Эрнис АСЕК уулу: “Көрүмө келдиңби, сен? Келдиңби куран окуп…”

Эрнис АСЕК уулу: “Көрүмө келдиңби, сен? Келдиңби куран окуп…”

13-июнь. Мыкты котормочу, акын, журналист, философ Эрнис АСЕК уулу жарык дүйнөгө келген күн. Көзү тирүү болгондо бүгүн 50 жашка чыкмак. Байымдын туулган күнүнө карата Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылындагы классташтары бейитине эстелик коюп, мал союп, куран окуп эскеришти.  

Бейитиңе барып ыйлап турдук…

Бейит башына барганда айрым классташтары: “Эмнеге эстеликке Эрнис Асек уулу болуп жазылып калды? Эрнис Асанаалы уулу деп жазылыш керек эле да” деп суроо салганда, байымдын төрт эжеси (Гүлмира, Нурила, Нурбү, Гулина эжелерибиз): “Айылдагылардын баары атабызды Асек деп аташчу. Атамды ушул ат менен таанышчу. Атабыздан да эрте ажыраганбыз. Эрнистин сөөгү да атабыздан алыс эмес, катарлаш коюлду. Инибиз жерге жаксын, жаткан жери жайлуу болсун. Эрнистин классташтары, силерге рахмат, бизди айылга чакырып, эстелик коюп жатасыңар. Инибиздин арбагы ыраазы болсун” деп көздөрүнө жаш алышты…

Классташтары: “Эрнис досубуз арабыздан эрте кетип калды. Классташтардын арасында авторитети күчтүү эле, активист болчу. “Балдар, антели, минтели” деп мектепке бир нерсени уюштуруп жибермей жагынан да кыйын эле. Классташтар элесин эстеп жүрөлү деп эстелигин койдук. Тирүүнүн колдон келген иши ушул экен. Курандан башка арга жок, кайрат кылыңыздар. Классташыбыз жерге жаксын, калган өмүр жашын балдарына берсин” деп бизге кайрат айтып турушту…

Эң улуу Гүлмира эжебиз: “Эрнис алты бир туугандын кенжеси, көкүрөк күчүгүбүз эле. Өмүрү кыска болуп калды. Силердин өмүрүңөр узун болсун, рахмат. Инибиздин арбагы колдоп жүрсүн, балдарыңардын урмат-сыйын көргүлө, көп жашагыла” деп үнү каргылданып, көзүнө жаш алды. Нурила эжебиз: “Бүгүн биз минтип инибизди эскербей, 50 жашын белгилесек болмок. Силер тойго келсеңер болмок. Эрнистин жаркын элеси ар бирибиздин жүрөгүбүздө сакталат. Инибиздин арбагы ыраазы болсун!” деп ыйлады…

Кумар жезде менен Арстан жезде да Эрнистин классташтарына ыраазычылык билдирди. Арстан жезде: “Силерге чоң рахмат, араңар кемибесин. Эрниске эстелик коюп чоң иш кылдыңар. Эрнис өтө билимдүү болчу, бирок, популист эмес эле. Телерадиого чыкпай, баш тартып, котормо, чыгармасы менен үйдө отуруп албадыбы. Великий кишилер ушундай жөнөкөй болот турбайбы. Болбосо көптөгөн чыгармасы бар. Ошол жазгандарын Назира китепке айлантып, даярдап жатат. Кудай буйруп чыгып калса, классташыңардын ошол жарык көрбөй калган чыгармаларын китептен окуйсуңар. Өмүрү өтө кыска болуп калды, арга жок. Курандан башка айла жок. Силердин өмүрүңөр узун болсун, балдарыңардын сый-урматын көргүлө!” деди. Куран окулду. Кетишти…

Үпөл эжебиз да артыңдан кетти, байым…

Эрнисим, эстелигиңдин алдында мелтиреп жалгыз калдым. Таштагы сүрөтүңдү сылап, элесиңди эстеп, жүрөгүм тилинип, ичим ачышып, ыйлап турдум. Эсиңдеби, ушул жерге мени, кызың Бегимай, уулуң Татты өзүң алып келип, “Атамдын бейити бул жерде, апамдыкы бул жерде, чоң апамдыкы бул жерде” деп, куран окуп кеттик эле… Эми минтип асыл адамдарыбыздын арасынан өзүң түбөлүк жай таап, сыздатып отурасың… Аттиң, арман, адам бүгүн бар, эртең жок деген ушул турбайбы…

Эрнисим, мен келдим. Туйдуңбу?.. 11-июнда Кызыл-Тууга сен жок, бир туугандарың менен келгем. Жол катар мүрзөлөрдү көрүп, жүрөк сыздап келди… Тоолорду көрүп, “Тоону сагындым. Тоону көрсөм эле көөнүм тоюп калат. Тоону кучактап жаткым келет” деген сенин сөзүңдү эстеп көзүмө жаш кылгырды. Жаратылышты жакшы көрчү эмес белең. Терезе жакты карап ыйлап, бери карап күлүп бир туугандарыңа сыр бербегеним менен ичимден сызып, ичим ачышып келатты. Сөздөрүңдү, элесиңди эстеп көздөн жаш куюлуп келатты… Байым, Асек атабыздын бир тууган карындашы Үпөл эжебиз да артыңдан майдын аягы кеткенин Кызыл-Тууга келатканда Гулина эжеден уктум. Ал карантиндин азабынан убагында батага келе албай калгандарын айтты. Бир туугандарың менен 11-июнда Куланакка барып, куран окутуп келдик. Сен каза болгон күнү (29-январда) Үпөл эжебиз боз үйдө: “Эрнис, кагылайыным, мынча эмне өмүрүң кыска болуп калды? Каралдым дагы жашай турсаң болбойт беле? Мендей болуп 80 жашка чыкпайт белең? Кызыңды турмушка узатып, уулуңду үйлөнтүп, жакшылыгын көрүп кетпейт белең?” деп менин жанымда ыйлап отурду эле… Катуу суукка карабай, боз үйдө чыдап, сыздап, сени жоктоп отурду эле. Минтип уул-кыздарын сыздатып, өзү да сенин артыңдан кетти…

Үпөл эженин энелеш эжеси, 90 жаштагы Абия эжебиз сени сураптыр, “Эрнис эмнеге Үпөл эжесине топурак салганы келген жок?” деп. Анда да сенин жоктугуңду ден соолугуна байланыштуу угуза албай коюшуптур. Гүлмира эжебиз кайним Русланга: “Бул кылганыңар туура эмес. Эжебизге ачыгын айтып эле койсоңор болмок. Эжесине топурак салганы келген жок деп Эрнисти жаман көрүп жатат да. Бул күнөө, бар ачыгын айт деп” Русланды Куланакка жибериптир. Русландан жаман кабарды уккан эжебиз: “Эрте айтпайт белеңер? Эрнистин кыркылыгына бармакмын” деп боздоптур… Ошентип Абия эжебиз сенден ажыраганыбызга 4 ай, 13 күн дегенде угуп сыздап отурат. Бир колуна таягын таянып, бир колуна келинин жетелетип алып такси менен келип, көпкө ыйлап, басылбай, бугун чыгарды… Кайын эжелеримди кучактап: “Кагылайыным ай, Эрнисим, мага топурак салбайт белең? Кудай сага өмүр берип, мени алып кетпейт беле? Эмне кылам, мени ажал албады. Сенин алдыңда кетпейт белем, каралдым ай” деп чыркырап ыйлап, баарыбызды ыйлатты… Мени кучактап: “Ооруканага алып барып, дарылабайт белең?” дегенде, Нурила кайын эжем: “Алып барыптыр. Кечинде жүрөгү кармап калганда ооруканага алып барса, эртең менен үзүлүп кетиптир. Жүрөк деген ошо экен да”,-деди. “Силер аман болгула эми, силер аман болгула!” деп батасын берип, баласы Татты сурады.

“Ата, узак жашаңыз!”… “Кошуңуз, ата!”…

Эрнисим, балаң Тат окуусунан, жумушунан колу бошобой келбей калыптыр. Бошогондо бир келип кетээрбиз… Эрнисим, алтыным, жаным, байым бүгүн биз кайрат укпай, куттуктоо сөз уксак кана? Абия эжебиз ыйлабай, сага батасын берип турса кана? Классташтарың минтип бейитиңе эстелик тургузбай, алкынган аргымак мингизсе кана? Куран окутпай, тоюңду өткөрсөк кана? Бирок, билем, сен той-топурду “ысырап” деп өткөртмөк эмессиң. Дегеле даталуу күндү белгиленди жаман көрчүсүң. “Тирүүлүктүн өзү майрам. Агарган таңдын атканын, кызарган күндүн батканын көргөндүн өзү майрам” деп какшачусуң. Сенин тирүү жүргөнүң чо-оң майрам болуптур, байым…

Бүгүн сенин туулган күнүң. Туулган күнүңдөгү жылуу мүнөттөр эске түштү. Каршылыгыңа карабай дасторкон жайчу элем, белегин көтөрүп Тат келчү эле. Таттын келбети да, мүнөзү да сага окшош эмеспи. Акылдуу, жөнөкөй, жоош, бирөөгө бир жамандык кылбаган, бирөөнү жамандабаган, орунду сүйлөп, өзүн олуттуу кармаган жигит. Чоңойгон сайын балдар дагы мүнөз күтөт экен. Тат мүнөз күткөн жок. Атасына жаман сөз айтып, жүрөгүнө так калтырган жок. Атасына өйдө карап өктөм сүйлөп, көңүлүн калтырган жок. Эрнисимдин эсинде калганы акыркы эки жылдагы туулган күнүндөгү баласынын белеги болду. 2018-жыл мүчөл жылы болчу, туулган күнүндө Тат кызыл футболка менен боз шым алып келип, “Ата, мүчөл жылында кызыл кийиш керек экен, ошон үчүн кызыл өң алдык Нурила эже экөөбүз” деп, кайын эжем экөөнүн белегин берип, “Ата, ден соолукта жүрүңүз, узак жашаңыз, биздин жакшылыктарды көрүңүз” деп каалоо-тилегин айтып, атасы менен сыймыктанаарын баса белгилеген эле. Таттын белегин кийип көр десем, тамашөкөй Эрнис: “Чоң апам ким кандай белек берсе да, ошону менен минтип эки көзүн сүртүп койчу эле” деп көз айнегин өйдө көтөрүп, белектер менен көзүн сүртүп бизди күлдүрдү эле. Уулун узатып келгенден кийин, белектерин колуна алып, “Күчүгүм десе, Татигим чоңоюп калыптыр. Сыймыктанам деди” деп көзүнө жаш алган эле…  Бул кубанычтын көз жашы эле.. Баласынын биринчи белеги эле…

Кийинки жылы (2019-жылы) да туулган күнүндө келип, “Ата, туулган күнүңүз менен! Бу жолу ак футболка алып келдим. Жолуңуз ак болсун. Өмүрүңүз узун болсун!” деп белек кылган. Тат кайда көчпөйлү куттуу үйүбүзгө келип, жөнөкөй, жупуну жашообузга күбө болуп, кубанычыбызга ортоктош болуп жүрдү. Жети жылда 9 квартирага көчүппүз… Акыркысы Арча-Бешик болду. Таттын атасы менен акыркы жолугушуусу ошол үйдө, январдын 19у болду. Базар күн эле. Эрнис дасторкон үстүндө баласынын окуусун сурап, “Балам, диплом жазып атасыңбы? Дипломго жардам берем, мен 25 диплом жазып бергем, тажрыйбалуумун” деп күлгөн. Тат жылмайып гана тим болгон. Ошол жолугушуу ата-баланын акыркы жолугушуусу экен. Он күндөн кийин эле атасынан ажырап калды. Ооруканага келди, бирок, көргөнгө үлгүргөн жок. Тат атасынын сөөгү салынган машинага түшүп, рулдагы жээни Айбектин жанына отуруп, атасынын сөөгүн карап барды. “Ата, эми мен сизди көрбөйм” деп атакелеп боз үйдүн жанында ыйлап турду… Аттиң, аттиң, Тат да Эрнистей болуп атасынан жаш калды…

Татик, күчүгүм (атасы да ушинтип эркелетчү), атаң сенин дипломуңа жардам берүүгө жетишпей калды. Быйыл БГУну бүтүп жатасың атаң жок. Атаң тирүү болгондо сенин ЖОЖду бүтүп жатканыңды, атаңдын 50 жашын баягыдай үчөөбүз белгилейт элек го. Татик, өмүрүң узун болсун, узак жаша! Эч нерседен кем болбо! Атаңдын да каалоосу ушул болчу!

Эрнис АСЕК уулу: “Чиренип жатат сөөгүм”

Байым, өлөөрүңдү алдын ала билдиң беле? Неге жүрөк ооруткан ырларды жазгансың? 5 жыл мурун эле “Көрүмө келдиңби, сен?” деп жазыпсың го, неге?..  “Эмесмин” аттуу ырыңды эрте окусам кана, аттиң?!

Эмесмин…

Көрүмө келдиңби, сен?

Келдиңби куран окуп,

Умсунтуп өткөн элес,

Убайым убал токуп?

Желаргы чачың сылап,

Жебелер мүнөт санап,

Тумтак бир ойлор келип,

Турабы жүрөк канап?..

Аттиң ай, андай эмес…

Асмандан көз көрүнбөйт.

Ыргалган терек болбой,

Ырлардан сөз бөлүнбөйт…

 

Жер алды түнт, караңгы.

Жетеней тамчы тамат.

Уктаган ушул дене

Умсуна камчы самап…

Үшүгөн үмүт да жок,

Үлгүрөйт болгон сезим.

Жыландай сойлоп суроо,

Жымжырттык болгон кезим…

 

Баарысы артта калды,

Бакыттын мөмөсү жок.

Эх, кандай бактылуумун?

Эргүүнүн төбөсү жок…

Кыялдар учкан, учкан,

Кылымдын сезбей дилин.

Кежир бир жан эс алып,

Келбейт го эми жиним?..

 

Баарысы артта калды…

Барыңдын жогу — жакшы.

Куу тилди куураталган

Курдүрмөт огу — бакшы.

Айтканым — алыс ойлор.

Аны сен артка ташта!

Акырет дос да болбойт,

Абалды кайра башта!

Дегендин денеси бар.

Демикпей сал назарды.

Эгенин эгеси бар,

Ээликпей ук мазарды!..

 

Баарысы жалган, жалган…

Батылдык салаар жолду.

Капылет ойго келип,

Карматчы “жаман” колду…

 

Өттү кез, өттү учур.

Өмүрдүн өзү Өлүм.

Кашкайган чындык турат,

Калганы – баары төгүн.

Төрөлүк пейил жалган,

Төбөдөн көз көрүнөр…

Чаржайыт ойлор тарап,

Чаксобол Сөз көрүнөр…

 

Көрүмө келдиңби, сен?

Көөдөн жок… Сен эмессиң!!!

Чиренип жатат сөөгүм…

Чиренип жатат сөөгүм…

А бирок мен эмесмин, мен эмесмин…

Эрнис АСЕК уулу

2015-жыл

Бейит үстүндө ушул ырыңды эстеп, “сен болбой калсаң кана?” деп боздоп, айла жок көрүңдөн алыстап бараттым… Мүрзөлөрдүн чыгып баратканда Кадырбек жезденин бейитинин башына эже, жезделер отуруп, куран окуп жатышыптыр. Аягында Нурила эжем калып, жолдошунун сүрөтүн сылап турду. Жанына барсам, “Кадырбекке ушул ырды Эрнис жазып берди эле” деп жашыды.

Жаз эле. Жазмыш эле,

Жарык нур жүзүң эле.

Жараткан жазып кетен күзүң беле?

Баш балаң, жубайың, достор ыйлап,

Таш элес сенин жалгыз түзүң беле?” деп жазыпсың, жаным. Байым, өзүң жазгандай, биз дагы сени жоктоп калдык. Артыңда жубайың, балдарың, бир туугандарың ыйлап калды. Жаным, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Кош, алтыным. Дагы бир кайрылып келээрмин…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.