ФИНПОЛ: «Мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду»

ФИНПОЛ: «Мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду»

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) мурдагы вице-премьер-министр,  Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашевге карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда, аталган мекеменин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Т.Сарпашевге «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө версиясы боюнча, ал жогорку кызматтарда турганда көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөткөн эмес. Сотко чейинки өндүрүш алкагында ал суракка чакырылат.

Белгилей кетсек, 12-ноябрда, Т.Сарпашевдин үйү тинтүүгө алынганы маалымдалган.

Тайырбек САРПАШЕВ: «Менин Токтогулда гана жерим бар, шаарда жерим жок»

Эске сала кетсек, 2017-жылы Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге Максим Бакиевдин Скрябин 45 көчөсүндөгү жер тилкеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал боюнча комиссия түзүлүп, Тайырбек Дүйшекеевич Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан убактылуу өз каалоосу менен кеткен. Ошол учурда ага бир топ суроолор менен кайрылып маек курганбыз. Андагы маекти бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.