«Замандаш» менен кимдер келатат?

«Замандаш» менен кимдер келатат?
Бүгүн, 19-августта, Бишкектеги «Шератон» мейманканасында «Замандаш” партиясынын курултайы болуп өттү. Курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан келген делегаттар катышты. Аталган партиянын лидери Жеңиш Молдокматов катышуучуларга ыраазычылык билдирип, “Замандаш” элдик партия экенин баса белгиледи.
Ошондой эле  башкы 11 талапкердин тизмеси жарыяланды. Ага төмөнкүлөр кирди:
1. Жеңиш Молдокматов
2. Мелис Турганбаев
3. Чынара Шейшекеева
4. Умбеталы Кадыралиев
5. Абдыкалыков Нурлан
6. Айсулуу Мамашова
7. Амракунов Мавлян
8. Имамидин Ташов
9. Элмурза Сатыбалдиев
10. Улукбек Ормонов
11. Алмаз Акматов
Эске сала кетсек,  Жогорку Кеңештин  VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Мыйзам боюнча, саясий партиялар 20-августка чейин жыйын өткөрүп, 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин БШКга бериши керек.
Салима САЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.