Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылып, үчөөсүнө ок, бирөөсүнө таш тийген…

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылып, үчөөсүнө ок, бирөөсүнө таш тийген…

Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жергиликтүү жашоочулардын жер талашы чыр-чатакка айланып, бири-бирине таш ыргыткан. Кыргыз бир баланын башына таш тийип, жаракат алган. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атылган. «Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёт аткан. Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор.

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан төрт кыргызстандык жарадар болуп ооруканага түшкөнүн «Азаттык» жазып чыкты. Аларга оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Файзидин Абдрахманов билдирген. Анын айтымында, үчөө — аскер кызматкери, аларга ок тийген. Бирөө жай тургун, ага таш тийген.

Эки тарап Баткен районунун Чек аймагына тиешелүү 50 сотых жерди талашкан. Талашкан жер такталбаган аймакка кирет, бирок, аны Кыргызстан качантан бери пайдаланып келет.

Бул жагдай боюнча тажик тарап расмий маалымат тарата элек.

Эскерте кетсек, былтыр, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Кыргызстан тараптын айтымында, 22-июлда кечки 17:20да Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотобуз дегенде Ак-Сай айылынын тургундары каршы чыккан. Ал эми Тажикстандын чек ара кызматынын айтымында, кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыккан. Чыр чыккан жерге Өкмөттөн кишилер барган. Аягында эки мамлекеттин башчылары жолугуп,  чечишкен сыяктуу кылышкан эле.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.