиев 42 жаш
Булар узак өмүр сүрүшкөн жок. Бирок узак өмүрүн тарыхка калтырып кетишти. Сабалап, камчыланып, өмүрдү санабай өнөрдү самап, жашоону санабай жазганды самап, жылдыздай жарык бергенди самап, сандарда калбай санаада калып жашап өтүштү. Бирок да дайыма бир сөз калат айтылбай… өмүрдү адам бере албайт, бирок көңүлдү берет. Узартуу колдон келбейт бирок урматташ колдон келет тирүүңдө…
деп жазды Жеңишбек Эдигеев.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.