Каракыз УСУПБАЕВА, 92 жаштагы эмгек ардагери: “Согуш учурунда уйку бетин көргөн жокпуз, күндүз машак терип, түнкүсүн байпак токучубуз”

Каракыз УСУПБАЕВА, 92 жаштагы эмгек ардагери: “Согуш учурунда уйку бетин көргөн жокпуз, күндүз машак терип, түнкүсүн байпак токучубуз”

Улуу Жеңишке 75 жыл! Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Быйыл Улуу Жеңишке 75 жыл болот. Улуу Ата Мекендик согушка кыргыз жергесинен 365 миң адам кетип, алардын 114 миңден ашыгы мекенине кайтпай калган. Алардын бири – Усупбай Кененбаев, 1944-жылы июнда Куйбышев шаарындагы кандуу кармашта каза болгон. Усупбай атабыздын артында бир бала, бир кызы калган экен, уулу да апаат согушка катышып, аман-эсен айылына кайтып келип, 2000-жылы каза болгон. Кызы Каракыз Усупбаева 92 жашта. Бир уул, эки кыздын энеси, 15 небере, 10 чөбөрөнүн чоң апасы, эмгек ардагери, баскан-турганы тың, эстутуму кыйын кең пейил Каракыз апабыз менен кызыктуу маек курдук.

— Апа, Улуу Жеңиштин 75 жылдык майрамы менен куттуктайбыз! 9-майдагы акчалай сыйлыкты, пенсияңызды убагында эле алып турасызбы?

— Ооба, кагылайын, мамлекет пенсияны убагында эле берип турат. Жылына 9-майга карата 10 миң сомдон акчалай сыйлык алып турчу элем, быйыл 15 миң сом алдым.

-Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлери менен оорук эмгекчилери Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Кыргызстан жана Орусиянын мааракелик медалын алдыңызбы?

— Алганым жок, айланайын. Бирок, мындай жакшы кабарды жаңылыктан уктум. Тизмеге кирбей калсам керек да, кагылайын!

— “Улгайганда уйку качып калат” дешет го, уйкуңуз, тамакка табитиңиз кандай?

— Жакшы, айланайын, уйку тынч. Тамакка табитим жакшы, бирок, балык, колбаса, тоок этин жебейм. Башка тамактарды жакшы эле жейм.

— Артка саресеп салып бала кезиңизди айтып берсеңиз болобу?..

— Эми, балалыкты айтканда, биз, Үсөнакун агам экөөбүз, Ак-Суу районундагы Зындан айылындагы кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгенбиз. Агам 1924-жылы, мен 1928-жылы 1-майда туулгам. Кененбаев Усупбай атамдын туулган жылы белгисиз, 1944-жылы июнда Куйбышев шаарында согуштан каза болгон. Адырбай кызы Сыякан апамдын да туулган жылы белгисиз, 1982-жылы көз жумду апам. Агам да согушка катышып келген жоокер эле, 2000-жылы каза болду. Ал 1932-1936-жылдары 4 жылдык билим алып, айылдагы өндүрүштө иштеп жүргөндө, 1941-жылы согуш башталып, 17 жашында майданга кетти. Смоленск, Витебск шаарларындагы уруштарга катышыптыр. 1942-жылдын күз айларында Польшадан башынан оор жаракат алып, 6 ай госпиталда жатып, 1943-жылы айылга кайтып келди. 1946-1947-жылдан баштап колхоздун ар кандай кара жумуштарында иштеди, кийин чабан болуп жүрдү. “Түргөн” совхозунун мыкты чабандар тизмесинин алдыңкы сабында аты-жөнү дайыма турчу. Өкмөт да эмгегин баалабай койгон жок, ушул жылдар аралыгында Өкмөт, партия, облустан, райондон көптөгөн баалуу сыйлыктардын, грамоталардын ээси болду. 1976-жылы “Ардак белгиси”, 1985-жылы I даражадагы Улуу Ата мекендик согуш, 1986-жылы “Эмгек Кызыл Туу”, В.И.Лениндин 100 жылдыгынын юбилейлик медаль, ордендери менен сыйланды. Чабандык кесибин кийин 1986-жылы баласы Усупбаев Таалайбекке өткөрүп берип, ардактуу эс алууга чыкты.

Балалыгыңыз согуш учуруна туура келиптир, бирок сиздей ата-апалардан балалыктын даамын деле сезбедик дегендерин көп укчу элем…

— Ал учурда балалыктын даамы азаптуу болду да, кагылайын. Агам экөөбүздөй балдар-кыздардын балалыгы согуш учуруна туш келди да. 12-13 жаштардагы балдар элек, биз да аябай кыйналдык. Агезде азыркыдай трактор деген жок, бардык ишти кол менен иштеп бүтүрчүбүз. Азап тартып, ачка чоңойдук. Айылдагы кары- жаш дебей жарактуу эркектердин баарын согушка алып кетишти. Атам да, агам да согушка кетип, энем экөөбүз гана калдык. Колу же бутунан ажыраган, көз көрбөй калган эркектер, карылар, аялдар, анан майда балдар калдык. Кыз-кыркын, келиндер эркектин жумушун кылышчу. Чөп чаап, өгүз жетелеп жер тебелетчүбүз,буудай чапкандан кийин талаадан жерде калган машак, буудайларды терчүбүз. Ачарчылык, кийим жок, тамак жок, ага да чыдадык. Сельсовет ар түтүнгө салык салчу, “мээлей, байпак түйгүлө, чапан, тон тиккиле” деп, уйку бетин көрбөй, күндүз талаада иштеп, түнкүсүн байпак, мээлей токуп чыкчубуз. Ээ, кагылайындар, согуш учурунда ачарчылыкты көрдүк, турмуштун азабын тарттык. Азыр заман андай эмес, жакшы. Токчулук, молчулук заман. Ушул жай турмуштун кадырына жетели, айланайындар. Экинчи андай апаат согуш болбосун! Биз көргөндү көрбөгүлө, кагылайындар! Биз билим алып жатканда согуш башталып, жазганга ручка, дептер деген жок, кара карагаттан сыя жасап, китептерге жазчубуз. Карагат сыябыз өчүп калып, окуудан канча кыйналдык  кыйналдык…

— Тамга таанып калыпсыз да анда?

— Ооба да. Тамга тааныган үчүн небере-чөбөрөлөрүмө тамганы, жадыбалды бир эле күндө жаттатып койдум да. Макал-лакаптарды үйрөтөм аларга, жакшы кептерди унутушпасын деп. Эс тутумум мыкты эле.

— Канча уул-кыз, небере-чөбөрөңүз бар?

— Турмушка 17 жашымда чыккам. Түп районундагы Шаты айылына келин болгом. Бир уул, эки кызым бар. 15 небере, 10 чөбөрөлүү болдум. Уулумдун колунда Кемин районундагы Нур айылында турам. Учурда бир жаман илдет башталып, карантин бүтпөй, ушуга кейип турам, эртерээк өтүп кетсин деп. Бул дагы өтөт, кетет, кагылайындар! Телевизордон жаңылыктарды калтырбай көрөм. Бир кызым Италияда эле, ал жакта да карантин болуп жатканын билем. Ошол алыстагы кызымды ойлоп сар-санаа болом. Азыр техника өнүгүп жакшы, телефон аркылуу байланышып турабыз. Миргүл туулган күнүмдө кат жазыптыр, аны неберем Наргиза окуп берди. Жакында Кыргызстанда бараар-барбасымды билбейм дептир. Эртерээк Кыргызстанга келсе экен деп отурам. Кайда болсо да аман болсун, кагылайын кызым! Силер дагы аман жүргүлө, айланайындар!

Миргүл ӨМҮРАЛИЕВА, Италиядагы кызы: “Мени «кыбыр кыймылдайсың» деп апам жумуштун баарын өзү тез-тез жасап салчу”

Жогоруда апа сөз кылган Италиядагы Миргүл кызы апасына туулган күнүндө арнап мындай деп кат жазыптыр, окурмандар менен бөлүшүп коелу дедик:

Апам бүгүн, 1-майда 92 жашка чыкты. Быйыл айылга бараар-барбасымды билбейм. Апамдын басканы тың эле. Былтыр лифт иштей элек жаңы үйүмдүн 4-кабатына өзү кыбырап отуруп басып чыгып келип, эки чөбөрөсүнө батасын берип, өзү эле акырын түшүп кеткен. Туш-тараптан шашпай жөлөп-таяп бараттык, көтөрүп чыгалы десек, такыр көнбөй койду. Жүрөгүмдүн түшкөнүчү, давлениеси көтөрүлбөй, жүрөгүнө күч келбей жетсе экен деп…

Жаш кезинен эле ушундай тың, шамдагай, жаны тынбаган иштемчил, жеңил кыймылдаган, тазалыкты сүйгөн аялзаты болчу. Мени «кыбыр кыймылдайсың«, деп өзү жумуштун баарын шакылдатып жасап салчу. Өзү ошентип көндүргөн да, он жашка чыкканча «жалгыз кызым» деп эркелетип, өтө эле чалчактатып өстүргөн.
Азыр деле апам бар үчүн эркелеп жүрөм.
Деги эле, бактылуу экем, эки энеси, эки атасы бар чоңойгон. Эми ошо төртөөнөн ушул апам эле калды.

«Тиги кыз эмне болуп атты экен тиякта?» деп санаа тартып ыйлап жүрүптүр эки айдан бери.. Баарын билет, угат биякта эмне болуп атканын, жаңылыктарды жазбай көрүп отурат. Бияктагы Ковиддин азайганын угуп, эми бир аз санаасы тынып калыптыр.

Жылда 9-майда апама акча беришет, гумжардам кылышат. Анткени ал эмгектин ветераны. Ал согушка барбаса да, тылда жаштайынан эмгектенген, машак терип, кой баккан, уй сааган, чөп чапкан согуштун ардагери. Согуш башталганда апам 12 жашта экен, 16га чыкканда согуш бүтүптүр.

Туулган күнүң менен, менин апам, майрамың менен!

Көрүшкөнчө күүлүү-күчтүү бол, экөөбүз чогуу да майрамдачу күндөр толтура!
Канча жолу кызыңдын башына ак бантик байлап, ак фартук кийгизип, Балыкчынын көчөсүнө параддарга жиберчү элең
. Ошол күндөрдү кантип унутайын?
Өзүм «бабушка» болдум, сени көп жолу «прабабушка » кылдым.
Жылдар өтө берет экен, баягы кичинекей эрке кара кызың өзү бүгүн чачы агарган кемпир болгон…

Биз да, өз кезегинде, Каракыз апаны туулган күнү, жалпыбыз 75 жылдыгын белгилеп жаткан УЛУУ ЖЕҢИШ майрамы, дегеле май майрамдары менен дагы бир ирет куттуктайбыз. Кутман куракта далай жылдар күүлүү-күчтүү болуп, дөөлөттүү карылыкта ушул кайратыңыздан тайбаңыз. Майрамдардын көркү сиздердей асыл адамдарда, Каракыз апа!

Президенттердин сыйлыгына 92 жаштагы эмгек ардагери Каракыз Усупбаеванын илинбегени суроо туудурат…

Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлери менен оорук эмгекчилери Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Кыргызстан жана Орусиянын мааракелик медалдары менен сыйланганын, сыйлык ээлерине президенттин атынан шаар, райондордогу аскер комиссариаттары, жергиликтүү администрациялар менен өз алдынча башкаруу органдары тапшырып жатканын президенттин басма сөз кызматы 6-майда эле билдирген.

Аны менен катар согуш ардагерлери менен оорук эмгекчилерине Орусия Федерациясынын президентинин атынан «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы тапшырыла турганы айтылган. Кыргызстанда сыйлана турган согуш ардагерлеринин (согуш катышуучулары, майыптар, концлагерлердин жашы жетпеген туткундары жана Ленинград блокадачылары) жалпы саны — 234. Ошондой эле 1769 оорук эмгекчиси бар.

Бирок эки өлкөнүн сыйлыгы тизмесине согуш учурунда ачкачылыкты көрүп, 4 жыл түн уйкусун көрбөй күн-түн талаада иштеген 92 жаштагы эмгек ардагери, оорук эмгекчиси Каракыз Усупбаева апанын илинбей калганы кызык! Муну айтып, башка сыйлык ээлеринин салым-даражасын кемители деген оюбуз жок, болгону катачылык (балким көмүскөдө калып кеткен башка да ысымдар бар!) кимден кеткенин тактап коюуну чечтик. Бул маселе боюнча президенттин басма сөз кызматына, эмне жооп беришээр экен, кайрылып жооп алабыз…

Эске салсак, Орусия тараптын аталган медалды уюштуруу жана жасап чыгуу демилгеси 2018-жылдын 28-сентябрында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен бекитилген. Медаль жалпы КМШ аймагына бирдиктүү болуп саналары белгиленген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.