15-октябрда бийликке келип, 15-октябрда кызматтан кеткен Сооронбай Жээнбековдун бүгүн туулган күнү

15-октябрда бийликке келип, 15-октябрда кызматтан кеткен Сооронбай Жээнбековдун бүгүн туулган күнү

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бүгүн, 16-ноябрь, — туулган күнү. 62 жашка чыкты. Туптуура бир ай мурун бийликти тапшырып берген. Тагдырдын тамашасын кара, мындан 2017-жылы 15-октябрда  президент болуп келип, 2020-жылы дал ошол күнү —  15-октябрда кызматынан кетти.

3 жыл мурун… Атамбаевдин батасы

Артка сереп салсак, 6 жыл Кыргызстанды башкарган Алмазбек Атамбаев андагы досу Сооронбай Жээнбековго тынчтык жолу менен тактыны өткөрүп берген.

2017-жылы 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланган. Ант берүү салтанаты Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясындагы «Энесай» үйүндө өткөн. Анда Алмазбек Атамбаев сөзүн жыйынтыктап жатып, Сооронбай Жээнбековго мындай деп батасын берген:

Оо, жараткан!

Кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта,

Душмандын жалаасынан сакта.

Дос көрүнүп кас болгондон сакта,

Жаныңда жүрүп өч болгондон сакта!

Берекет жаныңдан кетпесин,

Бак-дөөлөт башыңдан кетпесин!

Жолуң шыдыр болсун!

Жолдошуң касиеттүү Кыдыр болсун!

Жараткан ар дайым сени колдосун.

Аман бол, бактылуу бол, Соке досум!

Элибизге ак жолтой ажо бол!

Оомийин!

2020-жыл. 15-октябрь

3 жылдан кийин капысынан кызматтан кетти. Тарыхый бурулуш болду. Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин стабилдүүлүгүн, эл ынтымагын жогору коюп, кагылыштан кан төгүлүп кетүүсүнө жол бербей, 2020-жылы 15-октябрда, кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазып кетти. Тагырагы, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу нааразычылыктан, саясий кризистен улам президенттик кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Ал 15-октябрда чечим кабыл алып, арызын жазган. Ал арызы 16-октябрда, Жогорку Кеңеш жыйынында расмий жарыяланып, соңку билдирүүсүн жасаган.

Сооронбай Шариповичти ордуларынан туруп, кол чаап тосуп алган депутаттар, кол чаап жылуу-жумшак узатышкан…

Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытовдун кайрылуусу…

Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып бергенден бери Президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров аткарып калган. Ал президенттикке талапкерлигин койгону үчүн кызматын 14-ноябрда тапшырган. Мыйзам боюнча, спикер Талант Мамытов президенттин милдетин убактылуу аткарууда. Ал ошол эле күнү элге кайрылуу жасаган. Ал төмөндө:

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгилеген. Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга бардыгы 63 адам арыз берди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

2 thoughts on “15-октябрда бийликке келип, 15-октябрда кызматтан кеткен Сооронбай Жээнбековдун бүгүн туулган күнү

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.