Европа Биримдиги Кыргызстанга 36 миллион евро бермей болду. Ал эмнеге жумшалат?

Европа Биримдиги Кыргызстанга 36 миллион евро бермей болду. Ал эмнеге жумшалат?

Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргызстанга 36 миллион евро бөлмөй болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Азаттыкка” билдирген.

Өкүлчүлүктүн айтымында, Кыргызстан коронавируска каршы күрөшкөн аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн каражат бермей болгон. Алынган каражат макрофинансылык туруктуулукту, социалдык коргоону, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну, саламаттык сактоо тармагына, кризис-менежментке жана жеке секторго жардам берүүгө жумшалат.

36 миллион евро грант түрүндө берилет, анын 30,8 миллион евросу бюджеттин тартыштыгын азайтуу үчүн казыналыкка которулат. ЕБ 6 жыл ичинде Кыргызстанга 263 миллион евро берди.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков менен Өкмөт бир топ мамлекеттен, эл аралык финансылык мекемеден коронавируска карата жардам сурап кайрылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.