Карантин 10-майга чейин узартылат. Президент өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында чечим кабыл алынды

Карантин 10-майга чейин узартылат. Президент өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында чечим кабыл алынды

Эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылат. Мындай чечим 28-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков өткөргөн Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында кабыл алынды.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат. Жыйында президент: «Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши сунуш кылган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантышы зарыл. Планга өзгөртүү киргизгенде комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин бизнеске жеңилдик берүүгө тиешелүү сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек», — деп баса белгиледи.

Эске сала кетсек, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге чейин узартылган. Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген болчу.

Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү 28-апрелге карата билдирүүсүндө коронавирус жуккандардын жалпы саны 708 жетти. Алардын ичинен 8 бейтап каза тапты. 416 бейтап айыгып чыкты. 708 адамдын 185и медицина кызматкери.

Коронавирус жуккандар аймактар:

  • — Бишкек шаарында 167 адам,
  • — Ош облусунда 160 адам (алардын 113ү Ноокатта),
  • — Жалал-Абад облусунда 113 адам (алардын 85и Сузакта),
  • — Ош шаарында 110 адам,
  • — Нарын облусунда 88 адам (алардын 65и Ат-Башыда),
  • — Чүй облусунда 52 адам (алардын 16сы Аламүдүндө),
  • Ысык-Көл облусунда 10 адам (алардын алтоо Караколдо),
  • Баткен облусунда сегиз адам (алардын төртөө Баткен районунда).

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Карантин 10-майга чейин узартылат. Президент өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында чечим кабыл алынды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.