МИЛИЦИЯ: “Коронавирус оорусу жок” деп медсестраны муунтуп, Чаткалда чатак чыгаргандардын иши тергелүүдө”

МИЛИЦИЯ: “Коронавирус оорусу жок” деп медсестраны муунтуп, Чаткалда чатак чыгаргандардын иши тергелүүдө”

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынын журналисттерге билдирүүсүнө караганда,  Чаткалда чатак чыгаргандарга Жазык кодексинин «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» фактысы менен иш козголуп, тергелүүдө. Алар дарыгерлердин талабына баш ийбей, кол көтөргөнгө чейин барышкан.

Окуя Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында 2-майда болгон. Дарыгерлер коронавируска шектелген тургундун үйүнө барышып, ПЦР анализ алып, 2010-жылы туулган баланы ооруканага жаткырыш үчүн алып кетүүнү айтышса, үй ээси ага каршы чыккан. Анын үйүнө кошуналары чогулуп «андай оору жок» деп каршылык көрсөтүшкөн. Жергиликтүү тургундардын бири лаборатория кызматкерин муунтуп, дарыгерлерге жаман сөздөрдү айтышкан. Ал окуя боюнча дарыгерлер милицияга арыз жазышкан, ошонун негизинде иш териштирилүүдө.

Ошондой эле 29 жаштагы айыл тургуну баласынан аныкталган илдетти дарыгерлер купуя кылбай, жарыялап жиберген деп күнөөлөп, алардын үстүнөн арыз менен милицияга кайрылган. Ички иштер бөлүмү Жоруктар кодексинин «Дарыгерлик сырды ачыкка чыгаруу» боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүш ишин да карап жатат.

Бүгүн эртең мененки брифингде  Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Чаткалда коронавирус илдети курчуп баратканын,  учурда 13 адамдан илдет аныкталганын билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.