Рысалиев Ак үйдү «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» оңдосун десе, Строкова чырылдады…

Рысалиев Ак үйдү «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» оңдосун десе, Строкова чырылдады…

«Республика-Ата журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев Ак үйдү «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» партиялары оңдосун деген сунушун бүгүн, 4-ноябрда, парламентте жа=ы төраганы шайлоо учурунда билдирди.

Ал жарыш сөзгө чыгып сүйлөп, Талант Мамытовго кайрылып: «5-октябрда аянтка жөнөкөй эл шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Дал ушул азыр спикерликке талапкерлиги коюлуп жаткан, сиз талапкер болгон «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» партияларынын 4-октябрдагы шайлоодо мыйзамсыз жеңип чыкканына каршы болуп, Жогорку Кеңештин имараты талкаланган. Мына, сиз азыр «бул имаратты оңдош керек» деп жатасыз. Аны элдин эсебинен эмес, башаламандыкка себеп болгон ушул үч партиянын эсебинен оңдойлу. Талант Турдумамбетович, сизге биринчи тапшырма. Сиздин калыстыгыңызды ушундан текшеребиз», — деди.

Евгения СТРОКОВА: «Мен «Биримдикте» болгонума уялбайм»

Анын мындай сунушуна каршы чыккан КСДП фракциясынын депутаты Евгения Строкова: «Мен “Биримдикте” (ушул партиянын тизмеси менен 4-октябрдагы шайлоого 4-катарда аттанган — авт.) болгонума уялбайм. Андыктан биздин партияны кемсинтүүнү токтоткула! Бардык партиялар акча беришкен, бирок ар бир талапкер эмес. Добушту силер сатып алгансыңар. Мен добуш сатып алууга бир да тыйын берген эмесмин. Кабинетимди оңдогонго акча бербейм!» — деп чырылдады.

Эки Жапаровдун пикиринде…

Белгилей кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда митингге чыгып, аягы башаламандыкка айланып, Ак үй басылып алынып, талкаланып, өрттөлгөн. Андагы чыгым 450 миллионду чапчыганын депутат Акылбек Жапаров билдирсе, президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров парламент менен президенттик администрациянын имаратын оңдоого 10 миллион сом кетээрин билдирген эле.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.