Алтынай ТЕМИРОВА: «Мелис Эшимканов десе да, Эрнис Асек уулу десе да – “Асаба”, “Агым”, “Жаштык жарчысы” гезиттери эске түшөт»

Алтынай ТЕМИРОВА: «Мелис Эшимканов десе да, Эрнис Асек уулу десе да – “Асаба”, “Агым”, “Жаштык жарчысы” гезиттери эске түшөт»

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн, 15-сентябрь — кайын агам Мелис Эшимкановдун каза болгон күнү. Жолдошум Эрнистин агасынан айрылып, арман кылган күн. Бул кара күндү байым жыл сайын эстеп, жаман акыбалда болсо, бүгүн мен так ошондой абалда мелтиреп, сүрөттөрүн тиктеп, жаш кылгыртып олтурам…

Белгилүү жазуучу, драматург, акын Алтынай Темирова эжебиз да гений ага-ини тууралуу элестүү эскерүү жазыптыр.

90-жылдардын башында Москвадан Адабият институтун жаңы бүтүп келген элем. Шаарда “Жаштык жарчысы” деген ат менен узун элдин учуна, кыйла элдин кыйрына чагылгандай чарт этип дароо белгилүү болгон жаңы гезит жаралганын уктум. Ал, эң бир курч, бир чети романтикалуу келип, адабият-искусствого, бир чети унутулган кыргыз тарыхына, чыгыш руханий маданиятына тиш салып, хамелеон саясатты саймедиреп көзгө сайып, алгачкы акыйкатчыл гезит катары эл ичинде атагы таш жарып атканына таң калдым, кубандым, кызыктым.

Ал мурунку “Ленинчил жаш” жаштар гезитинин редакциясында анын ордун басып, жаңы атка консо да, түп-орду менен жаңыча көз караш, жаңыча стил, жаңыча жүзү менен даңазалуу болуп, эл арасында эң бир алгылыктуу, абройлуу, маңыздуу да эле. Андыктан, келер менен ошол гезитке ырларымды тандап бергеним эсимде.

Редактору Эрнис Асек уулун (Эшимкановду) андан бир жылдай мурун Москвага студенттердин күндөрүнө делегация менен келгенде бир көргөм. Ал кезде ал комсомол уюмунда иштейт деп уккам. Жекече сүйлөшүп деле көрбөгөм. Андыктан, ырларымды редакцияга почта менен салып жибердим беле, эсте жок. Ал кезде почта жакшы иштеп, шаар ичинде бир күндө эле жетчү.

Бир жумадан кийин жолдо өз иштерим менен баратсам аллеяда жапжаш, бирок, чоң кишидей олуттуу Майрамбек Токторов кезикти. Мени токтотуп: “Ырларың жакшы экен, кечээ планеркада талкууладык. Эмки жумада чыгат. Дагы кайрылып тур, ырларыңдан берип тур”, – деди. Аны да бир эле көрүп, көп жакшы тааный элегимден, кубанганымды да билдирбей, жылмайып, ооз учуман ыраазылык айттым. Бир жумадан кийин бир бетке ырым бажырайган сүрөтүм менен чыкканын киоскиден гезитти алып атып көрдүм.

Ал кезде, буга чейин “Ала-Тоо” журналына, “Литературная Кыргызстан” журналына бир нече беттен, “Кыргызстан маданияты” гезитине жарым беттен көп эле чыккандарым бир тең да, “Жаштык жарчысы” гезитине бир бет толо чыкканым бир тең болуптур! Ошо кездеги окурмандары да, тиражы да эң көп, элдин бүйрүн кызыткан, кызыктырган гезитке чыгып дароо элди дуу эттиргеним эсимде. Ошондон кийин да бир нече жолу жарым бет, бир беттен “Асаба” болгондо да чыгып атып, ал гезит менин сыймыгыма айланды. Кийин “Агым” аталганда да жакшы эле чыгыптырмын.

Антсе да, мен ошо бойдон эле Мелисти эң мыкты көрүнүктүү журналист-публицист, уюштургуч-жетекчи катары сыртынан гана билген бойдон калдым. Анткени, чыгармачылык жолдорубуз, багыттарыбыз да эки башка уланып, мен КТРКда, кийин Улуттук кырдрамтеатрда иштеп, чыгармачылык менен кызматтык милдеттердин тегирменинде тынбай айланып жүрүп убакыт кандай өткөнү, мезгил кандай учканы билинбей калды.

Бирок, бир айтып койчу нерсе – ошол 90-жылдардан баштап: “Жаштык жарчысы” – “Асаба” – “Агым” – деп, кандай аталса да, алар – Мелистин гезити делген бойдон: ошо мезгилдин, доордун накта барометри катары коомго, элге чоң кызмат кылды!.. Эң бир таасын жана ачык-айкын хроникалдык-документалдык жүзү менен элдин эсинде калып, тарых бетинде айкын из салды. Өткөөл мезгилдеги жашоо-турмушубуздун, мамлекетибиздин тагдырынын бир чоң үзүгү Мелис Эшимкановдун мыкты журналисттеринин арты менен гезит бетинде күзгүдөй таасын чагылдырылып калды. Ошо жылдардагы гезиттин архивин барактагандар муну даана көрүшөт.

Мен болсо, Эрнисти деле Мелисти билгенчелик чала тааныш бойдон, сыртынан “жакшы” билген бойдон калдым. Ошондонбу, алгач, журналистикада Эрнис Мелис агасынын көлөкөсүндө жүргөндөй сезилчү мага. Кийин көрсө, агасынан да ашып өтө таланттуу, өтө чыгармачыл инсан экендиги мага кеч билинди.

Бир сонун ырларды жазып, котормодо да белсене иштеген чеберчилиги, сөзгө кылдат, устат, идеячыл экендиги мага кеч ачылып, чоң жаңылык болду. Ал ушул таланттарынын баарын неге катып жүрдү экен деген ой туулат?!.. Бул тартынчаактыгы – атасындай сыйлаган агасынын алдында алдыга суурулуп чыгып, андан озуп кыйын болгусу келбеген салттык терең ызат-урматы, же тоолук кыргыздын тубаса ыкшоолугу десе да болгудай, табиятынан жөнөкөй кулк-мүнөзүдүр?..

Албетте, ички чөйрөдө, жакын адамдарынын арасында аны жакшы билишчи деңизчи, бирок коомчулукка эми чындап чоң таланты менен тааныларда кете бергени өтө өкүнүчтүү болду. Болбосо, “Конфуцийдин» насааттарын, М.Булгаковдун: “Мастер менен Маргарита” романын которгону өтө чоң, көрүнүктүү иш да!.. Ырлары да оригиналдуулугу менен ич жылытат.

Кантсе да, азыр эми: Мелис Эшимканов десе да, Эрнис Асек десе да – “Асаба”, “Агым”, “Жаштык жарчысы” гезиттери эске түшөт, же бул гезиттерди атаса, дароо ушул эки чыгаан, өзгөчө таланттуу бир туугандар эске келет!.. Алар, кыргыз журналистикасынын тарыхына буга чейин болуп көрбөгөндөй эч кимге окшобогон, өтө терең, уникалдуу өз издерин салып кетишти!.. Андыктан, бул гезиттердин жана бул залкар эки бир туугандардын чыгармачылык доору өзүнчө изилдөөгө татырлык зор эмгек!..

…Үч-төрт жыл мурун Бишкектеги Кыргыз драма театрынын фойесинде журналист Назира Саалиевага кезигип калган элем. Көптөн бери көрө элек экем. Жанында Эрнис да бар экен. Ошол күнү бир жаңы премьерага келишиптир. Мен коллективи менен келишкен го деп ойлосом: “Экөөбүз элебиз, эже. Эрнис жолдошум, баш кошконубузду уга элек белеңиз?”, – деди. Эрнис ыйбаа кылгандай жылмая учурашып ичине кирип кетти. Назираны “Кыргызстан маданияты”, «Бишкек таймс» гезиттеринде иштеп жүргөн кезинен таанысам да, кийин “Де-факто” гезитинде чогуу иштеп калып жакшы билгендиктен бир аз сүйлөшүп турдук. Жапакеч, дайыма жайдары, сергек мүнөзү бар, таланттуу журналист.

Азыр эми, Назира, маңдайына жазган сүйүктүү жубайы, бу жарыктан агасынын артынан аны кайталап, капыс эрте көчкөн Эрнистин мурастарын да жыйнап-терип, опол тоодой эмгек кылып атканы да өзүнчө чоң иш. Тагдырдын мындай тайгак жолунда Назирага чоң кайрат, чың ден-соолук жана ийгилик каалайм!.. Бар бол, ылайым!

Булак: «Alakan.biz»

P.S. Эрнис Асек уулунун агасын эскерип жазганын жана Мелис Эшимкановдун «Апаке, ыйлабачы!» ангемесин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.