19-спикер болуп Мамытов шайланды. Ага Жапаров президенттик милдетти өткөрүп береби?

19-спикер болуп Мамытов шайланды. Ага Жапаров президенттик милдетти өткөрүп береби?

Бүгүн, 4-ноябрда, жашыруун добуш менен депутат Талант Мамытов 100 депутаттын колдоосу (бирөө каршы) менен спикер болуп шайланды. Ал ак, таза иштеп берээрин айтып, Канат Исаев менен Дастан Жумабековдун буга чейинки кылган иштерин баса белгилеп, баштарына калпак кийгизип, үстүнө чепкен жаап, ийгилик каалады. Ошондой эле ортодо убактылуу спикерлик кызматты аткарып берген депутат Мыктыбек Абдылдаевге да чепкен, калпак ала келгенин айтты. Бирок ал киши жыйынга катышкан жок…

Буга чейин Канат Исаев кызматтан кеткенин жарыя кылып, себебин да айткан эле.

Мыйзам боюнча….

Президенттин милдетин, эгер зарылчылык жаралса, мыйзам боюнча спикер аткарат. Мындай учур Конституциянын 68-беренесинде так жана даана көрсөтүлгөн. Ага ылайык, президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтогондо, жаңы президент шайланганга чейин президенттин милдетин Жогорку Кеңеш төрагасы аткарат. Эгер президенттин милдетин кайсы бир себеп менен спикер аткара албай турган болсо, анда ал милдет премьер-министрге берилет.

Бирок, Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартып койгон. Ошондон улам премьер-министр Садыр Жапаров президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан эле. Эми анын үзөӊгүлөш досу,  жакшы мамилелеш ишеничтүү адамы Талант Мамытов спикер болду, эми президенттик кызматты ага өткөрүп береби-жокпу, маселе мына ушунда…?

Спикерлик кызматка кимдер келип, кимдер кеткен?

Тарыхка кылчайсак, баарынан эсте калганы Ишенбай Кадырбеков болуптур. Себеби, ал 2005-жылдын 24-мартында, биринчи революциядан кийин спикер болуп, ал орунда ошол жылдын 14-апрелине чейин эле отурган. Андан кийин келген Муратбек Мукашев да тез эле кызматтан түшкөн. Андан кийин Өмүрбек Текебаев спикер болуп, андагы ажо Курманбек Бакиев менен аппарат башчысы Үсөн Сыдыков менен келише албай, аябай кармашканы эсибизде. “Эркек болсоң, асынып ал!” деп Бакиевге сын айта калам деп балээсине калган. Андан кийинки спикер Адахан Мадумаров болсо, депутаттарды “смокинг кийгиле” деп кыйнаган. Баарынан эсте калган спикердин бири бул Айтибай Тагаев болгон. Ал киши орус тилин жакшы билбегендиктен, орус тилиндеги жолугушуу-сүйлөшүүлөрдө дайыма жанында орус тилинен кыргыз тилине которгон котормочу отурчу…

Эми тизмеге өтсөк, сап башында «легендарлуу» атыккан парламенттин кадырлуу аксакал төрагасынын ысымы турат:

1.Медеткан Шеримкулов (1990 -1994)

2.Мукар Чолпонбаев (1995—1997)

3.Алманбет Матубраимов, (1995 — 1997)

4.Усуп Мукамбаев (1997 — 2000)

5.Абдыганы Эркебаев (1997 —2000)

6.Алтай Бөрүбаев (2000 — 2005)

7.Ишенбай Кадырбеков (24-март-14-апрель 2005-ж.)

8.Муратбек Мукашев (2005-ж.)

9.Өмүрбек Текебаев (2005-ж. —2006-ж.)

10.Марат Султанов (2006-ж. — 2007-ж.)

11.Адахан Мадумаров (2008-ж. — 2008-ж.)

12.Айтибай Тагаев (2008-ж. — 2009-ж.)

13.Зайнидин Курманов (2009-ж. — 2010-ж.)

14.Ахматбек Келдибеков (2010-ж. — 2011-ж.)

15.Асылбек Жээнбеков (2011-ж. — 2016-ж.)

16.Чыныбай Турсунбеков (2016-ж. — 2017-ж.)

17. Дастан Жумабеков (2017-ж. — 2020-ж.)

18. Канат Исаев (2020-жылдын 13-октябрынан 4-ноябрына чейин)

19. Талант Мамытов

Эске сала кетсек, Дастан Жумабеков спикерликке 2017-жылдын 25-октябрында шайланып, ушул жылдын 6-октябрында кызматтан кеткен. Анын ордуна ортодо убактылуу спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланган. Мыйзамдуу спикер болуп Канат Исаев 13-октябрда шайланган эле.

Айтмакчы, азыркы парламент накта «легендарлуу» атка конгудай жүрүштөрдү жасап жатышат… Дагы кандай «укмуштар» болуп кетет, көрө жатарбыз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.