КТРКны жетектегенге 15 адам талапкер. Арасында Ырыс Окенова да бар…

КТРКны жетектегенге 15 адам талапкер. Арасында Ырыс Окенова да бар…

КТРК (Коомдук телерадиоберүү корпорациясы) жетекчилигине 15 адам талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңеши бүгүн, 19-ноябрда, билдирди.

Айтымында, талапкерлер документтерин жабык конвертте берген, ал кечээ (18-ноябрда) кечинде ачылган. Алар: Бахтияр Алиев, Сураган Босумбаев, Сталбек Дюшалиев, Замир Казакбаев, Үсөн Көлбаев, Кадырали Кошалиев, Эрнис Кыязов, Дүйшеналы Мамбетөмүрөв, Шайырбек Мукарамов, Ырыс Окенова, Абдыкадыр Султанбаев, Калыбек Тайтекев, Болотбек Тиллебаев, Алим Токторов жана Айбек Турдалиев…

Баары сынактын экинчи баскычына өткөн.

Белгилей кетсек, Байкоочу кеңеш 29-октябрда КТРК жетекчилигине  ачык сынак жарыялаган.

Талашка түшкөн кызмат…

6-октябрда бийлик алмашканда КТРКда да жетекчилик алмашкан. Ал убактагы жетекчи Жайнак Үсөн уулу өз арызы менен кызматтан кеткен. Байкоочу кеңеш чукул жыйын өткөрүп, башкы директорду  убактылуу шайлоо маселесин караган. Анда 4 кишинин (Байкоочу кеңеш мүчөсү Жылдыз Бакашова, башкы директор орун басары Жылдыз Уракунова, каналдын продюсери Мирлан Самыйкожо, мурда КТРКда иштеп кеткен, «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Чынар Капарова) талапкерлиги көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында, Жылдыз Бакашова башкы директордун милдетин аткаруучу болуп шайланган. Бирок, ал да 14-октябрда өз арызы менен кызматтан кеткен. Ошондон бери башкы директордун милдетин Бактияр Алиев аткарып келет…

Асылбек Жээнбековдун «кудачасы» ай…

Байкоочу кеңеште 15 мүчө бар, алардын бешөөсүн президент, бешөөсүн парламент, бешөөсүн жарандык коом сунуштайт. Сунушталган талапкерлерди парламент тандайт.

Анан… VI чакырылыштагы парламентти учурдагы бийлик «нотариусу», «пластилинден да жумшак», «кырдаалга жараша ийкемдүү, серпилгич» атыктырган көпчүлүк депутаттар тобу Байкоочу кеңеш боюнча былтыр да оюн көрсөткөн. Андагы Байкоочу кеңеш жетекчиси маркум Жыпар Жекшеев кызматынан өз арызы менен 13-ноябрда кетип, анын ордуна Байкоочу кеңешке мүчө кылыш үчүн депутат Асылбек Жээнбековдун «кудачасын» катуу сүрөшкөн. Атыркүл Сарыбаева деген ким экенин депутаттар эле жакшы билбесе, коомчулук аны тааныбаган эле бойдон калган. Айтмакчы, Атыркүл Сарыбаева 2018-жылы апрель айында да Байкоочу кеңеш курамын шайлоого катышып, алган добушу боюнча акыркы болуп өтпөй калган…

Эми Байкоочу кеӊеш да кезектеги «оюнун» көрсөтпөсө эле болду. Себеби, жакында эле — 5-ноябрда шайланган төрагасы, Өмүрбек Бабановдун «кол баласы» Кубат Болотканов да дасыккан, тажрыйбалуу «оюнчу»…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.