Бүгүн айрым райондордо кар жаайт

Бүгүн айрым райондордо кар жаайт

Бүгүн, 28-сентябрда айрым райондордо кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Алдардын билдирүүсүнө караганда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз  Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.