Кой-Таш окуясы боюнча сот жылдырылды

Кой-Таш окуясы боюнча сот жылдырылды

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болуп, УКМКнын “Альфа” атайын түзүмүнүн аскерлери (“Р.Русланов” жана “С.Султанов” деген каймана аттар менен) көрсөтмө беришти. 

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, иш убактысы бүткөндүктөн сот 16-сентябрга жылдырган.

Эске сала кетсек, 2019-жылы 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайындагы үйүнөн аны кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, бир топ адам жаракат алып, полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, каза болгон. Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, эки жолу операция болгон. Ал Москвага дарыланганы кетип, өз алдынча басып, сүйлөп калган. Дарыланып жаткан Орусиядагы клиника коронавирус менен күрөшкө тартылып, обсервацияга айланып жатканына байланыштуу  ал 6-апрелде Екатеринбург аркылуу Бишкекке учуп келип, Кыргызстанда дарылануусун улантууда.

Кой-Таш окуясы боюнча жалпысынан 19 адамга айып тагылып, 14нүн иши сотко өткөн. Калган бешөөнүн иши тергөө менен кызматташууга макул болгондугуна байланыштуу өзүнчө тергелүүдө. Айыпталуучулардын арасында экс-президент А.Атамбаев, ЖК депутаттары А. Кодуранова, И.Карамушкина, экс-депутаттар Р.Жээнбеков, М.Мискенбаев, президенттик аппараттын мурунку башчысы Ф.Ниязов, КСДПнын расмий өкүлү К.Жолдубаева, УКМКнын кызматкери К.Сагымбаев жана башка башкалар бар.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.