Зайырбек Ажыматовдун сандыгында 20 жыл сакталган сары кагаздагы ыр…

Зайырбек Ажыматовдун сандыгында 20 жыл сакталган сары кагаздагы ыр…
Сүрөттө: Айтылуу Мелис Эшимканов менен Зайырбек Ажыматов. Эрнис Асек уулунун архивиндеги сүрөттөн бир элес. 

Эсен болуп, эстей жүр!

Интернет бети кайрадан жоктоо сөздөргө жайнады… Суук кабар кандай жаман! Аттиң… Зайырбек Ажыматов… Сени жоктогон интернет бети ырга толду, муңга толду…  

29у… Ушул дата… Үзүктөй үзүлгөн өмүр…

29-апрелде үзүлдүң… Эсиме 29-январь түштү… Дал ушул күнү жолдошум Эрнис Асек уулунан ажырап калганыма ишенбей чыркырап турганымда эң биринчи, Зайырбек, сен чалдың эле… “Эже, чынбы?!” деп ишенбей тактадың эле. “Ооба” деп ыйласам, “Ии-ий, жаман болуптур… Эрнис байкем алтын киши болчу…” деп үнүң каргылданды эле… “Бүгүн 29-апрель, байымдын арабызда жоктугуна туптуура 3 ай болду” деп кайгырып отурсам, дал ушул күнү сен өтүп кетипсиң, алтын иним!

«Үзүктөй өмүр үзүлсө,

Сызыктай тамыр сызылып.

Атамдай айкөл бул аалам,

Алкымда турду кысылып…» деп Каныбек Иманалиев жазгандай, 44 жашка да (27-май эмес беле туулган күнүң) жетпей үзүлүп кеткен өмүрүңдү эстегенде аалам тар болуп, алкымым кысылып турду…

Зайырбек АЖЫМАТОВ: “Жүрөгүмдө чоң жара калды”

Кечээ эле эң жакшы көргөн байкең Эрнис Асек уулу менен кыйышпас кан досуң Элмирбек Иманалиевди эскерип “Азаттыкка” жаздың эле. Эми минтип, бүгүн өзүңдү эстеп эскерүү жазууга аргасыз болуп отурабыз. Көз жашымды сүртүп, сен жөнүндө көп нерсени эстедим. Сылык, ыймандуу, маданияттуу, адамгерчиликтүү, жөнөкөй, жоктоону жүрөгүңө өтө жакын алган жароокер жигит элең. Эрнисимдин сөөгүн Ат-Башыга алып барып, ээсине берип келгенден кийин: “Назира жеңе (негедир жеңе деп жаздың эле), Эрнис байкени каза болуп калат деп үч уктасам оюма келген эмес. Өтө өкүнүчтүү иш болду. Мени кечирип коюңуз! Жүрөгүмдө чоң жара калды. Ат-Башыга деле барсам болмок, кашайып бара албай калдым. Апам инсульт болуп, андан кийин психологиялык дартка чалдыгып, негизги түйшүк баарыбызды коркутуп жүрөт. Эң жакшы көргөн Эрнис байкеме топурак сала албай калганыма өзүмдү өтө күнөөлүү сезип калдым. Бирок сизге өзүнчө жолугам деп жүрөм” деп жаздың эле. “Апаңды жакшы кара, чурка! Жакшы болуп кетсин” деп, апаң каякта экенин сурасам, “Ооруканада, бирок, Бишкекте эмес. Бүгүн (13-март) карындашымды шашылыш жөнөтпөсөм болбойт” дедиң эле. Ал-абалын сураган сайын жакшы эле деп жаттың эле, алтын апаң сени жоготконун укканда эмне болду экен?.. Ооруп жаткан апаңдын суук кабарды уккандагы абалын элестетип ого бетер каңырыгым түтөдү… Жубайыңдын жүрөгүн жаралап, балдарыңды аталатып арманда калтырып кеттиң, иним. Карлыгач кызыңды былтыр даярдык классына алып барганыңды, аны менен сабак окуганыңды, ал кызыңдын тырмагыңды боеп ойногонун “эрмеги эле менмин, башкага тили өтпөйт” деп жазып турчу элең. Жазганыңды окуп биздин да жүрөк элжиречү. Эми Карлыгачың кантет?! Кимди эрмектейт?!..

КЫРГЫЗДРАМТЕАТР: “Зайырбек Ажыматов маданият дегенде ичкен ашын жерге коюп чуркаган азаматтардын бири болчу”

Кечээ социалдык тармактагылар сени түнү менен жоктоду… Канчалаган ыр жазылды… Бул эмненин белгиси? Бул сени элди баары жакшы көрөрүнүн белгиси, тазалыгыңдын белгиси. Таза, ак эмгек кылган адамды эл ушинтип жакшы көрөт.  Байлыктын артынан чуркаган жоксуң. “Бишкек таймс” гезитинде чогуу иштеп, иш бөлмөбүз да бир эле. Мыкты макалаларды жазып, чуркап иштеген дулдул журналист элең. Өзгөчө адабият, маданиятты жазып, чыгармачыл адамдардын бейнесин жакшы ачып берчү элең. Мындай эмгегиңди кечээ Кыргыз драма театрынын эмгек жамааты да баса белгиледи. “Белгилүү акын, чыгаан журналист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов кыргыз театр маданияты дегенде ичкен ашын жерге коюп чуркаган азаматтардын бири болчу. Театрда коюлган ар бир спектаклге сүңгүп кирип, ар бир режиссер, актер менен кошо санааркап, кошо кубанчу. Биздин театрдын жаш таланттарынын социалдык абалына, өнөр казынасына өзгөчө астейдил мамиле кылып, укмуштуудай бейнелерди үйлөрүнө чейин барып тартып, жазып келген…” деп жазгандай адам элең, алтын иним. Кыргыз адабияты, маданияты оор жоготууга учурады.

Эски кагаздагы Эрнис Асек уулу. Александр Блок…

Маданият, адабият чөйрөсүндөгү адамдарды баалачусуң, тандооң да жакшы эле. Журналист, акын, котормочу, философ, ойчул Эрнис Асек уулунун ырларын, жазганын, котормосун баалап, канча ирет радиого чакырып жүрдүң… Анан былтыр “Фейсбуктагы” баракчаңа жарыялаганыңды салдың эле. “2019-жылдын январында Эрнис байкем жөнүндө жазып, “Фейсбукка” жарыялапмын. Журналист, акын Эрнис Асек уулу кезинде “Асаба” гезити аркылуу окурмандарга таланттуу акындардын, сүрөтчүлөрдүн, жазуучулардын, даанышмандардын, чыгармачылыгы, тагдыры тууралуу кыска-нуска баяндамаларды жазып, кызыктуу маалымат берип жүрөккө орнотуп койчу эле. Агабыз эмнегедир кийинчерээк элге көп аралашпай жүрөт. Мүмкүн саясатта, адабиятта, маданиятта, журналистикада билимсиздер басымдуу болуп кеткенде чыныгы адистер, окумалдар уялганынан үн чыгарбай калат чыгар. Телерадиолор адабият тууралуу берүүлөргө мына ошондой кеңири ойлонгон, окуган, жазган кишилерди чакырса, ырларын окутса…Эски кагаздарымдын арасынан Эрнис Асек уулунун Александр Блок тууралуу жазган төмөнкү бир шилтемени таап алып, ушуларды ойлодум:

Александр Блок… Орус адабиятында сүйүүгө мас болгон мындай акын болбосо керек… “Периштедей сулуусуна 4 миң сап арнаганын карасаң. Ал эми дүйнөлүк адабиятта сүйгөнүнө:

Подойди. Подползи. Я ударю –

И, как кошка, ощеришься ты… – деп сүйүүсүн билдирген саптар кездешпеген. Негизи эле Блок жалаң сүйүү илеби менен жашап, кайнаган турмуш көз жаздымында калып, көл-шал сезимдердин алдында күйпөлөктөп жүрүп өткөн экен. Бирок бир поэмасы бар. “Двенадцать” дейт. Революция жөнүндө. Большевиктер жөнүндө. Карапайым калк жөнүндө. Анан эле поэманын соңунда Иисус Христостун пайда болгону көбүнө түшүнүксүз. Чынчылдар “Блок аягында айнып кеткен көрүнөт”, — дешет. Ай, ким билет… ким билет…”.

Эрнис АСЕК уулу

“Эстедим. Ал постуңду окуп, Эрнис байкеңе айткам”, десем, “Аны окуду беле? Эмне деди эле?” деп сүйүнүп сурадың. “Блок жөнүндө жазганымды сактап жүрүптүрбү, азамат!” деп сага ыраазы болгон” десем, “Ыраазы болду беле?” деп ого бетер сүйүнгөнсүң. Эрнис сенин анын жазганын сактап, өзүн эстеп жүргөнүңө ыраазы болсо, мен сенин Эрнистин жандүйнөсүн түшүнгөнүңө таңгалгам. “Байым, сенин элге аралашпай калганыңды жаш болсо да туура баамдаптыр” деп жетине албай кубансам, “Зайыр адамгерчиликтүү, жөнөкөй жигит, мыкты акын. Жаңы чыгарган ыр китебин сурачы, болсо сатып алалы” дегенинен, сенден сурасам, “Кашайып калбай калды. Экинчи басылышы чыгат буйруса. Чыгары менен белек кылам. Чынында мен Эрнис байкемден айбыкчумун, билимдүү, чоң талантка чыгармаларымды окуткандан тартындым” деп убагында китебиңди белек кыла албай калганыңдын жагдайын түшүндүрүп жаздың эле.

20 жыл мурунку сандыктагы ыр…

“Бул Эрнис байкенин өз колу тийген кагаз” деп Эрнистин “З.га” деп сага арнап жазган 20 жыл мурунку ырын, сары кагазды салдың эле.

З.га

Келесиң караңгы көчө менен,

кемшейген жетим тамдар карашат карааныңды.

Билишпейт жетим тамдар, билишпейт жылдыз,

асман кай жакка бараарыңды.

Келесиң асман батпай көөдөнүңө,

ыйың батпай көздөрүңө,

ырың батпай сөздөрүңө,

сырың батпай…

Калсачы таңың атпай, күнүң батпай…

Жонуңда жокчулугуң, оюңда токчулугуң

туйлашып көкүрөктө жулмалашып.

Бирине-бири болуп азап кайгы,

жолдору турса дагы болуп айры…

Келесиң дарман калбай, арман калып.

Жан дилде адам калбай, айласыз кадам калып,

Келесиң… келесиң Сен…

Акыр-чикир калдыгындай үйүп салчы мастыкты,

түбү терең түйүнчөктө түйүп салчы.

жаштыкты кетчи кезип, аалам кезип, жер кезип.

Эшилген кум — эрме чөлдүү, Эл кезип.

Кетчи, кетчи, кетчи Сен!

Дал ошондой даанышмандын турпатына жетчи Сен!

Жалгандын керемети, жашоонун дарамети

ошондо тизе бүгүп, ошондо тагдыр сага чөгөлөйттүр.

Көптү да эңсебеген, жакшыны тепсебеген

көңүлүң көкөлөйттүр…

Келесиң… келесиң сен…

Билемин бүт баарысын жеңесиң… жеңесиң сен!…

Эрнис АСЕК уулу. 1-март. 2000-жыл

20 жыл мурунку ырды окуп алып, “Зайырдын келечегин 19 жыл мурда билген кандай гана көрөгөч адамсың, байым” деп былтыр Эрнисиме айтсам, ал: “Зайырдан дагы көптү үмүт кылам. Бул чуркаган жашоодо өмүр менен көңүл кымбат. Өмүрү узун болуп, көңүлү сынбасын. Көңүл калган өлүмдөн да күчтүүрөөк” деди эле. Аттиң, сен үмүт кылган, көп адам үмүт кылган Зайыр, туптуура үч айдан кийин сенин артыңдан кетип калды, Эрнис! Тирүү болгонуңда бул суук кабарды жараланган жүрөгүң көтөрө алмак эмес…

Зайыр АЖЫМАТОВ: “Мен – кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!”

Дагы эстедим… Эрнистин көзү өткөндөн кийин, 20-февралда: “Эже, бир мүмкүнчүлүк болсо Эрнис байке тууралуу мыкты эскерүү жазып бериңизчи. Ал кишини сизден бөлөк жакшы билген эч ким жок” деп жаздың эле. Ырларын да сурап жүрдүң. “Эрнис байкенин ырларын бербейлиби биздин сайтка” дедиң бир күнү. “Жакында ыр китеби чыгат. Ошондо берели ээ. Болбосо айрым акындар ырын уурдап автор болуп алсачы. Мына, сенин “Мен – Кыргызмын” деген ырыңды, болгондо да спикер менчиктештирип алды го” десем, күлүп, “Аныңыз да туура, айрым адамга ишенүү да кыйын” дедиң эле. Ооба да, Дастан Жумабеков журналисттер алдында “балким авторумун” деп бир куплет ыр айтып, кийин ал саптардын автору Зайырбек Ажыматов экени бир заматта билинип, элге уят болду эле го. Ыңгайсыз сөздөрү менен ылакапка айланган спикер менчиктеген “ырынын” нак автору Зайырбек Ажыматов жазган ыр саптары мына алдыңыздарда!

МЕН — КЫРГЫЗМЫН!

Мен — кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен — кыргызмын, баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын «Чоң казатка» аттанам.

Мен — кыргызмын, асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм
Кырчылдаган «КЫРГЫЗ» деген жакшы аттын!

Мен — кыргызмын, түгөнөөрдө түтөгөн!
Мен — кыргызмын жок болордо күчөгөн!
Мен — кыргызмын, тарыхым бар, тилим бар,
Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн.

Мен — кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуумун.
Кылымдарга улап кетер дагы да
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!

Эстен кеткис эки дата…

Эртең, 1-майда, сени менен коштошобуз, акыркы сапарга узатабыз. Коштошуу зыйнаты «Дордой» конушунда жайгашкан үйүңдө саат 09:30да башталарын,  сөөгүң «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилээрин өзүң иштеген “Азаттык” билдирди. Кош дегенге кол барбайт, ооз барбайт. Айла жок, арга жок. Эрнис каза болгон датада (29-апрелде) көз жумуп, менин туулган күнүмдө 1-майда сөөгүң жерге берилип жатат. Эки датаны эстен кеткис кылып өмүр бою жүрөккө кадап кеттиң, алтын иним! Эгер качандыр бир убакта байкабай көңүлүңдү оорутуп алсам, кечирип кой! Эгер акыретте жолугушуу чын болсо, Эрнисиме, Элмирбекке салам айта бар!

Мен өлүмгө уялбастан баргым бар

Убактымды жашап бүтүп ченеген,

Учуп чыгам кешендеген денемен.

Уч-кыйырсыз чексиздикке кетемин,

Үйүм аалам, асман болот керегем.

Кутуламын бул тирүүлүк түрмөдөн,

Кутуламын сенден сүйгөн, сүйбөгөн.

Куну кымбат эркиндикти, чындыкты,

Кубанамын таап ошол дүйнөдөн.

Оо, ал жакта жаман ой да ойлобойт,

Оо, ал жакта бирин бири кордобойт.

Ободогу аппак нурлар, таңдар да,

Оргуп турган сүйүү менен ойгонот.

Кедей бай жок, бирдей баары ал жакта.

Керек эмес акча, атак, мансап да.

Күлүп кетет оондуктан өлүмгө,

Ким тирүүндө парзын толук аткарса.

Мелмилдешет чексиздиктер, айдыңдар,

Мезгилдердин алдында зор айыбым бар.

Милдетимден абийир менен кутулуп,

Мен өлүмгө уялбастан баргым бар.

Зайырбек Ажыматов

Назира СААЛИЕВА

“Жарты кайык”, “Кош дебечи”…

Эки уул, эки кыздын атасы, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Басма сөз сыйлыгынын лауреаты, акын, журналист Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. 1993-жылы мектепти бүтүрүп, Бишкектеги Ж. Баласагын атындагы КМУУнун журналистика факультетине өтүп, аны ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс», «Жаңы Агым» гезиттеринде, КТРКнын радио берүүлөрүндө эмгектенген. Өмүрүнүн акырында  «Азаттык» радиосунда иштеп жүргөн. Көптөгөн ырларды жазып, 4 китеби: «Жалгыздык» (1996-ж), «Мелмил» (2005-ж), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) жарык көргөн. Бир топ ырларына обон жаралган. Акыркы эле ырын мисалга алсак, «Жарты кайык», «Кош дебечи» деген ырына обончу, ырчы Түмөнбай Колдошов обон жаратып, элдин жүрөгүнөн түнөк тапты.

Alakan.biz

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты мезгилсиз дүйнөдөн өткөн мыкты журналист Зайырбек Ажыматовдун апасына, жубайына, уул-кыздарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

4 thoughts on “Зайырбек Ажыматовдун сандыгында 20 жыл сакталган сары кагаздагы ыр…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.