Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «…Кайран Мелис байке, …кайран Эрнис, силерсиз көп нерсе ээн калгандай сезилет»

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «…Кайран Мелис байке, …кайран Эрнис, силерсиз көп нерсе ээн калгандай сезилет»

РЕДАКЦИЯДАН: Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев гений ага-ини Мелис Эшимканов, Эрнис Асек уулу (Эшимканов) менен бир кезде кесиптеш болуп «Асаба» гезитинде чогуу иштеди эле. Бүгүн Эрнистин туулган күнүнө карата бир кездеги кесиптешинин жаркын элесин эскерип берди.

(Кесиптешим Эрнис Эшимкановдун жаркын элесине)

Быйылкы жыл коронавирус апааты гана эмес, жаш таланттарды алып кеткен татаал жыл болду, алар: Эрнис Эшимканов, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов.

…Ал учур басма сөздө “Асабанын” алтын доору эле.

…Карапайым калк ак үйгө азыраак ишенип, “Асабага” көбүрөөк ниет койгон күндөр эле.

…Анда “Асабага” Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков жана Алым Токтомушевдер келе элек, бирок “Асабадан” Салижан Жигитов, Чоюн Өмүралиев, Калык Ибраимов кете элек учур болчу. Ошондо Мелис Эшимканов баш болуп Бакыт Орунбеков, Атай Алтымышев, Азимжан Ибраимов, Майрамбек Токторов, Жыргалбек Касаболотов “Асабанын” желегин желбиретип турган заманыбыз эле.

…Күн биз менен чыгып, күн биз менен кошо жылып, күндү биз батырып жаткандай сезчү элек. “Асаба” ак үйдүн түшүнө кирип, Чокчолой баатыр саясатчылардын түшүнө кирип турган бир укмуш шуулдаган, дуулдаган заман эле. Өзүбүздү гүлдүү талаада эркин ойногон кулун, тайдай сезчү элек. Эгемендиктин эйфориясына эс- мас элек. Эртең эле Кыргызстанды биз оңдоп ийчүдөй айбаттуу элек.

Эрнис Эшимканов менен ошондой оттуу, оңой эмес күндөрү тааныштык. Бою, өңү, түсү агасы Мелис Эшимкановго окшошкон менен, жан дүйнөсү, мүнөзү бир кыйла башкачараак, эрте токтолгондой түрү бар, дайым өзүн ой басып, ою маңдайында кат-кат болуп тургандай сезилген. Көзү тереңдикти же бийиктикти карап аткан мергендей бүшүркөп караган, көп угуп, аз сүйлөгөн, жапжаш жигит болуп туруп улгайган адамдын образына эртерээк өтүп алган сымак көрүндү мага. Мүнөзү, турган турпаты, адамгерчилиги, ишке болгон мамилеси баары мага жакты, бирок менден кичүү жапжаш бала болуп туруп, тамекини чалдардай эле түтөтөт экен. Ушуну бир жолу өзүнө айтып койсом, кабинеттен чыгып, менден уялганынан алыстап барып тамеки чекчү болду.

Кийин сырдаша келсек жаш баладай ишенчээк, тарс каткырганда улгайган жүзү заматта кичинекей баланыкындай ачыла түшкөн бала кыял экен. Жан дүйнөсү үлбүрөк, назик экенин ошондо баамдап баштадым.

Дегеле Эрнисти таанышар замат түшүнүү кыйын эле, эбин тапсаң бара-бара ачылат эле, эбин таппасаң эч убакта ачкычы табылбаган сандыктай жабылуу бойдон жүрө турган. Анан темасы да кызыктай болчу: Агутагава, Феллини, Шукшин, Куросава, Конфуций, Лао-цзы, Динара Асанова.

…Аларды да ал майдалап кичинекей эссе кылып жазчу. Экөөбүз бир гезитте, бир бөлмөдө бет маңдай отуруп иштештик. Дегеле бирөөнү жамандаган сөзүн укпаптырмын, а мындай касиет кыргыз журналисттеринде сейрек кездешет. Руханий интеллектиси терең эле.

… “Асаба” гезити эч убакта дарбазасына кара кулпу салынбаган, күндүр-түндүр кошуна-колоң каттай берген, майын сунбаса да чайы төгүлүп турган, босогосунан да, төрүнөн да адам үзүлбөгөн, кедей болсо да, жан дүйнөсү бай бир карапайым айылдык кыргыздын үйүнө окшош эле.

…Кээде сүрөтүн сатып, таралбаган чачы менен Рамис Рыскулов кирип келсе, кээде папкесин көтөрүп, кашкая каткырып Качкынбай Осмоналиев кирип келип, анда-мында өтүп баратып Жаныбек Жанызак жанытма кептерин айтып, эзели конституциялык реформа темасын бүтүрбөгөн Шералы Назаркулов чай ичкени келчү эле, айтор бизден келим-кетим үзүлчү эмес. Кээси эртең гезитке эмне чыгаарын бир күн мурун эле жарыя кылып ийер эле. Баарыбыз жашпыз, өрт кезек эле. Эч ким, эч качан коркчу эмес, кошомат да кылчу эмес. Ошондой бир күндөрү Эрнистин агасы Мелис Эшимканов менен эмгек жааматынын көзүнчө чарт-чурт боло түштүм (Кемин тоолору менен Ат-Башынын зоолорунда чагылган түшкөндөй болду. Мекенин да кыялы оңой эмес эле). Бир-эки сааттан кийин унутуп, иштин үстүндө болдук. Мени менен эки жылда бир урушса, жоопту катчы, досу Атай Алтымышев экөө ар аптада кыжыңдашчу. Ошол күнү мен кезметте экенмин, эртеси чыга турган санды басмаканага тапшырганы жөнөдүм. Мени Эрнис кошо ээрчип алды. “Учкундан” чыгып, троллейбуска түшөлү десем, “Жок, байке сүйлөшкүм келип жатат, жөө басалычы” деди. Ошентип, Орто-Сай базарына, андан ары Асанбайга чейин жөө келдик. Ар нерсени, адабиятты, поэзияны, кинону, искусствону, журналистика, журналистика факультетиндеги тың студенттерди сүйлөштүк. Демейде түнт, сөзгө сараң көрүнгөн Эрнис бул ирет негедир ачылып, чачылып жайдары болуп алыптыр. Асанбайга жетип, коштошуп жатып ушул жакын жерде эле жашайт го деп “Кайсыл үйдө жашайсың” десем, көрсө, ал такыр эле бөлөк даректе жашайт экен. Коштошуп жатып, “Сиз эми Мелис байкемдин мүнөзүн билесиз да, бирдеме болсо кечирип коюңуз, анан таарынып “Асабадан” кетип калбаңыз, сиз “Асабага” керексиз” деди.

Менден кичүү Эрнис ошол замат көз алдыма менден улуу көрүнө түштү. Көрсө, жан дүйнөсү таза, сезимтал, бала кыял, өзү адам көңүлүн оорутуп көрбөгөн, жан дүйнөсүндө тазалыкты жана аруулукту гана аздектеген Эрнис менин көңүлүмө кир кетип калды го деген ой менен “Асабадан” Асанбайга чейин дээрлик эки жарым-үч саат жөө басып, көңүлүмдү көтөрүп, болгону ушул сөздү айтайын деген экен.

“Эрнис Эшимканов кайтыш болуптур” деген суук кабарды укканда, эң ириде ушул окуяны эстедим. Эми элеси менин эсимде ушу бойдон калаар, балким.

Эрнис эрте кетти. Он гүлүнүн бири ачылбай кетти. Ал өзү эңсеген элге жаратам деген эң бийик, улуу шедеврин жаратпай кетти. Бирок, Эрнис иним мен үчүн адамгерчиликтин шедеврин көрсөтө алды. Эрнис иним, топурагың торко, түбөлүк уйкуң тынч болсун!

…Кайран күндөр, кайран “Асаба”,

…Кайран Мелис байке, …кайран Эрнис,

Эми силерсиз көп нерсе ээн калгандай сезилет.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ,

журналист, ЖК депутаты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.