Батареяга буту кыпчылган бойдон уктап калган бөбөктү куткарган Асыл Адамкулов

Батареяга буту кыпчылган бойдон уктап калган бөбөктү куткарган Асыл Адамкулов

ӨКМнын Басма сөз кызматы «Биздин каарман» аттуу рубрикасына өрт өчүрүүчү Адамкулов Асыл Дуулатовичти конокко чакырып, маектешиптир. Ал кызыктуу маекти биздин редакция (alakan.biz) да каармандын сүрөттөрү менен берип коюуну чечтик… 

— Асыл мырза, алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

— Мен 1987-жылы 11-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары Булак айылында төрөлгөм. Аскердик кызматты Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2007-жылы өтөп келгем. Беш бир тууганмын. Үй-бүлөлүүмүн, эки кыздын (уулусу 5 жашта, кийинкиси 2 жашта) атасымын, үчүнчүсүн күтүп жатабыз.  Учурда Жыйыл районунун Кара-Балта шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө өрт өчүрүүчү жана куткаруучу болуп иштеп жатам.

— Жумушуңуз сизге эмнеси менен жагат?

— Ишим жаккан үчүн 8 жылдан бери эмгектенип келатсам керек. 2013-жылы октябрь айында келгем. Бир жумушка кирип, ошол жерден орун алган деле ийгилик да. «Дарак бир жерден көгөрөт» дейтмен дагы ушул жерден өсүп, өнүгөм деген ойдомун. Мамлекетке, элге кызмат кылуу жакшы. Чынындакээде чакырууларга чыкканда адреналиниң көтөрүлүп, ырахат аласың. Кызматыбыз бүткөндөн кийин, элдер ыраазычылыгын айтып батасын берсебизге ошол дагы стимул болот.

Биздин иш бир эле өрт өчүрүү менен чектелбейт. Куткаруу иштерине да чыгабыз. Жол кырсыгы болгондо, эшик жабылып калганда жана издөө иштерин дагы алып барабыз. Негизинен, өрт өчүрүү жана ар кандай кырсыктарда куткаруу иштерин алып барабыз.

— Пандемия учурунда COVID-19га каршы кандай иш алып бардыңыздар?

— Менин 8 жылдык иш тажырыйбамда мындай эпидемиялогиялык учур болгон эмес, биринчи жолу болду. Биз жалпысынан дезинфекция иш-чарадарын  жүргүздүк, эл көп чогулган жерлерде, имараттын ичин, тышын залалсыздандырып жаттык. Андан сырткарыгуманитардык жардамдарды кабыл алуу, жерине жеткирүү иштерин аткардык. Бош убакта жумуштан сырткары, Кара-Балта шаарында “Жаңы муун” жаштар кыймылы бар, ошолор менен биргеликте медицина кызматкерлерине тамак ташып, жетишпеген аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк ташып жардам бердик.  

— Кыйналган учурда кесибиңизди алмаштырсам деген ойлор келеби?

— Ал жөнүндө ойлонгон эмесмин. Канча кыйынчылык көрсөк деле, ушул тандаган кесип менен аягына чейин иштейм деген ойдомун. Албетте, каза болгон адамдарды көргөндө башкача болосун. Жол кырсыгында адамдарды куткаруу же өрт учурунда кайтыш болгондорду көргөндө ойлонуп каласың. Канча жыл иштесең деле ар бир курмандыкты көрүп, моралдык жактан жабыркайсың. Анын баарын үйгө келгенде кыздарым аталап чуркап чыгышып, өпкүлөшсө эле унута түшөсүң.

«Медалдын эки жагы бар» дегендей, биздин жумуштун бир бети сыймыктуу, бир бети ушундай татаал, кооптуу. Кызматыбыз мамлекет тарабынан бааланып, ар кандай сыйлыктар менен сыйланып келебиз. Эң негизгиси, ак эмгек менен элдин ишенимине кирсек, ошол деле чоң жетишкендик, сыймык.

— Адам өмүрун куткаруу учурунда өз өмүрүңүзгө коркунуч келген учурлар болду беле? 

— Бир жолу өрткө чыгып калдым. Алоолонуп күйүп жаткан көп кабаттуу турак жайда бир киши бар деп кабар түштү. Аны издеп, такыр таппай койдум АСВ (аппарат сжатого воздуха) аппаратында кычкылтек аз эле калган, ашкана каралбай калган элеошону карайын деп барып издеп жатсамабам түгөнүп калды. Чыгайын десем эшик жабык, ага чейин жете албайм. Жалгыз терезеден чыгыш керек болуп калды. Эптеп терезеге жетсем, терезе ачылбайт, ал да бекип калыптыр. Убакыт аз, дем жетпей калды. Жерден кичирээк салмактуу бир нерсе издеп баштадым терезени сындырганга. Бир кезде эле колума эт майдалагыч (мясорубка) урунду, ошону менен терезени сындырып чыктым. Анан аягында баары бүткөндөэт туурагычты таап келип ээсине берип, терезесин сындырганым үчүн эжеден кечирим сурагам. Мен издеген киши эчак эле чыгып кетиптир.

— Эсте калган кызыктуу окуялар болсо керек?

— Бир окуя болгон. Кызыктуу эмес, бирок, эсте калаарлык десем болот. Түнкү саат 2.30дөн өтүп, чакыруу түштү, көп кабаттуу турак үйдүн экинчи кабатынын терезесинде бала турат деген. Дароо эле атайын автоунаабызга отуруп, жерине жетсек, экинчи кабаттын терезесинде, бөбөктүн жарым денеси сыртта жарым денеси турак үйдүн ичинде экен. Кеч болуп, терезеден апасын карайм деп, терезеге чыкканда батареяга буту кыпчылып, түшө албай калган. Ыйлай берип, шайы оогондо уктап калган окшойт. Ата-энеси үйүндө жок экен. Биз чочутуп албайлы деп, башынан сылап ойготуп, бутун чыгарып, кошуналарына жана ИИМ кызматкерлерине өткөрүп бергенбиз.

Бир адамды сактап калгандын өзү эле кандай эрдик. Бирөөнүн атасын, апасын, бир тууганын, жубайын сактап аларга өмүр бою кубаныч тартуулоо эң сонун. Биздин иш ушундай кооптуу, бирок, эр жигит үчүн сыймыктуу кесип. Келгиле иштегиле! Коркпогула! Иштеп, ак ниетиңерден кызмат кылып эл ишенимине киргиле!

Маектешкен Ахтита АНАРБАЙ кызы 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.