Эки ирет куугунтукталып, кайра акталган “ЖЕҢИШ МАРШАЛЫ” ГЕОРГИЙ ЖУКОВ

Эки ирет куугунтукталып, кайра акталган “ЖЕҢИШ МАРШАЛЫ” ГЕОРГИЙ ЖУКОВ

Тарых барактары…

“Согуш жылдары алдында чагылгандай тездикте өскөн көрүнүктүү аскер начальниктеринин ичинен ал эң көрүнүктүүсү жана жөндөмү күч мыктысы эле… Аскердик өзгөчө шыгы эле эмес,  арсыздарды аябаган катаал мүнөзү да бар эле. Максат койсо, ага жетиш үчүн “шашпаган кадамдар, тартынчаак аракеттер” ал үчүн эмес болчу,  ал түз кетчү”.

СоветтерСоюзунун Маршалы И.Х.Баграмян

Советтер Союзунун Маршалы (1943), Советтер Союзунун төрт жолку Баатыры (1939, 1944, 1945, 1956), эки “Жеңиш”орденинин кавалери (1944, 1945) , алты “Ленин” орденинин (1936, 1939, 1944, 1945, 1956, 1971) ж.б. советтик жана чет элдик даңктуу орден-медалдардын ээси, эл сыйлаган, “Жеңиш Маршалы” атаган улуу полководец Георгий Константинович Жуков учурунда даңазасына тете мактоону да, жектөөнү да көргөн.

Маршал Георгий Жуковдун тубаса полководецтик дарамети Улуу Ата мекендик согуш жылдарында таасын көрүнгөн.Согуш башталгандан кийинки күнү эле ал коргонуу иш-аракеттерине жигердүүаралашкан, тийиштүү жыйын-кеңешмелерде анын сөзү өтүмдүү болгон, каяша кылганга эч ким даабаган башкы командачы Сталинге туураны туура, туура эмести туура эмес деп тартынбай айтып турган. Согуш жылдары немистерге каршы кыйраткыч соккуларды андан артык эч ким кылалган эмес.Миллиондогон аскерлерди башкарып, күтүүсүз чечимдери мененнемистер күтпөгөн тараптардан чабуулдарды уюштуруп немистердин эсин оодарган. Ал кыйын учурда да жеңишке ишенген. Аны кийин “полководецтердин полководеци” деп мүнөздөшкөн, суктанышкан, таңгалышкан, көптөр жакшы көрүшкөн, көптөр сестенишкен, жогорку бийлик эшелонунда аны көрө албагандар да мол болгон.

Жеке жашоосуна көз чаптырсак…

Маршалдын өмүр таржымалында кызыктуу да, азаптуу да, армандуу да фактылар көп. Жай турмушу да өзүнчө бир далай кепке татыйт. Кыскача айтканда, ал карапайым үй-бүлөнүн баласы болгон. Кара жумушка кичинесинен аралашкан. Бала кезинен өмүрүнүн акырына чейин ал үчүнэң бир айныгыс нерсе китептер болгон. Окууга кичинесинен дилгир болгон: чиркөө мектебинин 3 классын мактоо баракчасын менен бүтүрүп, сүйүнгөн апасы жаңы көйнөк, атасы жаңы өтүк тигип берген экен. “Билимиң бар, эми өнөр үйрөн” деп ата-энеси Москвага таякесинин тери иштеткен өнөрканасына жөнөтүшкөндө, 15 сааттык оор жумушун да кылып, таяк да жеп жүрүп тери иштеткендин баштапкы курсун аяктап, ынтызарлыгы менен кечки жалпы билим берүүчү курскакирип, түндөп сабактарын окуп, шаардык кесиптик окуу жайдын толук курсун сынактарын жакшы тапшырып бүтүрүп аттестат алат, тери иштетүүнүн чебери да болот.Жеке жашоосу болсо, өзүнчө аңыз кеп болуп айтылып келет. “Жуков” деген көп сериялуу фильм тартылып, анын жашоосунда болгон төрт аялзаты тууралуу баса белгиленип көрсөтүлөт(бул сериал маршалдын кызына, башка да тарыхый инсандардын урпактарына жаккан эмес). Георгий Жуков биржубайынанэкикыздуу, ортодобираялынанбир, соңкужубайынанбиркыздууболгон. Төрткызытеңжогоркубилим алышкан,биркызы “Маршал Жуков” дегенкоомдукфонддутүптөсө, соңкужубайынанкөргөнкызы Мария “Маршал Жуков – менинатам” дегенкитепжазган.

Аскердик жашоосун барактасак…

Ал жашоосу падышачыл армиядан башталат 1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш башталып, аскердик чоң жоготууларга учураган Орус империясы 1896-жылы төрөлгөндөрдү катары менен армияга ала баштайт. Георгий Жуков да 1915-жылы чакыруу алат. Кавалерияга тандалып алынып, Калугага жөнөтүлүп, 189-запастагы жөө аскерлер батальонун 5-кавалериялык полкунда анын аскердик жашоосу башталат. Ортодо кавалерия унтер-офицери окуусун окуп, 1916-жылы Түштүк-Батыш фронтуна Новгородго10-драгундар полкуна жөнөтүлөт. Ал жактагы эрдиктери менен 4-даражадагы Георгий крестине татыйт, башынан катуу жаракат алып, кулагы чала угуп, запастагы кавалерия полкуна которулат. Кийин ал жактан 3-даражадагы Георгий крестин алат. 1917-жылы Москвага, анан айылына кайтып барып, келте менен көпкө ооруп калат.

Георгий Жуков эми Кызыл Армия катарында

1918-жылы август айынан Кызыл Армия катарына кошулат. Жарандык согуштаАнтон Деникин жана Перт Врангелдин армиясына каршы кармаштарга катышат, каармандык көрсөтүп, жаракат да алат. 1920-жылы Рязань кавалерлер курсун бүтүрүп, взвод командири, кийин эскадронду башкарып калат. Анын бөлүгү Тамбовдогу Антонов көтөрүлүшүн басууга катышып, Жуков Кызыл Туу орденин алат. Ал ортодо Белорус мамлекеттик университетинде аскерге чейин даярдык курстарына сабак да берип калат. 1930-жылдары 4-кавалериялык дивизияны башкарып, кавалерия боюнча Белорус аскердик аймагына командачы орун басары болуп дайындалат. Кийин бул аймакты башкарган Иероним Уборевич кандайдыр бир жагдайлардан улам “эл душманына” айланып, Георгий Жуков да айыптоого кабылат. Ал дароо Иосиф Сталинге, Климент Ворошиловго “кызматта турганда начальник менен кызматтык байланыш болбой койбойт да” деп телеграмма жөнөтүп, ага сөгүш берип тим болушат.

Улуу Ата Мекендик согуш. Георгий Жуков – “Жеңиш Маршалы”

Улуу Ата Мекендик согуш башталар алдында Саясий бюро Георгий Константиновичти Башкы штабдын начальниги кылып дайындайт. Жуков фашисттик Германиянын кол салуу ниетин сезип, биринчи эле бардык армияны күжүрмөн даярдыкка келтирүүгө аракет кылат, бирок Сталинди ынандыра албай коюп, анысына кийин далай өкүнгөн экен.

Улуу Ата Мекендик согуш маалында Жуков башында турган же координация кылган маанилүү согуштук иш-аракеттер десек:

  • 1941-жыл – Смоленск кармашы, Ельнин операциясы, Ленинград коргонуусу, Москва коргонуусу жана Москва алдындагы контрчабуулдар;
  • 1942-жыл – Ржевск-Вяземск, Ржевск-Сычев чабуул операциялары, Сталинград кармашы.
  • 1943 жыл Ленинград блокадасын жарып чыгуу, Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндө эң зор бурулуш болгон Курск кармашы, Днепр үчүн болгон кармаш;
  • 1944-жыл – Украинанын Правобережной (Днепрдин оң жээги) тарабындагы советтик аскерлер чабуулу, Проскуров-Черновиц, Кызыл Армияга Белорус, Литва, Латвия ССРдин айрым аймактарын немистерден бошотконго, Польшага киргенге мүмкүнчүлүк берген “Багратион” операциясын;
  • 1945-жыл Висла-Одер, Чыгыш Померания, Берлин чабуулдарын атасак болот.

Айрымдарына токтолсок, 1941-жылы немистер баскынчылык жүрүшүн токтотпой, октябрь ортосунда Москва оор абалда калат. 12-октябрда биздин аскерлер артка чегинип Калуга, 14-октябрда Калинин, 18-октябрда Можайск душман колунда калат. 15-октябрда Москвадан жогорку бийлик органдарын, чет элдик элчиликтерди эвакуация кылуу токтому кабыл алынат.Сталин Жуковдон “Москваны сактап каларыбызга ишенесизби? Муну жаным кейип сурап атам. Коммунист катары чындыгын айтыңыз!” дегенде, Жуков: “Москваны колдон чыгарбайбыз. Бирок дагы эки армия жана эки жүздөй танк керек” дейт. Айтканындай эле, Москвага душман киргизбей, 5-декабрда Кызыл Армия контрчабуулга өтөт.

Ал эми тагдыр чечкен Курск салгылашынын алдында танктар менен чабуул жасоочу өңүттөрдү байкаштырып чыкмакчы болуп, Георгий Жуков 2-3 адам менен чалгынга өзү барат. Немистер байкап калып, аларды карай 2-3 снарядды жаадырышканда, бири аларга жакын жарылып  Георгий Жуков жан сакчысы менен контузия алып, бир кулагы дагы укпай калат. Доктор госпиталга жатыш керек десе болбой, “Кайдагы госпиталь! Ушул жерден эле дарыланабыз” деп болбой коет. Ошондо немистердин планы менен жакшы тааныш советтик командачылык душмандын чабуулунан бир нече саат мурун аларга каршы жерден жана абадан ири чабуулдарды уюштуруп, фашисттик аскерлердин чабуулунун да мизин кайтарышат. 12-июлда Курск урчугунун Прохоров районунда эки тараптан 1500дөй танк катышкан ири салгылаш болот. Курск салгылашуусу 50 күнгө созулуп, Орел, Белгород, Харьков шаарлары бошотулат, душмандыбир кыйла артка сүрүп, Советтик Армия стратегиялык артыкчылыкты өз колуна алат.

№1 “Жеңиш” ордени, №1 Советтер Союзунун Маршалы

Советтер Союзунун Маршалы деген наамды баарынан биринчи болуп Георгий Константинович Жуков 1943-жылы алат. Ошол жылдын 8-ноябрында негизделген “Жеңиш” орденин да 1944-жылы биринчилерден болуп тагынат. Маршал катары ал фашисттик Германиянын багынып берүү актысына кол коет, 1945-жылдын 24-июнунда Кызыл Аянтта Жеңиш парадынкабыл алат, сентябрь айында  Берлинде Бранденбург дарбазасынын алдында парад өткөрөт.

Георгий Жуков ачуусу бар, кеги жок адам болгон

Георгий Жуковду орой, катаал, бетке чабар катары мүнөздөшкөн. Ал болгону ачык айтканды, жоопкерчиликти жактырган. Ошондуктан кол алдындагыларга талапты катуу койгон. Жөнсүз талаш-тартышты сүйгөн эмес, жөндүү сунуш-жүйөлөрдү уга билген. Маани-маңызын түшүнүп, чечим кабылданган соң буйруктардын кынтыксыз аткарылышын талап кылган. Советтик аскерлерден бошотулган жерлердеги маданий эстеликтерди талкалоого, үйлөрдү тоногонго катуу тыюу салган. Анын замандаштары Жуковдун эч бир мактоого көтөрүлүп кетпегендигин, бардык жерде чыныгы жоокерче алып жүргөнүн айтышат.

Анын дарегине элден келген каттар окулбай калган эмес

Анын дарегине элден келген каттар түз эле Москвага келип турган. Согуш талааларынан кайтып барып калганда, сөзсүз окуп чыккан.“Өз колуна” деген каттарга башкаларды тийгизген эмес, өзү гана ачып окуп, маселе болсо, дароо чечип берген экен. Бир мисал, Владимир Майдибор деген жоокер ага Прохладный шаарында үй-бүлөсү – аялы менен эки баласы отун-суусуз, тамак-ашсыз калганын айтып кат жазса, аны окуп, дароо шаардын аскер комиссарына билдирүүнү тапшырган да, “Шаар комиссарынан кабар барбы?” деп кабар алып турган. Жардам берилип, солдат Майдибордон ыраазычылык катын алган экен.

Георгий Жуков да ырдаган, бийлеген

Георгий Жуков баянда ойногонду жакшы көргөн. “Тройка», «Коробейники», «Славное море, священный Байкал», «Темная ночь», «Соловьи»… ырларын жакшы көргөн жана баянга салып ойной калчу экен. Жөнү келген жерде бийлеп да койгону бар экен. Мисалы, 1945-жылы 9-майда Берлин четиндеги Карлсхорт шаарчасында Германиянын кыңк этпей багынып бергендиги тууралуу актыга кол коюлгандан кийин маршал Жуков, Улуу Британия авиациясынын башкы маршалы АртурТеддер, француз армиясынын башкы командири генерал де Латр де Тассиньи бири-бирин кол кысып куттукташып, салтанат орус ыр-бийи менен коштолот. Ошондо Георгий Жуков орус бийин келиштире бийлеп, аны Рокоссовский коштоп, аларга француз генералыде Латтр де Тассиньи кошулуп Жеңишти шаңдуу белгилешкени тарыхый документтерге жазылган экен.

Георгий Жуков алгачкы Жеңиш Парадын кабыл алган

Жуковдун китебинде жазганы боюнча, парад өткөрүүнү Иосиф Сталин сунуштап, башка аскер башчылары колдошкон. Бирок парадды ким кабыл алат, ким жетекчилик кылат деп талкуулашкан эмес. Бардыгы парадды кабыл алуу, башкаруу Башкы кол башчы Сталинге ылайык деп билишкен. Бирок, Жуковдун жазганы боюнча, 18и же 19-июнь күнүбү, ага Сталин чалып дачага чакырган да, атка мингенди унутуп-унутпаганын сураган. Көрсө, Сталин парадга чейин ат минип көрөйүн деп, бирок кармана албай аттан кулап ийинин оорутуп алган болот. “Эски кавалерист да, парадды Жуков кабыл алсын” дейт да, Жуковго: “Парадды Рокоссовский башкарат, сиз кабыл аласыз” дейт.

№1 жектөөлөр, каралоолор жана“сүргүн”…

Иосиф Сталин Георгий Жуковгосогушучурунда 41 жолужекеыраазычылыгынбилдиргендешет. Бирок согушаяктаганданкийин да “ЖеңишМаршалына” кемибегенэлдинсыйы, жоокерлерарасындагыбийикбедел-даражасыага жакканэмесэкен. Ар улуттункаймактарынынтүбүнөжеткен Берия, айтылуу СМЕРШ башчысы генерал Абакумовгоокшогондор “отко май чачып” Жуковдукаралоонукатуужүргүзүшкөн. Анын ар биркадамынчекисттертыкыркараптурушкан. Аны менен байланышыболгон аскер адамдарынкармап, камап Жуков боюнча компромат топтошкон. “Жеңишпарадынанкийинки биринчи тостунСталингеарнаганжок”дегенденбаштап, Сталиндинордункөздөпжататдегенгечейинжетишкен. “Трофей иши” дууболуп,”согуштанкийин ар кыласембуюмдардыыйгарыпалган; Адольф Гитлердинармиясынталкалоодосалымынашыкчакөбүртүпжатат;жеңиштергечоңжоготуулармененжетишкен” дегенайыптоолоркоюлат. Георгий Жуков чынында эле Германияданэмерек, килем ж.б. буюмдардыалыпкелгенин, ал тууралууучурундажогорудагыжетекчиликкебилдирбегенинеөкүнөрүнайткан.Көп узабай Георгий Жуковду кызматынан ылдыйлатуу башталат. 1946-жылдын март аягында Жуковду Берлинден Москвага чакырып, Кургактагы аскерлерге башчы кылып дайындап, Сталиндин биринчи орун басары кызматынан алышат. Жогорку аскер кеңеши июнь айында Жуковду “текебер, Советтик Армиянын бардык жеңишин өзүнө ыйгарып алды, КПССтин Борбордун комитетин, өкмөттү сыйлабай калды, бонапартизмге ыктап баратат” сындуу айыптарды коюп, жыйынтыгында Жуков жогорудагыжаңы эле дайындалган кызматынан алынып, Одесса аскердик аймагындагы аскерлерге башчы кылып жөнөтүлөт. 1948-жылы Жуковду “саясий жана моралдык жактан жараксыз” таризде бул кызматтан да алып, чакан бир аймакты – Урал аскер аймагын башкарганга дайындап, муну менен “сүргүнгө айдагандай” эле кылышат.

Төбөлдөр төпөштөсө да, эл сүйүүсү эскирген эмес

Суук Свердловскиге жөнөр алдында Георгий Жуковдун жүрөгү кармап калат. Ден соолугу оңолгондо, Урал аймагындагы аскерлерди башкарганы жөнөп кетет. Бирок аны кугунтуктоонун жеткен чегин ушундан көрүңүз, аймактык партия жетекчилерине: “Эл билбесин, “Георгий Жуков тууралуу прессада маалымат кыскарсын, ага кызматка дайындалышы боюнча эч кандай урмат-сый уюштурулбасын” деген талапты катуу коюшат. Айткандай эле, 1948-жылы Уралдагы бир дагы гезитке Георгий Константиновичтин бул аймакка келгени боюнча эч кандаймаалымат чыкпайт. Областтык партия жыйындарында президиумга шайлашпайт, “Кызыл Армиянын он соккусу” деген көрсөтмө тактайга согуштагы маршалдардын жеңиштери жазылып, Жуков тууралуу бир да сөз кылышпайт.Бирок төбөлдөр даңазасын, тажрыйбасын, салымын жокко чыгарып, чакан бир аймактагы аскерди башкартып койсо да, Жуковду эл сүйгөн, сыйлаган. Маршалды ушундай жакшы көрүшкөн экен, 1950-жылы Ирбит мотоцикл заводунун жумушчулары СССРдин Жогорку Советине депутаттыкка көрсөтүшөт. Үгүт иштери учурунда Жуков Уралды кыдырганда, аны менен жолукканы эл көп агылып келип, имараттарга батпай, жолугушуулар көчөлөрдөөтөт. Элдин ага болгон сыйынын, сүйүүсүнүн дагы бир далили – 1951-жылы 1-майда шаарда майрамдык парад өткөрүлөт. Георгий Жуков “Мальчик” деген атты минип парадды кабыл алып жатканда, фотокабарчылардын бири капилет чыга калып Жуковду сүрөткөтартканда,фотоаппарат жарыгы, музыка үнү атты үркүтүп, маршал жерге кулап түшөт. Элдин баары дымып калганда, Жуков тура калып атка кайра мингенде, эл “Жуков! Жуков! Жуков!” деп кубаттап көпкө кыйкырышкан экен.

№2 жектөөлөр, каралоолортолкуну жана эпкини

Сталин өлгөндөн кийин Маленков, Молотов, Берия жана Хрущев Жуковду коргоо министринин биринчи орун басары кылып дайындап, КПСС БК мүчөсү кылып, ар бири бийлик үчүн кармашта Жуковдун эл ичиндеги бедел-даражасын, даңазасын тымызын пайдаланып калгылары келген. Маленков, Хрущев, Молотов Бериядан кутулууну чечишкенде, Жуков алар тараптык болот. 1955-жылы февралда Жуков СССР коргоо министри болуп дайындалат. 1956-жылы “сталиндик гвардия” Хрущевго “чабуулду” баштаганда Жуков Хрущевду колдоп чыгат. Анткен менен Хрущев Жуковду саясий атаандаш көрүп, кутулуу үчүн алгач аны Югославия жана Албанияга командировкага жөнөтүп, келгенче “текебер, армиядагы политоргандарды теңине албайт, армияда өзүмчүлдүгү көп, өз бийлигин жүргүзгүсү келет” сындуу айыптар тагылып, бардык аскердик аймактарда Жуковду жаманатты кылуу иш-аракеттери жүрөт. Күтүлгөндөй эле 1957-жылы 26-октябрда Жуковду коргоо министри кызматынан алышат, БК КПССтин Президиуму жана БК курамынан чыгарышат.

КаралоонуБрежнев заманы токтотот

Бийликке Брежнев келгенден кийин маршалды каралоо, сындоолоразаят. Салтанаттуу жыйындарга чакырылып, басылмаларга анын макалалары, маектери чыга баштайт. Кремлге келип-кетип, жыйындарга катышып, “Если дорог тебе твой дом» жана «Страницы Сталинградской битвы» деген даректүү тасмаларга кеңешчи да болуп, алтүгүл эки сериясына да тартылат. Өз өмүр жолун баяндаган «Воспоминания и размышления» мемуар китебин 10 жыл жазган экен.

Өмүр соңу, аткарылбаган керээз

Соңку жубайы Галина Александровна рактан каза болгондо Георгий Жуков өзүн абдан таштап коет. 1974-жылы инсульталып, кийин инфаркт болуп, бир канча жума комага түшүп ооруканага жатып калат да, 18-июнда каза болот. Бирок маршалдын акыркы “сөөгүмдү жерге бергиле” деген өтүнүч-керээзи аткарылбай, кремация кылынып, күлү Кызыл Аянттагы Кремль дубалдарына жашырылат. 100 жылдыгында гана диний жөрөлгөлөр менен зыйнаты өткөрүлгөн экен.

Айтмакчы, Георгий Константинович Жуковду актоо чаралары толук кылынган эмес. Аны бардык каралоолордон актаган тарыхый адилеттүүлүк 1999-жылдын сентябрь айында гана орногон.Айтымында, саясий кугунтуктоолордун курмандыктарын актоо боюнча Россия Федерациясынын президенти караштуу комиссия Георгий Константинович Жуковго учурунда коюлган айыптардын баары божомол-жоромолдор, факт-далилдерди бурмалоо, курулай жалаа, каралоолор менен жүргөндүгүн далилдеп документтештирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.