Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алат. Сатып алуу суммасы…

Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алат. Сатып алуу суммасы…

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров быйыл Кыргызстан Казакстандан 500 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып аларын кечээ, 5-ноябрда, Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Ал коңшу мамлекеттен электр энергиясын сатып алуу зарылдыгын Токтогул суу сактагычында суунун аз топтолгондугу менен байланыштырды: «Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында 14,7 млрд. куб метр суу топтолду. Бул былтыркыга караганда 2 млрд. куб метрге аз болуп жатат. Электр энергиясын камсыз кылыш үчүн, өкмөттүн буйругуна ылайык, Казакстан менен 300 млн. киловат саат электр энергиясына товар алмашуу болду. Ошондой эле 2020-жылдын аягына чейин Казакстандан баасы 2,4 америкалык центтен 500 млн. киловат саат электр энергиясын импорттоо боюнча чечим кабыл алынган».

Сатып алуунун суммасы…

Кыргызстан Казакстандан 500 млн. кВт-саат электр энергиясын сатып алары, эки тарап келишкендиги ушул жылдын 27-майында эле белгилүү болгон. Тагыраак айтканда, протокол даярдалып, ага Кыргызстандын Энергетика, өнөр жайы жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов менен Казакстандын экология, геология жана минералдык ресурстар боюнча вице-министри Ерлан Нысанбаев кол коюшкан. Ага ылайык, Кыргызстан сентябрдан тартып, жылдын аягына чейин Казакстандан электр энергиясын 1 кВт-саатын 2,4 центтен сатып алмак.  А жалпы суммасы 12 млн.долларды түзгөн.

«Электр станцияларынын» маалыматында…

Буга чейин «Электр станциялары» ишканасы Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу аз болуп жатканын Нарын дарыясына мөңгүлөрдөн келген суунун аз болгону менен байланыштырган. Алардын 27-майга карата берген маалыматында, Токтогул суу сактагычында 11,9 млрд. кубометр суу болгон; Токтогулдагы суунун көлөмү былтыр 13,5 млрд. кубометр болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч 15,2 млрд. кубометрди түзгөн.

Токтогулда суу сатылып жатабы? 

Электр энергиясынын 98%ына “Электр станциялары” ААК (кожоюн — мамлекет) жооптуу. Ага жети ГЭС, эки ЖЭБ тиешелүү. Эң ири ишкана — Токтогул ГЭСи, өлкөдөгү электр энергиясынын 30 пайызын өндүрөт. ГЭСтин кубаттуулугу — 1200 МВт. Токтогул суу сактагычынын тосмосунун бийиктиги — 215 метр, эни — 292 метр жана ал жерге 19 млрд. кубометр суу батат, бул Нарын дарыясынын агымын теске салууга, ошондой эле Сырдарыя алабындагы суунун таралышына таасир көрсөтмөй потенциал бар бизде.

Айтмакчы, биздеги изилденген, иликтенген-жиликтенген маалыматтар боюнча, гидроэнергетикалык станциялар жылына 14 миллиард киловатт саат электр кубатын иштеп чыгат жана бул тармакта өлкөнүн 140-150 миллиард киловат саат электр кубатын иштеп чыкчудай дарамет бар. Анткен менен өлкөдөгү энергетика абалына келгенде эле, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү сөз болот. Суу азайып кеттиби, тармак кризиске учурайт. Анан эле каатчылык учурунда “суу сатылды” деген кептер кетет да, бирок, ага көрүлгөн чара жок бойдон калып келет. Ачыгын айтканда, ушундай көйгөй тээ Акаевдин бийлигинен бери эле келе жатат жана энергетикалык көз карандылыктан кутулабыз деген аракеттер да ошол замандан бери арабөк абалда.

Маселен, эгемен замандын башынан бери сыдыргыга салсак, энергетика тармагында жалаӊ эле ыйлагыдай абал:

  • тунгуч эгемен президентибиз Аскар Акаевичтин тушунда карызга баткан энергетикалык ишканаларды убактылуу башкарууга — концессияга берүү ойлонуштурулуп, парламент аны болтурбай койгон;
  • 2005-жылдагы март ынкылабынан кийинки Курманбек Бакиевдин бийлигинде — энергетикалык компанияларды сатабызга чыгышты (атүгүл «Түндүкэлектро» жарыбаган 3 млн долларга сатылган); электр жарыгына тарифти, ГЭСтен чыккан электр энергиясынын өздүк баасы 5 тыйын болсо, элге жеткириш үчүн жогорку чыңалуудагы, төмөнкү чыңалуудагы линия деп отуруп 72 тыйындан 1,5 сомго кымбаттатышты; кийин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эки эсе аз делип, веердик өчүрмөйлөр башталды; Курманбек Бакиев «…биринчи кар жааганда эмес, кыш келген экен дебей, тезек болобу, көмүр болобу, азыртан даярдангыла» дей коюп, «тезек тердирмей» «саясаты» бийлик алмашууга чейин жеткирди;
  • анан өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын аз убакыт бийлиги тушундагы Камбар-Ата ГЭСинин ишке берүү аракети да кийин чала болуп чыкты, көп акчанын санагы чыкпай калды;
  • Алмазбек Атамбаевдин Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтерин курсак, чындап энергетикалык көз карандысыздыкка жетебиз, тээ Акаевдин заманында түзүлгөн Датка-Кемин деген бирдиктүү энергетикалык шакекче түзүү аракеттери деле майнапсыз чала иш бойдон калды…
  • Жээнбековдун заманы деле «Токтогулда суу аз» менен өттү, тарифтерди көтөрүүгө ыкыс берүүлөр болду…
  • эми убактылуу президент премьер-министр Садыр Жапаровдун өкмөтү, бийлиги да кыйла кыйынчылыкка камданып тургандай…

Кыскасы, энергетикалык байлыгыбыз жетиштүү туруп, өлкө кызыкчылыгына үнөмдүү, натыйжалуу, максаттуу керектөөнүн жоктугунан, энергетика тармагындагы көз боемочулук саясаттын, коррупциянын айынан шорубуз арылбай келатканыбыз келаткан…

Айтор, тезек тергиле дебесе эле болушту…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.