«Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКны соттон утуп алды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКны соттон утуп алды

Бүгүн, 9-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы доо арызы Бишкектин административдик сотунда каралды. Сот БШКнын чечими мыйзамсыз деп таап, жокко чыгарды. Чечим кечки саат 19:48де чыгарылды.

Аталган партиянын лидери Адахан Мадумаров судьяга жана тарапкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Эске сала кетсек, БШК 3-сентябрда жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» өз талапкерлерин аныктоодо эреже бузган» деп таап, каттоодон баш тарткан. БШКнын мындай чечимине нааразы болгон партия БШКны сотко берген.

Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.