БАКАЙ АТАнын ак батасы: «Ыйык тут Манас ордосун, Оомийин Кудай колдосун!»

БАКАЙ АТАнын ак батасы: «Ыйык тут Манас ордосун, Оомийин Кудай колдосун!»
Ошентип күткөн күн келди. Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков жалпы элди, ааламды ынтымакка, биримдикке чакырып, 12 саат тынбай (эс албай, тамактанбай, ордунан жылбай, дааратканага да барбай) манас айтат.
«Демдин жетишинче, алдын келишинче узак убакытка чейин манас айтканга аракет кылам«, — дейт манасчыбыз.
Түнү менен (иш-чаранын уюштуруучусу белгилүү, тажрыйбалуу журналист Элнура Кулуеванын жетекчилиги алдында) даярдыктар жүрүп, айнектен жасалган боз үй тигилип, акустикалык аппараттар коюлду. Иш-чара саат 9:00дө башталат.

Улуу муун кыргыз жигиттери бир жакка аттанганда ак батасын берген. Манасчыбыз Дөөлөт Сыдыковго БАКАЙ Атанын ак батасын берип коелу.

 Айтулуу шумкар көздүү бол,

Адам таппас сөздүү бол.

Байсалдуу артык үзүлбөс,

Бак баштаган күчтүү бол.

Балага балтыр бешик бол,

Бакытка ачык эшик бол.

Улууну сыйлап жетик бол,

Кичүүгө өмүр кешик бол.

Аккан суунун шары бол,

Балбандардын алы бол.

Оорулууга дары бол,

Опол тоодой кары бол.

Кыдыр болсун жолдошуң,

Кыйың күн башта болбосун.

Ыйык тут Манас ордосун,

Оомийин Кудай колдосун»

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.