Маек — Арстан АЛАЙ: «Айтты-койду дебегиле, баары бир президент мен болом!»

Маек — Арстан АЛАЙ: «Айтты-койду дебегиле, баары бир президент мен болом!»

Арстан Алай Кудай болсо, анда эмнеге президентикке аттанып жатат?

«Арстан Алайдын ичине шайтан кирип кеткенби? Анткени «Кудаймын» деп өзүн атоо — бул өтө оор сөз. Эгер Кудай болсо, анда эмнеге президентикке ат салышып жатат? Кудайдан өткөн улук зат барбы? Эмнеге мындай жолго түшүп алды? Ушуну сурап бересиздерби?» деп Тынчтык Кубанычбек уулу  редакциябызга собол узатыптыр…

Эми бул суроо Арстан Алайга канча жолу берилип, канча жолу «кемчиликсиз улук зат Алла таалага» акаарат келтирген терс ой-амалдарды кылып,»акыйкат жолдон адашып» жүргөнү канча айтылып келсе да, Арстан Алай бардыгына жообу даяр болуп келатат. Архивди аӊтарсак, жогорудагы суроолорго да жоопту качан эле берип коюптур…

Архивден…

«Акыры президент болом» деп Арстан Алай 2012-жылы эле айтыптыр, «Де-факто» гезитине берген маегинде. Анда азыркыдай абалга качан, кандайча кирип кеткенин, «Зима не будет» деп атыкканына арданбастыгын, кайра сыймыктанаарын жана «Арстан Алай» атты ким бергенин айтып бериптир. Андагы ажо Атамбаев тууралуу айтканы төп келгенби?..

— Кечиресиз, сизди «копромат» менен байыган дешет го…

— «Аялын кытайларга салып берип» деппи? Бул дагы жалган маалымат. Кантип эле өз аялымды бирөөнүн койнуна салып берейин? Андай талабыма аялым да көнмөк беле?! Ал ушак чыккан жылы бир кытай биздин үйдө жашап, иштечү. Анан ал аялыма тийишиптир, жубайым даттангандан кийин мен аны урушуп, кууп жиберсем, ушундай ушак тараптыр. Эл чындыкка караганда ушакка ишенет эмеспи.

— Ат-Башыга командировкалап барып калдык. Ал жакта сиз жөнүндө жакшы пикир аз экен. Анын бирин айтсам, сиз бир кезде 5 маал намаз окуп, анан аны таштап, башка агымга өтүп кетипсиз. «Кудайдын каарына калган үчүн өйдө-ылдый сүйлөйт. Мойнуна шайтан минип алган» деп чечмелегендер бар экен…

— «Шаманга кирип жинди болуп калыптыр» деп айтып жүрүшкөндөрүн өзүм деле уккам. Бир кезде намазга жыгылып, соопчулук деп эки мечит салдырып, канча бир жыл Кудайды издеп жүрдүм. Көрсө, адашыпмын. Азыр мен башка чөйрөдөмүн, аны жашырбайм. Азыр менин эч нерсеге башым оорубайт. Учурда башка дүйнөдө жүрөм. Касиеттүү бир күч бар экенинп ишенем жана аны менен жашап келем.

— Тышкы бир байланышууларыӊыз бар экен. Деги ал ким? Ким менен кайсы маалда байланышасыз?

— Арбайлар менен көкүрөк байланыш кылам. Арбайлар учуру келгенде адамды кийип алып иштейт экен. Ал мага түнкүсүн келет, мени кийип алып иштейт. Өткөн-кеткенди, болуп жаткан учурда жана боло турган нерсени айтат, мен аны кагазга түшүрөм. Анан аны элге айтып чыгам. Ал туура чыгып жатпайбы. Туура чыкканын туйганы менен туура эмес түшүнгөндөр бар экен. «Мени көрүп берип коюӊузчу» деп ооруп келгендер да болот. «Көзү ачык болуп алдыӊбы? деп  сурагандар да бар. Мен көзү ачык эмесмин. Киши көрбөйм, дем салбайм. Менин көзүм эмес, көкүрөгүм ачык.

— Ичиӊизге кара күч орноп алганын балким байкабай калгандырсыз?..

— Жок андай эмес. Кара эмес, касиеттүү күч. Арий мага бала кезде эле келген экен, балалык менен байкабай калыпмын. Моюнга алганыма бир-эки жыл болду. «Арстан Алай» деген атты мага арийлер берген. Бул касиеттүү күчтөн качып кутула албайсыӊ. Качып кутулам деген адам кырсыкка учурайт. Көрөсүӊ го, акыры шаманчылык жеӊет. Анткени ал бирөөгө дух берет. Арий мага дух берип койду эле, мен анын сөзүн элге тараттым. «Сенин сөзүӊдү эл айтып, сүйлөп кала турган заман келет» деген. Келди.

— Мисалы?

— Мисалы, «Зима не будет» деген сөзүм ааламга тарады. Азыркыга чейин эл оозунда айтылып келет, туурабы? Куудулдар сахнага чейин алып чыгышты. «Зима не будет» деген сөзүмө терикпейм, кайра сыймыктанам. Билген кишиге «не будет» деген сыйкыр сөз жер шарына кетти. Бу сөздүн түпкү маӊызын эл туура эмес түшүнүп алды. Мен «Кыргызстанда эмес, Батыш өлкөдө кыш болбойт, суу каптайт» деген элем. Ошондой эле болду го. Бул бир. Экинчиден, адамдын көкүрөгүндө кыш, муз болбосун, ниетибизди оӊдойлу деген тилекте айткам. Аны түшүнбөй, аны кайра күлкүгө айлантышты. Ниетибизди оӊдобосок, оӊолбойбуз.

— Кыргыздар ойгоно электе Москвага барып орустарды ойготмок болгонуӊуз кандай? «Путин — биоробот» деген ураан менен Кремлдин алдына, кышында үч киши менен чыктыӊыз го. Кандай максат менен?

-«Россияне! Разбудитесь! Путин код — кут Золотой Эры, он сложный биоробот, он спасет человечество!» деген ураан менен Кремлдин алдына чыкканым чын. Мен жөндөн-жөн чыга бербейм. Ал сөздү да арий «айт» деди, айттым. Кыргыздар да, орустар да арийлердин канынан жаралган. Кыргыздар Путинге эмнеге жармашып жатат? Эмнеге Москва районундагы чокуга атын беришет? Анткени алар дүйнөнү Путин гана сактап каларын билип жатышат. Арбайлар жаӊылбайт. Мисалы, 2013-жылы адамзат кандай болорун мага айтышкан, мен билем. Жерге бейиш орнойт. Байлар банкрот болуп, тозок күнүн көрөт. Элден сот чыгып, байларды кулакка тартат. Бул сапар бийлик өзүн-өзү жейт. «Эл Акаев, Бакиевди кечирсе да, Атамбаевди кечире албайт. Анткени ал жети атасы кечирилгис иш жасайт» деп арбай айтып жатат. Мен ошондон чочулап атам, анчалык эмне иш кылат болду экен деп. Жантөрө Сатыбалдиев жакында кызматтан кетет, болгондо да Алмаз Атамбаевди кошо алат кетет. Мамлекетти башкача башкарыш керек. Кыргызга туура жол көрсөтүп, багыт, дух бериш керек. Айтты-койду дебегиле, баары бир президент мен болом!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Де-факто» гезити. 2012-жыл, №46

P.S. Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) президенттикке талапкерлигин быйыл үчүнчү жолу коюуда, талапкер катары өзүн-өзү көрсөтүп жүрөт. Ал 31-октябрда БШКга арыз берген. Кийинки күнү өзүн Кудай (бул тууралуу маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот — ред.) атап чыгып, ал сөзү үчүн ага кылмыш иши да козголуп, кайра токтотулган.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.