Кааласак, каалабасак да, Улукбек Марипов 36-премьер-министр болду. (Тизме)

Кааласак, каалабасак да, Улукбек Марипов 36-премьер-министр болду. (Тизме)

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду. Ал бүгүн, 3-февралда, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен премьер-министр болуп дайындалып, парламентте президенттин, депутаттардын алдында ант берди…

Ошентип, 36-премьер-министрлүү болдук…

Бул кызматта 2-5 күн отургандар ким эле?..

Өлкөбүз эгемен болгондон бери 30дан ашык Өкмөт башчылуу болуптурбуз. Өзгөчө Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин бийлигинде бир жылда эле кадр алмашуу аябай болуптур. Алардын ичинде 2 күн, 5 күн премьер болуп кеткендери да бар. Аларды төмөнкү тизмеден караңыз. 

  1. Жумагулов Апас Жумагулович (1991-ж.ж.);
  2. Исанов Насирдин (1991-ж. 21- январдан 29-ноябрга чейин);
  3. Иордан Андрей (1991-1992 –ж.ж. премьер-министр милдетин аткарган);
  4. Чынгышев Турсунбек (1992 -1993-ж.ж.);
  5. Матубраимов Алманбет (1993 –ж. премьер-министр милдетин аткарган);
  6. Жумагулов Апас (1993 –1998-ж.ж.);
  7. Жумалиев Кубанычбек (1998-ж. 14-марттан 23-декабрга чейин);
  8. Силаев Борис (1998-ж. 23-25-декабрга чейин премьер-министр милдетин аткарган);
  9. Ибраимов Жумабек (1998-1999-ж.ж.)
  10. Силаев Борис (1999-жыл);
  11. Муралиев Амангелди (1999-жылдын 12-21-апрелге чейин премьер-министрдин милдетин аткарган)
  12. Курманбек Бакиев (1999- 2000-ж.ж.);
  13. Танаев Николай (2000-2002-ж.ж.);
  14. Бакиев Курманбек (2002-2005-ж.ж.);
  15. Кулов Феликс (2005-2006-ж.ж.);
  16. Исабеков Азим (2006-2007-ж.ж.;)
  17. Атамбаев Алмазбек (2007-ж. 29-мартка чейин);
  18. Айдаралиев Искендербек (2007-жылы 29-ноябрдан 24-декабрга чейин);
  19. Чудинов Игорь (2007-2009-ж.ж.);
  20. Үсөнов Данияр (2009-2010-ж.ж.);
  21. Отунбаева Роза (2010-жылдын 7-апрелинен 17-декабрга чейин Убактылуу Өкмөт төрайымы);
  22. Алмазбек Атамбаев (2010-2011-ж.ж.);
  23. Бабанов Өмүрбек (2011-ж. 4-сентябрынан 14-ноябрга чейин премьер-министр милдетин аткарган);
  24. Бабанов Өмүрбек (2011-2012-ж.ж.);
  25. Карашев Аалы (2012-ж. 1-сентябрынан 5-сентябрына чейин премьер-министр милдетин аткарган);
  26. Сатыбалдиев Жантөрө (2012-2014-ж.ж.);
  27. Оторбаев Жоомарт(2014-2015-ж.ж.);
  28. Сариев Темир (2015-2016-ж.ж.);
  29. Жээнбеков Сооронбай (2016-ж. 13-апрелинен 2017-ж. 22-августуна чейин);
  30. Мухаммедкалый Абылгазиев (2017-ж. 22-августунан 25-августка чейин премьер-министр милдетин аткарган);
  31. Сапар Исаков (2017-2018-ж.ж.);
  32. Мухаммедкалый Абылгазиев (2018 — 2020-ж.ж.);
  33. Кубатбек Боронов (2020-жылдын 16-июнунан 6-октябрына чейин);
  34. Садыр Жапаров (2020-жыл, 10-октябрь…)
  35. Артём Новиков (2020-жыл, 15-ноябрда баштап премьер-министрдин милдетин аткарган)
  36. Улукбек Марипов (2021-жыл, 3-февраль)

Ой, ким бул ой?

41 жаштагы Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн. Ал мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын отличниги.

Эмгек жолу:

1997-2001 — «Кызыл Кетмен» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

2001-2002 — КР Каржы министрлигинде жетектөөчү адис.

2002-2003 — Каржы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы.

2003-2005 — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы.

2005-2006 — Жогорку Кенештеги депутаттын консультанты.

2006-2008 — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө эксперти.

2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор.

2010-жыл — КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси.2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин – КР өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор.

2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин КР президентинин жардамчысы.

2015-жылы КР президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары.

2016-жылдан бери Эсептөөө палатасынын төрагасы.

ПыСы. Жаштар, жаштар деп жаттык эле… жаштардын дүбүртүн тыӊшап көрөлү эми…

2 thoughts on “Кааласак, каалабасак да, Улукбек Марипов 36-премьер-министр болду. (Тизме)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.