14 саат 27 мүнөт манас айткан Дөөлөт Сыдыковду Садыр Жапаров кабыл алды

14 саат 27 мүнөт манас айткан Дөөлөт Сыдыковду Садыр Жапаров кабыл алды

Бүгүн, 13-ноябрда, президенттин милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров 14 саат 27 мүнөт манас айтып ааламды таң калтырган манасчы Дөөлөт Сыдыковду сыймыктануу менен кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди.

Садыр ЖАПАРОВ: «Сиз жаңы рекордду гана жаратпастан, элди биримдикке чакырдыңыз»

«Кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарынын улуу дөөлөтү – бул «Манас» эпосу. Кыйын мезгилдерде Манастын образы манасчылык өнөр аркылуу кыргыз элине күч-кубат берет. Азыр ар бир адамдын мамлекеттин өнүгүүсү боюнча өзүнүн позициясы жана көз карашы, дүйнө таанымы бар, бирок Манаска келгенде баарыбыз бирбиз. Сиз жаңы рекордду гана жаратпастан, элди биримдикке чакырдыңыз. Сиздин чыгармачылыгыңыз – бул улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым«, — деди жолугушуу учурунда С.Жапаров.

Жолугушуу соңунда Садыр Жапаров Дөөлөт Сыдыковго баалуу белектерди тапшырып, ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-ноябрда, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков жалпы элди, ааламды ынтымакка, биримдикке чакырып (Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатта), 14 саат 27 мүнөт (эртең мененки саат 9:42де баштап, кечки саат 00:27де жыйынтыктады) тынбай (эс албай, тамактанбай, суу ичпей) манас айтып рекорд койгон.

Гиннес китебине кирген биздикилер…

  • 2018-жылы 11-мартта Бишкекте 1,5 миң килограмм көлөмдө даярдалып, 150 литрлик 12 тай казан орнотулуп жасалган бешбармагыбыз да Гиннес китебине кирген. Аны да Элнура Кулуева уюштурган. 
  • 90 жаштагы кадырлуу аксакал хирургубуз Мамбет Мамакеевдин ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз эмгектенип келе жаткан адис катары Гиннес китебине кирген.

Маалымат үчүн, Гиннес китебине киргизилчү рекорддор күнү жыл сайын ноябрдын орто ченинде өткөрүлөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “14 саат 27 мүнөт манас айткан Дөөлөт Сыдыковду Садыр Жапаров кабыл алды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.