Мурдагы министр, профессор Каныбек Исаков 51 жашында каза болду

Мурдагы министр, профессор Каныбек Исаков 51 жашында каза болду

Бүгүн, 12-ноябрда, мурдагы Билим берүү жана илим министри, филология илимдеринин доктору профессор Исаков Каныбек Абдуваситович 51 жашында каза болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим  министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маркум Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында туулган. 1987-жылы Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшырган. 1988-1990-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1990-1993-жылдары кайрадан окуусун улантып, окуу жайды артыкчылык менен аяктаган.

Эмгек жолу:

– 1986 – Ноокат районунун Бел-Өрүк колхозу;

– 1993 – ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде окутуучу;

– 1997 – ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары болуп дайындалган;

– 1998 – ОшМУнун тарбия иштери боюнча ректорунун жардамчысы,

– 1999 – ОшМУнун ага окутуучусу;

– 2000 – ОшМУда коомдук тарбиялоо иштери боюнча проректор,

– 2002 – ОшМУнун кыргыз тил илими кафедрасынын доценти;

– 2003 – ОшМУда Коомдук иштер боюнча проректор;

– 2004 – Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти;

– 2005 – ОшМУда Коомдук иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор болуп дайындалган;

– 2006 – ОГПИнин ректору;

– 2011 – ОшМУнун ректору;

– 2011 – ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын профессору;

– 2019-жылдын 12-сентябрынан 2020-жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кызматын ээлеген.

Сыйлыктары:

– 2005 – КРдин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси;

– 2006 – Мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тили” медалы;

– Ч. Айтматов атындагы коомдук академиянын академиги;

– 2014 – Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы;

– 2016 – КМШнын Билим берүүсүнүн мыктысы;

– 2018 – Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери.

2019-жылдын 12-сентябрынан 2020-жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматында иштеген.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри жана жалпы жамааты Каныбек Абдуваситовичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Анын элибизге өтөгөн эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы эч качан унутулбайт.

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.