Эртең кайсы аймактарда күн күркүрөп, жаан жаап, кар түшөт?

Эртең кайсы аймактарда  күн күркүрөп, жаан жаап, кар түшөт?

Эртең, 2-майда Бишкекте,  Талас, Ысык-Көл облустарында жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу жерлеринде түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.