Жөө баскан адамдарга акча төлөнө баштайт. Каякта, канчадан дебейсиңерби?..

Жөө баскан адамдарга акча төлөнө баштайт. Каякта, канчадан дебейсиңерби?..

Күнүнө 10 миң кадамдан жөө баскан жарандарга 3 миң сумдан (0,3 доллар) төлөнүп турат. Бул тууралуу Өзбекстан ММКсы жазып чыкты.

Алардын айтымында, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жаңы жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 1 сутка ичинде 10 миң же андан ашык кадам таштап баскандардын электрондук капчыгына 3000 сум которулуп турат. Мындан тышкары, айдын жыйынтыгы менен райондо же шаарда эң көп баскан тургунга 300 миң сум (28 доллар), аймакта көп баскан адамга 500 миң сум (48 доллар) жана республика боюнча эң көп баскан жаранга 1 миллион сумдан (100 долларга жакын) берүү каралууда.

«Сергек жашоо образы» аттуу платформа 2021-жылдын 1-мартына чейин иштелип чыгат жана буга мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт. Ал эми акция эрежелери жана жарандардын баскан кадамдары кандай эсептелери азырынча белгисиз.

Мирзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.