Булекбаев Бишкекте “Баарына каршы!” акциясын өткөрөт

Булекбаев Бишкекте “Баарына каршы!” акциясын өткөрөт

Эки күндөн кийин Бишкекте «Баарына каршы!» тынчтык митинги өткөнү турат. Бул тууралуу Жашылдар партиясынын лидери Эркин Булекбаев Facebook баракчасына “Баарына каршы!» кыймылы Ала-Тоо аянтына 23-сентябрда, саат 12:00го “Баарына каршы” акциясына чакырат” деп билдирме калтырды.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. Үгүт иштери 4-сентябрда башталган. Ал эми «Баарына каршы» кыймылы шайлоочуларды алдыдагы парламенттик шайлоодо бир дагы партияга добуш бербегенге үгүттөп келет. Алардын пикиринде “парламентке олигарх, коррупционерлерди келтирбеш керек” жана ал үчүн шайлоо бюллетенине «Баарына каршы» деген жерге гана белги коюп шайлоону үзгүлтүккө учуратуу керек. А мыйзам боюнча, эгер бул белги эң көп добуш алса, анда шайлоо өткөн жок деп эсептелет жана бир ай ичинде БШК шайлоонун жаңы күнүн дайындайт. Бирок, мыйзамда азыркы шайлоого катышмакчы болгон партиялар кайталап шайлоого катыша албайт деген жобо жок.

Анткен менен 16 партияга теӊ каршы маанайды билдиргендер аз эместей…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.