ВИДЕО — Арстан Алай президенттик шайлоого аттанды. Анын атаандаштары кимдер?

ВИДЕО — Арстан Алай президенттик шайлоого аттанды. Анын атаандаштары кимдер?

Президенттик шайлоого азырынча үч адам (Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев) аттанганы маалым болду. Алар кечээ, 31-октябрда, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз беришти. БШК айтымында, үчөө тең талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн.

Арстан Алай деген ким?

Алгач «Зима не будет» деген сөзү менен, акыркы учурда динге байланыштуу бир топ билдирүүлөрү менен таанымал болгон Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) ушуну менен президенттикке талапкерлигин үчүнчү жолу коюуда. 2017-жылы да президенттикке ат салышып, атаандаштары Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов менен дебатка чыккан.

Ал атбашылык, жогорку билимдүү, кесиби экономист. Жеке ишкер катары күйүүчү-майлоочу майларды сатуучу «Ауирдин» компаниясын негиздеген. «Элдик академия», «Эл үчүн» саясий партиясынын лидери. Кийинки күнү өзүн Кудай (бул тууралуу маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот — авт.) атап жүрөт. Ал сөзү үчүн ага кылмыш иши да козголуп, кайра токтотулган.

Орусия президенти Владимир Путинди «татаал биоробот», адамзатты «алааматтан сактоочу адам» атап коомчулукта бир топ сөз болгон. Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетиши керек деп былтыр байма-бай айтып чыкканы да бар.

2011-жылы, андагы «Азаттыктын» журналисти, бүгүн ЖК депутаты Жанар Акаевдин Арстан Алай менен болгон маегин төмөндөн көрсөӊүз болот.

Кубан Чороевчи?..

Арстан Алай менен кошо бир күндө БШКга арыз тапшыргандардын бири — Кубан Чороев.

К. Чороев да президенттик шайлоого экинчи ирет аттанып отурат. Ал 2017-жылы талапкер катары катталуу арызын берген, бирок БШК каттоодон баш тартып койгон. Бирок, күрөө үчүн берген акчасын кайтарып алган.

Экономист, жеке ишкер «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси.

Нышанов менен Мадумаров

«Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти Назарбек Нышанов да мурда да президенттикке өзүн көрсөтүп, бирок талапкер болуп катталбай калган. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да президенттик шайлоого экинчи жолу аттанып жатат. Ал шайлоого катышуу үчүн арызын жогорку талапкерлерден бир күн мурда — 30-октябрда берген. Ал да партия атынан эмес, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен баратат.

Садыр Жапаров да экинчи жолу аттанууда…

Президенттин милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров да 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан. Ал Жогорку Кеңешке мурунку чакырылышта депутат болгон. 2013-жылы «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, өлкөдөн сырткары чыгып кетип, кийин Кыргызстанга кайтып келатканда, кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ага «адам өмүрүнө коркунуч келтирүү», «барымтага алуу», «ээнбаштык», «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. 2018-жылы 11 жыл алты айга кесилген. 2019-жылы Жогорку сот ишин карап, аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал ушул жылдын 5-октябрынан 6-октябрга караган түнү тарапташтары аркылуу абактан бошотулган эле.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоонун шайтан оюнунан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Тагырагы, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон 12 партия 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында митинг өткөргөн. Анын аягы башаламандыкка айланып, Ак үй, УКМК басып алынып, бир топ саясатчылар абактан бошотулган. Алардын арасында Садыр Жапаров да болгон. Ал алгач соттон акталып, үч жолу премьер-министрликке талапкерлиги коюлуп, акырында 90 депутаттын колдоосу менен 34-премьер-министр болуп мыйзамдуу бекитилген (ага чейин кимдер премьер болгонун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот). Ал президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин 21-октябрда билдирип, 26-октябрда ачык жарыялап чыккан эле. Бирок, азырынча БШКга арыз бере элек…

Айтмакчы…

Президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленди. БШК президенттик шайлоого даярдыктарды, уюштуруу иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми талапкерлигин көрсөтүү мөөнөтү 14-ноябрда аяктайт. Андыктан президенттикке аттанган талапкерлер тийиштүү документтерин 15-ноябрга чейин тапшыруусу керек. Талапкер болуу үчүн эки жол бар: биринчиси — каалоосу, ниети, даярдыгы бар адам өзүн талапкер катары көрсөтө алат; экинчиси — кайсы бир партия өз талапкерин алып чыгат.

Билишибизче, азырынча талапкерлер өзүн-өзү көрсөтүп жаткандар тизмесин толуктап жатышат…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВИДЕО — Арстан Алай президенттик шайлоого аттанды. Анын атаандаштары кимдер?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.