Бюллетендеги белги (галочка) өчүп калабы?

Бюллетендеги белги (галочка) өчүп калабы?

Шайлоого чейинки үгүт иштери бүтөөрүнө саналуу күн калды. Шайлоо бюллетениндеги шайлоочунун тандоосу коюлчу белги боюнча ар кандай кеп кетүүдө, «өчүп калат экен» деп кооптонгондор да арбын. Элди түпөйүл кылган бул суроого БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова жооп берди, атүгүл текшерип да берди. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөӊүз болот.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. Үгүт иштери 4-сентябрда башталган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.