Жогорку окуу жайлары менен коллеждерде окуу онлайн форматта болот

Жогорку окуу жайлары менен коллеждерде окуу онлайн форматта болот

Бул тууралуу бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, Жогорку жана орто окуу жайларында быйылкы жаңы окуу жылы онлайн форматта башталат. Мындай чечим Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынган. Окууда «Zoom», «Google classroom», MOODLE, «Academic Affairs», «Whatsapp», «Skype» тиркемелеринин, электрондук почтанын, Kirlibnet электрондук китепканасынын ресурстары колдонулат.

Маалыматка караганда, азыр ЖОЖдордун жана коллеждердин окутуучулары үчүн методикалык жана техникалык колдоо иштери уюштурулду. Министрликтин карамагында түзүлгөн Консультативдик кеңеш онлайн форматтагы окуу жараянын баалоо боюнча сунуштама иштеп чыкты. 17-августтан тартып онлайн окутууга даярдык боюнча сунуштамаларды вебинар аркылуу ЖОЖ жана коллеждердин өкүлдөрүнө тааныштырат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылы март айынан тартып онлайн форматка өткөрүлүп, аяктаган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.